Аба булгануусу боюнча Бишкек жыйырманчы сапта

Январдагы ыш баскан Бишкек . 2021.

Дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality индексинин 22-февралга карата эсебинде Кыргызстандын ордо шаары Бишкек жыйырманчы сапта орун алды.

Абадагы кир микрозаттардын көрсөткүчү 124 деп эсептелип, өзгөчө ден соолугу сезимтал адамдар үчүн кооптуу деп белгиленүүдө.

"Экологиялык көйгөйлөрдү чечүү институту" аттуу коомдук фонд Бишкектин сыртындагы айрым жаңы конуштарга да абанын сапатын текшерген жабдууларды койгон. Анын жыйынтыгы саат сайын жаңырып турат.

Дагы караңыз Бишкектеги ыш элди кыйнады

Ага чейин АКШнын Кыргызстандагы элчилиги борбор калаанын айрым жерлерине абанын сапатын текшерген жабдууларды орноткон эле.

Бишкек 2020-жылдын ноябрынан тартып дүйнөдөгү абасы эң булганыч шаарлардын биринчи сабына чыккан. Борбор шаардагы абанын сапаты быйыл февралда күн жылыганда от жагуу азайганына ж.б. себептерге байланыштуу саал оңоло баштады. (BCh)

Дагы караңыз

МАГАТЭнин башчысы Ирандын Атомдук энергетика боюнча уюмунун жетекчиси менен жолуктуӨзбек жаштары атеист аталгысы келбейтМьянмада аскердик бийликке каршы демонстрацияда эки киши көз жумдуОрусия коронавируска каршы үчүнчү вакцинасын каттоодон өткөрдү