Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:55

Бишкекте ышка каршы акция өтөт


Бишкек шаарынын үстүндө үйүлгөн ыш. 2020-жыл.
Бишкек шаарынын үстүндө үйүлгөн ыш. 2020-жыл.

Жарандык активисттер борбор калааны каптаган ыш-түтүндү жок кылууну талап кылып акция өткөрүшөт. Алар баш калаанын деталдык планын өзгөртүүнү талап кылышмакчы.

Акция шаардын түштүк тарабындагы Байтиктин дөңсөөсүндө, андан кийин шаардык таштанды талаасында уюштурулууда. Иш-чарага эколог адистер да катышат.

#БалбакӨчүр деп аталган демилге «MoveGreen», «Экостан» уюмдары жана эколог активисттер тарабынан көтөрүлүүдө.

Экологдор эки жылдан бери Кыргызстандын борборунда абанын булганганы тууралуу коңгуроо кагып келет. Бирок кара түтүндү азайтуу боюнча чукул чара көрүлө элек. Экологдор декабрь айында борбор калааны каптаган ыштын катмары калыңдап, шаарга күндүн нуру тийбей калганын айтышууда.

Былтыр декабрь айында Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «Биз тумчугуп баратабыз! Бизге таза аба керек!» деген акция өткөн. Чогулгандар бийликти шаарды каптаган түтүн маселесине көңүл буруп, кескин чара көрүүнү талап кылышкан.

АКШ элчилигинде орнотулган абанын сапатын текшерүүчү монитордун маалыматына ылайык, ноябрда Бишкек дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын бири деп табылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG