Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:13

АКШ элчилиги орноткон аба монитору «Кыргызстандарттан» расмий катталды


Бишкек. Архивдик сүрөт.
Бишкек. Архивдик сүрөт.

Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору (Кыргызстандарт) АКШ элчилигинде орнотулган абанын сапатын текшерүүчү мониторду (AQM) расмий каттады.

Эми бардык мамлекеттик органдар, анын ичинде «Кыргызгидромет» борбору менен Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги АКШ элчилигинин аба мониторуна расмий түрдө шилтеме берүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Элчилик АКШнын Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги жактырган AQM мониторду 2018-жылдын декабрында өз короосуна орноткон. Мындай мониторлор АКШнын чет өлкөлөрдөгү 30дай дипломатиялык өкүлчүлүгүнө коюлган.

Бишкектеги AQM (Интернеттеги airnow.gov дареги аркылуу жалпыга жеткиликтүү) аба сапатынын деңгээлин ченөө үчүн пайдалуу каражат болуп эсептелет.

Экологдор эки жылдан бери Кыргызстандын борборунда абанын булганганы тууралуу коңгуроо кагып келишет. Бирок кара түтүндү азайтуу боюнча чукул чара көрүлө элек.

12-декабрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «Биз тумчугуп баратабыз! Бизге таза аба керек!» деген акция өткөн. Чогулгандар бийликти шаарды каптаган түтүн маселесине көңүл буруп, кескин чара көрүүнү талап кылышкан.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги абанын сапатын текшерген «Airnow» жабдуусунун маалыматына ылайык, ноябрда Бишкек дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын бири деп табылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG