Президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын жетекчиси Мурат Укушов III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды.
62 жаштагы юрист өлкөдө болгон конституциялык реформалардын дээрлик бардыгына катышкан. Тунгуч президент Аскар Акаевдин бийлиги тушунда бир катар кызматтарда иштеп, 2010-жылы Убактылуу өкмөт түзгөн Конституциялык кеңешмеге да мүчө болгон. Учурда “сөз эркиндиги, бейөкмөт уюмдарга кысымды күчөтөт” деп сынга кабылган мыйзам долбоорлорунун негизги авторлорунун бири.
Укушов жазган чуулуу долбоорлор
Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, президенттин администрациясынын жана Министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов “Кыргызстандын конституциялык негиздерин реформалоого кошкон салымы жана үзүрлүү мыйзам жазуу ишмердиги” үчүн III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды. Сыйлыкты мамлекет башчы Садыр Жапаров 5-майда Конституциянын 30 жылдыгына байланыштуу иш-чарада тапшырды.
Бул окуя кезектеги сыйлыктардын бири болмок. Бирок Укушовдун соңку мезгилдеги демилгелери жана анын дарегине айтылган сын-пикирлер бул окуяга көңүл бурууга негиз болду.
Себеби, президенттик администрациянын башкы юристи саналган Укушов акыркы кездерде талкуудан түшпөй келаткан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жана “Коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө” талаштуу мыйзам долбоорлорунун негизги авторлорунун бири.
Биринчи маалымат каражаттарына байланышкан документке токтолсок. “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” долбоорду президенттин администрациясы 2022-жылы сентябрда коомдук талкууга чыгарган. Документ сөз эркиндигин чектейт деген сын-дооматтан кийин Садыр Жапаров былтыр декабрда долбоорду иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүп ага Укушовду жетекчи кылган.
Андан бери мыйзам долбоорунун төртүнчү варианты иштелип чыгып администрация менен медиа коомчулук бир пикирге келе элек.
“Биз жумушчу топто ар бир беренени талкуулап андан кийин бир чечимге келебиз деп сүйлөшкөнбүз. Бирок мыйзам долбоорунун тексттин карап, талкуулаган жыйын боло элек. Процедураны тактап алуу үчүн эки жолу жолуктук андан кийин жолуккан жокпуз. Мыйзам долбоору бир аз өзгөрдү. Бирок принципиалдуу беренелер боюнча дагы деле бир пикир жок”, - деди жумушчу топтун мүчөсү Журналисттер коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков.
Документте веб-сайттар Юстиция министрлигинен милдеттүү түрдө жалпыга маалымдоо каражаты болуп катталууга тийиш деген талап коюлган. Ушул сунуш талаш жаратууда. Андан тышкары 18ге чыга элек жаран, өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган адамдар жана юридикалык мекемелер, ошондой эле чет өлкөнүн жараны же жарандыгы жок адамдар Кыргызстанда ЖМК ачып иштете албай турганы жазылган.
Орусиядан “оодарылган” мыйзам
factcheck.kg порталы Укушов негизги автор болгон “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун текшерип чыгып документ дээрлик толугу менен Орусиянын ушундай эле аталыштагы мыйзамынын көчүрмөсү экенин аныктаган. Сайттын эсебинде документтин баштапкы вариантындагы 53 беренеде окшоштук 66-100% чейин жеткен.
Айырма болгону “Орусия Федерациясы” дегендин ордуна “Кыргыз Республикасы” деген жазууда гана болгон.
Сөз эркиндигин чектейт делип жергиликтүү жана эл аралык бир катар уюмдардын, жарандык коом менен укук коргоочулар жана юристтердин сынына кабылган мыйзам долбоорунун акыркы варианты качан даяр болору азырынча белгисиз.
Былтыр ноябрь айында Бишкекте сөз эркиндигин талкуулаган жыйынга Мурат Укушов да катышып, мыйзам долбоорундагы Орусиянын укуктук акттарга окшоштугун моюнуна алып, муну советтик укуктук мектептен чыкканы менен түшүндүргөн.
“Биз эч кимге бут тоскон жокпуз. Мыйзам долбоору өлкөнүн маалымат коопсуздугун жана улуттук коопсуздугун коргоо үчүн жазылган. Эгерде жүйөлү сунуштар болсо биз аны кабыл алабыз”.
Укушов нацисттик Германиядагы пропаганда министри Йозеф Геббельсти мисал кылып, айрым журналисттерди анын жолдоочулары менен салыштырууга жетишкен эле.
“Азаттык” ЖМКлар жана бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топтордун ишмердиги жана плагиат боюнча комментарий алуу үчүн Укушовго байланышты. Бирок ал интервью бербей турганын айтты.
Кыргызстанда буга чейин да Орусиянын мыйзамдарын баштан аяк көчүрүп келген, айрым долбоорлордо “Орусия Федерациясы” деген сөздөр калып калган да окуялар болгон.
“Орусиядан, АКШдан же Германиядан болобу жакшы мыйзам болсо аны алса болот. Башка өлкөдө жакшы иштеген мыйзам турса аны кайра жазып чыгып велосипед ойлоп табуунун эмне кереги бар. Бирок ошондо да аны Кыргызстанга ыңгайлаштырып өзгөртүш керек да. Сөзмө сөз көчүрүп алган болбойт. Андай мыйзамдын кереги жок” - деди экс-премьер-министри Феликс Кулов.
Укушов дагы бир “Коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө” талаштуу мыйзам долбоорлорунун автору. Документ 2022-жылы ноябрда коомдук талкууга чыгарылган. Документте “чет өлкөлүк өкмөттүк эмес уюм” деген түшүнүктү киргизүү, прокуратуранын көзөмөлүн күчөтүү сыяктуу сунуштар бар.
Бул долбоор да сынга кабылып, аны иштеп чыгуу үчүн президент Садыр Жапаров быйыл февраль айында жумушчу топ түзгөн.
Акаевдин доорунан бери келаткан кадр
Былтыр ноябрь айында “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулаган жыйында Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров юрист Укушовдун ишмердиги боюнча сөз кылып, Аскар Акаевдин бийлигинен бери басып өткөн жолун эске салган:
“Ким пикирин билдирсе эле түнү менен же таңкы алтыда барып баса калган болбойт. Мен эскертип коёюн Мурат мырза билет. Мурат мырзага мен 1995-жылдан бери ушинтип эскертем. 1995-жылы деле ушул эле сөздөрдү айтчу. Аскар Акаевди да дал ушундай коргочу. Сөз тийгизген эмес. Натыйжасы эмне болду? Бийликтин баарын жеп аткан ушулар, айланасындагылар”.
Мурат Укушов ким?
62 жаштагы Мурат Укушов дээрлик өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп келе жатат. Ал 1993-жылы Конституциянын концепциясын жана долбоорун даярдоо боюнча жумушчу топтун мүчөсү, 1996, 1998, 2003, 2010 жана 2020-жылдардагы конституциялык реформаларга катышкан. Ошентип, Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча дээрлик бардык иштерге аралашкан.
2000-жылы президенттик аппараттын юридикалык бөлүмүнүн башчысы, 2002-жылы Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун төрагасы болгон. 2004-жылдан 2005-жылга чейин президенттин Жогорку Кеңештеги Мыйзам чыгаруу жыйынындагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматында турган.
2014-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Конституциялык палатада президенттин туруктуу өкүлү болуп дайындалган.
Азыркы бийликтин тушунда болсо 2021-жылы президенттин администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын жетекчиси болду. Укушов Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи.
Ал 2010-жылы Апрель окуясынан кийин жаңы жазылган Парламенттик башкарууга ыктаган Конституцияны да, 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин толук президенттик башкарууга багыт алган Баш мыйзамды жазууга да катышты.
Саясатчы Өмүрбек Текебаевдин 2016-жылы “Убактылуу өкмөт” деген китеп чыгарган. Ал 2010-жылдын 7-апрелинен 21-декабрга чейин иш жүргүзгөн ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн ишмердиги чагылдырган китепти Мурат Укушов менен чогуу жазган.
“Кыргызстанда мамлекеттик кызматта иштегендер мыйзамдарды өзүнүн жетекчисине баш ийгидей кылып жазып беришет. Бирок юристтин милдети – жетекчисин мыйзамга баш ийе тургандай мыйзамдарды жазыш керек болчу. А Кыргызстанда баары тескерисинче. Башкаруучу кандай кааласа ошондой мыйзам жазылат. Бизде юристтердин институту жок болуп калды. Мыйзамдын баарын чет жактан көчүрүп алышат”, - деди юрист Нурбек Токтакунов.
“Манас” ордени мамлекеттин биримдигин сактоого жана аны коргоого, демократиялык коомду түзүүгө, элдин биримдигин жана руханий, интеллектуалдык деңгээлин көтөрүүгө, мамлекеттин экономикасын жогорулатууга салым кошкондорго берилет.