"Айласыздан жашап жатабыз". Бишкектиктер ыштан кантип коргонот?

Бишкек шаары. Декабрь, 2022-жыл

Кыш ар жылы Бишкекке ышты ээрчите келет. Морлордон, сансыз машинелерден сызылып чыккан түтүндүн жытынан баш айланат.

Акыркы жылдары борбор калаанын айрым тургундары булганыч абадан качып, аймактарга же чет өлкөгө чыгып кеткен учурлар болууда. Ал эми ар кандай шарттардан улам кете албагандар эмне кылышы керек?

Аэропорттон башталган кабатырлык

Чет өлкөдө бир жылдан ашыгыраак жашап, Бишкекке ноябрда кайттым. Кыргызстанга жол алган учурум ыш маселеси социалдык желедеги негизги темалардын бирине айланган кезге туш келди.

Праганын аэропортунда отурганымда досум: “Бишкекке жетип, учактан чыгарың менен ыштын жыты мурдуңду жарат”, - деп "Вотсапка" жазган эле. Анысы "Манас" эл аралык аэропортуна конорум менен эле тастыкталды.

Чын эле, аэропорттун сыртына чыкканда эле түтүндүн жыты буруксуйт. Же ошол күнү аба абдан кир беле, айтор түшкөн машиненин ичине да ыш толуп калгандай сезилди. Ушул абадан дем алып, жашап-иштеп жүргөн бишкектиктерди аяп кеттим. Айрыкча, балдарымдын ден соолугун ойлоп тынчсыздандым. Таксинин айдоочусу болсо “биз көнүп калдык окшойт, мага такыр ыштын жыты билинбейт” дегенде, таң калып да койдум.

Жол катар смартфондон “Азаттыктын” сайтын ачып, текст издеген жерге “ыш” деп жаздым. 24 барак макала-баяндар чыкты. 2003-жылдан бери жазып жүрүптүрбүз бул теманы. Айрыкча 2017-2018-жылдардан тарта Бишкектеги кара түтүн көйгөйү чоң маселеге айланыптыр.

Мессенжерден тааныштарга жазып, айрымдарына телефон чалып, “ыштан кантип коргонуп жатасыңар?” деген суроону узаттым. Кээ бирлери таң калып, “дүрбөлөңчү” деп күлүштү.

"Бишкектен көчүп кеттик"

Журналист Сабыр Абдумомунов он жылдай Бишкекте жашап, 2023-жылы Баткенге - кичи мекенине көчүп кетти.

Сабыр Абдумомунов

“2010-жылга караганда ыштын деңгээли аябай жогорулады. Мурда бир жылда эки же үч ай шаардын үстүн кара түтүн каптап турса, азыр алты айга созулат. Октябрдан апрелге чейин уланат. Бир жылдын тең жарымында Бишкектин үстүн ыш каптап турат”.

Сабырды көбүрөөк балдарынын саламаттыгы тынчсыздандырды.

"Себеби, ыштын курамындагы майда бөлүкчөлөрдө уулуу заттардын жерге жакын болушу айрыкча балдарга көбүрөөк зыяны тиет деген илимий изилдөөлөрдүн, дарыгерлердин сөздөрүнүн таасири болду окшойт, көчүп кетүүнү туура көрдүк”, - дейт ал.

Интернеттин издөө системасына суроо салсаңыз, ыш маселесин көтөргөн макалалардын дээрлик баары суук мезгилде жазылат экен. Баарында эле калааны ыш басканы же кара түтүндүн себептери катары жылуулук станциясы, сапатсыз көмүр, жаңы конуштардагы мештер жана автоунаалардын көптүгү көрсөтүлөт. Ыштан ким кантип коргонуп жатат деген суроо көп учурда ачык кала берет.

“Маалымат каражаттарында бул маселе шаарды ыш каптаганда эле көтөрүлөт, жай келгенде унутабыз”, - дейт Туризм тармагындагы адис Максат Дамир уулу.

Бишкектин үстүн каптап турган ыш.

"Апам ыштан улам ооруп калды"

Блогер Саида Нариман үйдө аба тазалагыч колдонуп жатканына эки жыл болду.

