30-майда Бишкек шаардык соту Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттыктын" сайтын бөгөттөгөн чечимине каршы радионун адвокаттарынын арызын карап, аны канааттандырган жок. Адвокаттар министрликтин 2022-жылдын 26-октябрдагы радионун сайтын бөгөттөө чечими одоно мыйзам бузуулар менен коштолгонун жүйө келтирип, сотко кайрылган.
"Сайтты бөгөттөөгө негиз болгон эмес..."
Арызды Болотбек Сатыбалдиев төрагалык кылган шаардык соттун коллегиясы карады. Соттук жараянда "Азаттыктын" адвокаты Акмат Алагушев Маданият министрлигинин медиа мекеменин сайтын бөгөттөө чечими одоно мыйзам бузуулар менен коштолгонун, жагдайды ишти буга чейин караган Административдик сот эске албаганын билдирди.
Анын айтымында, министрлик таянып жаткан "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамдын да бир нече нормалары бузулган.
"Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамдын 3-беренеси толугу менен бузулган. Мыйзам боюнча адам же уюм "кадыр-баркыма шек келтирди", "ишкердик беделим тебеленди" деген арыз менен Маданият министрлигине кайрылышы керек. Бул ишти кароого башка негиз жок. Бирок эч ким мындай арыз жазган эмес. Демек, ишти карап, "Азаттыктын" сайтын бөгөттөөгө негиз болгон эмес”.
Министрликтин өкүлдөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу жөнүндө материал өчүрүлбөгөндүктөн, сайтты бөгөттөө улантылып жатканын айтып келет.
Министрлик “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө тууралуу чечимди былтыр 26-октябрда чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материал негиз болгону маалымдалган.
Дагы караңыз "Бүгүн "Азаттык", эртең ким?". Сөз эркиндигинин абалы талкуудаМындан кийин "Азаттыктын" банктагы эсеби бөгөттөлүп, көп узабай Маданият министрлиги маалымат каражатынын ишмердигин токтотуу боюнча сотко арыз жазган, аны быйыл 27-апрелде Ленин райондук соту канааттандырган.
"Азаттыктын" адвокаты Нурбек Сыдыков бул иш боюнча 18-майда Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жазылганын айтты.
"Азырынча Бишкек шаардык соту биздин арызды кабыл алдыбы же жокпу белгисиз. Мыйзам боюнча, биздин даттануубуз арыз кабыл алынгандан кийинки эки ай ичинде каралышы керек. Адатта, шаардык соттогу жараяндар көпкө созулбай, тез эле каралат. Акыркы соттон кийин биз туура чечим алуу кыйын болуп жатканын көрүп атабыз. Азыр биздин жүйөлөргө көңүлкош мамиле болуп жатат. Бирок "Азаттык Медиа" коргонуу аракеттерин акыркы соттук инстанцияга чейин колдонот".
"Азаттыкка" байланыштуу сотто каралып жаткан үчүнчү иш мекеменин бөгөттөлгөн банк эсебине тийиштүү. Медианын “Демирбанктагы” эсебине бөгөт коюлганы былтыр 31-октябрда белгилүү болгон.
15-ноябрда Финансылык чалгын кызматы “Азаттык Медиа” “Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катышы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине” киргизилгенин, буга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин каты негиз болгонун расмий кабарлаган.
Бирок “Азаттык Медиа” бул тизмеден чыгарылганын, ошондуктан ишти кароого негиз жок экенин Финансылык чалгын кызматынын өкүлдөрү 28-декабрда билдирген. Буга карабастан банк эсеби алигиче ачыла элек. Эсеп Ички иштер министрлиги козгогон кылмыш ишинин алкагында бөгөттөлгөнү белгилүү болгон.
Аталган иште “Азаттык Медианын” юридикалык макамы беймаалым. Толук маалыматты ИИМ кылмыш ишинде “жашыруун” грифи бар деген негизде бербей келет.
“Азаттык Медиа” банк эсеби негизсиз бөгөттөлгөнүн жана мекемеде иштеген кыргыз жарандарынын, кызматкерлердин укуктары бузулуп жатканын белгилейт. Бишкек шаардык соту бул ишти кайра кароо үчүн административдик сотко кайтарган.
Дагы караңыз "Фейк" мыйзамын комитет өзгөрттү, чечим парламентте"Азаттыктын" иши: сөз эркиндигине кысым
Бир катар эл аралык уюмдар “Азаттык Медиа” мекемесин жабуу боюнча соттун чечимин айыптап, кыргыз бийлигин сөз эркиндигине басымды токтотууга чакырган. Ушундай эле пикирди бир катар саясатчылар менен коомдук ишмерлер айтып чыгышкан.
Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (Committee to Protect Journalists - CPJ) “Азаттык Медианын” ишмердигин токтотуу тууралуу сот чечимине тынчсыздануусун билдирип, “Азаттыкты” жабуу - көз карандысыз маалымат каражаттарына коркунуч туудурарын белгилеген.
Эл аралык Amnesty International (AI) уюму да Кыргызстандын бийлигин “Азаттыкты” соттун чечими менен жабуу аракетинен баш тартууга чакырып келет. Уюм журналисттерди жана бийликке сын айткандарды куугунтуктоону токтотууга үндөп, сөз эркиндиги сакталышы керектигин билдирген.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Парламенттик ассамблеясынын Демократия, адам укуктары жана гуманитардык маселелер комитети да “Азаттык” радиосун жабуу тууралуу соттун чечими өлкөдөгү көз карандысыз маалымат каражаттарына кедергисин тийгизерин эскерткен.
Журналист жана саясий серепчи Турат Акимов ЖМКлар туш-туштан басымга кабылып, цензура күчөгөнүн айтууда.
“Бийлик Кемпир-Абад, Кумтөр, Дубайдагы президенттердин жолугушуусу өңдүү опурталдуу темалардын коомчулукка чыгышын каалабайт. Ушундан улам "Азаттык" өңдүү көз карандысыз медиаларга кысым күчөп атат. Сөз эркиндиги жок болуп баратат. ЖМКлар туш-туштан басымга кабылууда. Ошол эле маалда президент аны колдогон блогерлер менен жабык эшик артында, тымызын жолугушуу уюштуруп атат. Бул деген ачык-айкын саясаттын жоктугунан кабар берет. Бул - чылгый цензура. Бийлик алмашканда бул иштердин бети ачылып, анын артынан күнөөлүүлөр аталат. Ошондо азыркы бийлик өзү эле сөз эркиндигин издей баштайт. Ал ортодо эл жалаң ушак менен жашап, ачык маалымат жок, мамлекет кайсы багытта баратканынан кабарсыз калат. Эл укуктары бузулуп, үндөрү бийликке жетпей жатканын жон териси менен сезгенде, бул чоң саясий каршылыкка алып барат”.
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 3-майда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын жана бул өлкөнүн Мамлекеттик департаментинин "Азаттык" боюнча кайрылуусуна жооп берип жатып, "сөз эркиндигине жана эркин медиаларга эч кандай чектөө жок" деген.
“Кыргызстан ачык-айкын, эркин өлкө. Бизде сөз эркиндигине жана эркин медиаларга эч кандай чектөө жок. Өлкөбүздө ар бир жаран өз пикирин ачык айтууга толук укуктуу жана алар ушул укугун толук пайдаланат. Бардык уюмдар ушундай укуктарга ээ. Бир гана шарт, өз ишмердигин мыйзамдарды так сактоо менен жүргүзүшү зарыл. Андыктан аталган билдирүүлөр орунсуз жана негизсиз деп эсептейбиз жана биздин ички иштерибизге кийлигишпөөгө чакырабыз”.
Дагы караңыз FH: Кыргызстан автократияга оодуЖакында эле ЭлТР мамлекеттик телеканалы көз карандысыз "ПолитКлиника" медиасын сотко берип, моралдык зыян катары 10 миллион сом талап кылган. 17-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту бул жараянды 6-июнга жылдырды.
23-майда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Вечерний Бишкек" басылмасынын көз карандысыз Kaktus.media басылмасына каршы доо арызы жарым-жартылай канааттандырылды.
Натыйжада, кабарчы 500 миң сом, "Промедиа Плюс" коомдук фонду (басылманын ээси) 500 миң сом төлөөгө милдеттендирилди, мындан тышкары 700 сомдук мамлекеттик пошлина төлөө талабы да коюлду.
Мындан тышкары бир катар блогерлер суракка чакырылып, айрымдары камакка алынган.
Мыйзамды жумшартуу аракети ишке ашкан жок
31-майда парламентте "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоор биринчи окууда жактырылган жок.
Демилгечилердин бири депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорду жактап жатып, учурдагы мыйзам фейктер менен эмес, ЖМКлар менен күрөшүү үчүн иштеп жатканын белгиледи.
