Бишкек - бир нече күндөн бери абанын сапаты боюнча рейтингде дүйнөдө абасы эң булганыч шаар катары биринчи катарда турат. 13-декабрда World Air Quality индекси боюнча 570 деген көрсөткүч менен адам саламаттыгына эң коркунучтуу деңгээлге чыкты.
14-декабрда Жогорку Кеңеш Бишкекти каптаган түтүн боюнча маалымат алуу үчүн тиешелүү мекеме жетекчилерин, анын ичинде Эмилбек Абдыкадыровду да чакырган. Бирок жыйынга баяндамачы катары дайындалган Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев да келген жок. Жыйынтыгында маселени кароо 15-декабрга жылды.
Кыргыз гидрометеорология институтунун 6-12-декабрда жүргүзүлгөн изилдөөсүндө Бишкектин абасында күкүрт кош кычкылы, азот кычкылы жана азот кош кычкылы, формальдегид заттары нормадан ашык экени аныкталган.
2021-жылы Бишкектин абасындагы күкүрт кош кычкылы (SО2) баштаган уулуу заттар 54,5 миң тоннаны түзгөн. Бул Улуттук статистика комитенин "2017-2021-жылга карата Кыргыз Республикасындагы айлана-чөйрө" аттуу отчетунда жазылган.
Расмий маалыматта акыркы төрт жылда өлкөдө абага бөлүнүп чыккан уулуу заттар 9,9% өскөн. Анын ичинде абаны булгаган күкүрт кош кычкылы 2017-жылы 7,8 миң тонна болсо, 2021-жылы 15,1 миң тоннага чейин жеткен. Кыргызстанда жалпы абага бөлүнүп чыккан уулуу заттардын 45,5% Бишкек шаарында экени белгиленген.
Жалпы өлкө боюнча бир чарчы чакырым жерге 272,6 килограмм улуу заттар бөлүнүп чыгууда, бул ар бир адамга 8,5 килограммдан туура келет.
Финляндиянын метеорологиялык институту Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) жана БУУнун Айлана-чөйрө программасы (ЮНЕП) үчүн жасаган изилдөөсүндө Бишкек шаарындагы абанын булганышынын негизги булагы - көмүрдөн болоору көрсөтүлгөн. Бирок ыш көйгөйү Бишкекте шаардык полигондон башталат.
Бишкектин четиндеги тоодой болуп үйүлгөн таштанды талаасы күнү-түнү, кышы-жайы дебей күйгөнү күйгөн.
Таштанды талаасынан чыккан түтүн жакын жайгашкан бир нече конуштарды каптайт. Убагында борбордо өз алдынча жер басып алуулардын шарданы менен пайда болгон Ак-Жар, Алтын Казык, Калыс Ордо өңдүү конуштарда азыр карыш жер калбай турак жай салынып, болжол менен 30-40 миңдей адам жашайт.
Алтын Казык жаңы конушунун тургуну Гүлзар кышкысын кара түтүндөн эшикке чыга албай калаарын, акыркы жылдары аллергияга кабылганын кеп кылды.
"Балдар ооруйт, жайы-кышы жөтөлөт. Эшикке кир жайып койсок ак кийимдер капкара ыш болуп калат. Кышында балдарды эшикке чыгарбайбыз. Эшик-терезени жаап коёбуз. Бирок түтүн үйгө деле кирет да. Айла жок, жашап жатабыз. Журналисттер келип тартып кетип эле жатышат. Чоңдор келип иштеп жатабыз деп эле айтышат. Бирок эч нерсе чечилип, эч нерсе өзгөрүп кеткен жок. Тескерисинче, таштанды талаасынан чыккан түтүн түз эле шаарды каптайт", - деди Гүлзар.
Таштанды төгүлүүчү жайдын түтүнү шаарды каптап, ал эми андан чыккан саңырсыган жыт каңылжарды жарат. Бишкек мэриясы эски таштанды полигонун жаап, жаңы жай курабыз деп убада берип келатканына көп болду.
Экологдор абанын кирдешине автоунаадан чыккан газ, үйлөрдөгү мештерден жана Жылуулук электр борборунан чыккан түтүн себеп экенин айтып келишет.
12-декабрда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргызстанда ыш көйгөйүн чечиш үчүн Бириккен Улуттар Уюмунан (БУУ) 6 млрд. 700 млн. доллар грант сурады.
30-ноябрда ЮНИСЕФтин "Бишкектеги аялдар менен балдардын ден соолугу менен социалдык жашоосуна булганыч абанын тийгизген таасири" аттуу изилдөө чыккан.Анда 2021-жылдын 1-июлунан 2022-жылдын 30-июнуна чейин Бишкекте ыш 112 өлүмгө себеп болуп, шаардыктар 2 миллиард сом материалдык чыгым тарткан деген тыянак чыгарган.
Саламаттык сактоо министрлиги ЮНИСЕФтин бул тыянагын четке кагып, мындай фактылар далилденбегенин билдирген.
Акыркы жылдары Кыргызстандын борборунда абанын булганганы боюнча маселе күн тартибинен түшпөй келатканы менен кара түтүндү азайтуу боюнча бийлик азырынча чукул чара көрө элек.