“Үйгө аба тазалагыч жана абага нымдуулук бөлүп чыгарган жабдуу сатып алдым. Аны дээрлик күнү-түнү иштетем. Жакында айылдан туугандарыбыз келген. Жатарда эки жабдууну сайып койгом. Таякем эртең менен турганда “түнү бою уктай албадым, тиги жабдуулардын айынан чоң бир шар аккан суунун боюнда жаткандай эле болдум. Кантип уктап жатасыңар?” деп таң калды. Тамаша-чынга салып, айла жоктон биз ушундай жаратылыштын добушу менен уктагыбыз келерин айттым”, - деди ал.

Саида Нариман

Саида Нариман ыштын апасынын саламаттыгына тийгизген терс таасирин айтып берди:

“Апам катуу ооруй баштады. 2020-жылы коронавируска чалдыккан, ага кошумча астма менен жабыркай баштады. Дем жетпей, жөтөлүп кыйналат. Айрыкча, кышында ыш каптаганда оорусу күчөй турганын байкадым. Догдурга көрсөттүк, дары-дармек алдык, бирок көп деле жардамы тийбеди. Анан бир кошунабыз “апаңды көл жакка, таза абага алып барып көр” деди. Кышында Ысык-Көлгө бардык. Ал жакта апам оорусун унутуп, сакайып калды. Эки аптадан кийин Бишкекке кайттык. Келерибиз менен апамдын оорусу кайра башталды”.

Илимий изилдөөлөргө таянсак, кара түтүн же ыштагы уулуу заттар адамда өпкө ооруларын пайда кылат. Жөтөл күчөйт. Дем алуу органдары кысылат, баш оору, уйкусуздук пайда болот.

Кир абадан дем алуу астманын күчөшүнө, респиратордук өнөкөт жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын өөрчүшүнө, рактын пайда болушуна алып келет. Андан тышкары абанын булганышынын кесепетинен балдардын мээси эрте жабыркап, неврологиялык оорулар пайда болушу ыктымал.

Ошондой эле ыш көздүн, мурундун, кекиртектин былжыр челинин сезгенишине, иммунитеттин төмөндөшүнө алып келет. Адистер шаарды кара түтүн каптаганда сыртта беткап менен жүрүүгө кеңеш беришет.

Бишкектеги абанын булганышынын көрсөткүчү

Көнүмүшкө айланган кара түтүн

Бирок бир жагынан жумуш, тиричиликтин бүтпөгөн түйшүгү, экинчи жагынан ыштын жытына көнүп, ага көңүл бурбай калганынан уламбы, жашоочулардын баары эле беткап тагып, же үйгө, кеңсеге аба тазалагыч сатып албайт. Туризм тармагындагы адис Максат Дамир уулунун сөзүн угалы:

Максат Дамир уулу

“Бишкекти каптаган ыштан бардык эле үй-бүлөлөр өзүн коргоп жатканын көргөн жокмун. Көнүмүшкө айланып калгандай эле сезилет. Бирок ыш катуу каптаган учурда өзүбүздүн саламаттыгыбызга, балдардын ден соолугуна кабатыр болобуз. Ысык-Көл тарапка кетип калсакпы деп да ойлойбуз. Жумуш жана балдардын окуусу деп шаарда калганга аргасызбыз. Бишкекте айла жоктон жашап жатабыз десем туура болот. Коюу түтүн каптаганда балдарга респиратору бар беткаптарды сатып алып, кийгизгенге аракет кылабыз. Ал деле күнүмдүк тиричиликте унутулуп калат экен, анын үстүнө кечке тагынып жүрүү да ыңгайсыз. Үйгө аба тазалагыч же абаны нымдуу кыла турган жабдууларды сатып алганбыз, бирок ал деле канчалык биздин саламаттыгыбызды сактайт, эч ким так жооп бере албайт буга”.

Өкмөт кандай аракет көрүп жатат?

Коомчулук Бишкек абасы кир шаарлардын сап башына чыкты деген маалыматтарга да көнүп калгандай.

Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы жыйынында мэрияга 1-январдан тартып абаны таза кармоо үчүн кошумча ыйгарым укуктарды берүү чечими кабыл алынды.

Пилоттук долбоорго ылайык, жаңы жылдан тарта мэрия абаны таза кармоо үчүн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине тиешелүү айрым ыйгарым укуктарга ээ болот. Эки жылдык мөөнөткө транспорттордогу тиешелүү талаптардын сакталышын көзөмөлдөө укугу да бар.

“Албетте мамлекет менен бейөкмөт уюмдар биргелешип ышка каршы күрөшүүгө аракет көрүп жатат. Бирок жетишсиз болуп жаткандай. Бул үчүн олуттуу саясий чечимдер зарыл болуп турат, эрктүү, күчтүү кадамдар керек”, - дейт Максат Дамир уулу.

Ыш менен күрөшүүдө жыйынтыкка жетишүү максатында Бишкек шаарында эко-полиция түзүү демилгеси да көтөрүлгөн. Бирок ал кандай иштей турганы айтылган эмес.

Бишкектин тургуну смартфондо абанын кирдигин аныктаган тиркемени текшерип жатат.

Кооптондурган маалыматтар

Абанын кирдигине байланышкан себептер Борбор Азия менен Европада жума сайын 90дон ашуун наристенин өмүрүн алууда. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин жаңы чыккан баяндамасында айтылат.

Маалыматка караганда, 2019-жылы Европа жана Борбор Азияда абанын булганышынан улам 5 миң 800 бала чарчап калган. Алардын 85% бир жашка чыга элек наристелер. Балдар табиятынан чоңдорго караганда тез кыймылдап, булганган абадан да эки эсе көп дем алып, кир заттарды ошончо көп жутат.

ЮНИСЕФ мындан ары абанын булганышынын алдын алуу үчүн энергия алуунун экологиялык жактан таза, натыйжалуу жолдорун колдонууга өтүүнү тездетүүгө чакырды.

Уюм ошондой эле балдар булганган абадан жабыркап калбашы үчүн мектептерге жана бала бакчаларга жакын жерлерде абанын тазалыгын текшерген мониторинг системаларын түзүүнү, коомчулукка маалымат берүүнү сунуштады.

Дүйнөдөгү абанын сапатын иликтеген IQAir сайтында Индиянын, Кытайдын бир топ калаалары, Борбор Азиядан Бишкек, Алматы, Ташкент дээрлик дайыма абасы булганган шаарлардын катарында болот. Кыргызстандын борбору көбүнчө алдыңкы орунга чыгат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Граве менен жолукканда ыш маселесин талкуулаганы расмий кабарланган. Анын алдында Бишкектин мурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыров 2024-2025-жылдар аралыгында шаар толугу менен газга өтөрүн билдирип, бул ыш көйгөйүн чечүүнүн бир жолу экенин айткан.

Ноябрдын аягында Дүйнөлүк банк Кыргызстанга абанын булганышы менен күрөшүүгө 50 миллион доллар бөлө турганы белгилүү болду. Банктын Аткаруучу директорлорунун кеңеши бул чечимди 29-ноябрда бекиткен. Каражат 50 жылдык мөөнөт менен жеңилдетилген насыя катары берилет.

Подкастты бул жерден угуңуз:

"Четтен конок келгенде уялам"

Саида Нариман суук түшкөндө Бишкекке чет элден дос-тааныштары келсе ыңгайсыз абалда каларын жашырбады:

“Уяла тургандай болуп жатпайбы. Бирок анын баарына биз өзүбүз күнөөлүбүз. Өзүбүздүн табиятыбызды, жашаган жерибизди, экологияны өзүбүз талкалап жатабыз. Өзүбүзгө жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасап, келечек муунга таза абаны, таза жерди, таза сууну калтырганды ойлонбосок, бул улана берет. Антпесек, уялып жашай беребиз. Үйүңө конок келгенде бөлмөң чачылып жатса, бетиң кызарат эмеспи... Өкмөт деле аракет көрүп жаткандыр, балким биз аны байкабай, көрбөй атабызбы, билбейм. Абанын тазарганын байкаган жокпуз. Көзүм менен көрбөсөм, бир нерсе дей албайм”.

Ошентип, Прагадан Бишкекке келип жашаганыма бир айдан ашты. Ыштын жытына көнүп да калдым. Кара түтүн тууралуу маалыматтарды окуганда эле чочулабасам, анын көңүл айланткан жытын этибарга да албай баратам. Ууну тынбай жута бергенде, бара-бара маани бербей, бирок кийин кесепети оор болорун деле билебиз. Ыш дүйнөлүк маселеге айланып, айрым мамлекеттер, өкмөттөр аны чечүүгө ыкчам кадамдарды жасабаса арга канча.

Бир чети ыш адамзатка табиятты, Жер планетасын кечиктирбей сактап калууга чакырык болуп жаткансыйт.