"Азыр бир киши тууралуу жалган маалымат жазылса, ал Маданият министрлигине арыз жазат. Маданият министрлиги "жалган маалымат жазылды" деп тапса, сайт 24 саатта ал кабарды алып салууга милдеттендирилет. Бирок бул норма Административдик кодекске каршы келет. Биз сунуштап жаткан өзгөртүүлөр мындай: кимдир бирөө министрликке кайрылса, министрлик арыздануучуну да, сайттын өкүлүн да чакырып, ишти карашы керек. Эгерде маалымат чындап эле жалган болсо, аны үч күн ичинде алып салгыла деген тыянак чыгарат. Сайттын ээси Административдик кодекстин негизинде сотко кайрылууга укуктуу. Азыр сайттын ээси чакырылбайт, ал жабуу боюнча чечим чыкканынан кабары да жок болуп атат. Менимче, бул мыйзам таптакыр жокко чыгышы керек. Бирок буга эч ким жол бербесин түшүнүп турам. Азыр учур ушундай. Жок дегенде, кайчы пикирлерди алып салалы деп турабыз".
Депутат Балбак Түлөбаев бул мыйзамга журналисттердин гана эмес, блогерлердин да жоопкерчилигин киргизүүнү сунуштады.
Ал эми Шайлообек Атазов"сунушталган өзгөртүүлөр кыргыз элине каршы иштейт" деген пикирин айтты.
"Эмне үчүн Конституцияда адамдын ар-намысы тебеленбеши керек деп жазылып турат, ал эми бул мыйзамда адамдын ар-намысы тебеленип жатса да, жалган маалымат үч сутка илинип тура берсин деп жазылып турат? Сабырдуу адамдар ар-намысы тебеленсе да жүрө берет экен. Бирок кээ бирлер инсульт болуп калып атат. Силер чет өлкөнүн тыңчылык мыйзамдарын кыргыз коомуна киргизбегиле! Силер кыргыз улутунун намысын тебелеп атасыңар!".
Депутат Мирлан Самыйкожо соцтармактардагы фейк-аккаунттар көзөмөлдөнбөй, алар тараткан жалган маалыматтар журналисттердин ишине көө жаап жатканын айтты.
"Биз Кыргыз Республикасынын аймагында катталган сайттарды гана көзөмөлдөй алабыз. Ал эми социалдык тармактар башка мамлекеттердин юрисдикциясына киргендиктен, биз аларга, тилекке каршы, чара көрө албайбыз", - деди маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу
Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева да соцтармактарда тарап жаткан "ыплас маалыматтарды өчүрүүгө техникалык мүмкүнчүлүктөр жок экенин" айтты.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Гүлшат Асылбаева автор болгон “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам коомдогу талаш-тартыштарга жана каршылыктарга карабай, 2021-жылдын август айында кабыл алынган. Мыйзамды аткаруу милдети Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөн.
Блогерлер жөнүндө мыйзам кабыл алуу сунушу
Ал тапта Жогорку Кеңештин 31-майдагы жыйынында айрым депутаттар өлкөдө блогерлердин иштөө тартибин аныктаган мыйзам керек экенин билдиришти. Алар соңку учурларда айрым блогерлердин аракети аша чаап жатканын айтышты.
“Блогерлер журналисттер сыяктуу эле бир тартипте мамлекеттик органдарга жана жеке ишкерлерге кайрылганда, этика менен кайрылышы керек. Ошонун негизинде элге маалыматын бериши керек”, - деди депутат Балбак Түлөбаев.
Ал айрым блогерлер "мамлекеттик ишканаларга түз кирип барып, андан контент даярдап жатат" деп сындады. Бир катар депутаттар блогерлер менен журналисттердин айырмасын так жазуу керек деген маселе көтөрүштү.
Президенттин администрациясы даярдаган "Жалпыга маалымдоо каражаттары" жөнүндө мыйзам долбоорунда 5 миң катталуучусу бар социалдык тармактын колдонуучусуна кошумча талаптар коюлары жазылган. Ал жобо медиа коомчулуктун сынынан кийин алынган.
Ютубда Ыдырыс Исаков, Улукбек Карыбек уулу, Умар Даданов сыяктуу блогерлердин ар кандай темаларда жасаган видеолору коомчулукта дайыма талкуу жаратууда. Соңку учурда бир нече блогерлер суракка чакырылып, кылмыш иши козголуп, камалып чыккан, азыр абакта жаткандар дагы бар.
Кыргызстанда блогерлер жөнүндө мыйзам жок.