2021-жылдын январь айында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында эки жаш келин өз жанын кыйып, өмүр менен кош айтышты. Экөөнүн артында жети бала энесиз калды. Түптө төрт баланын энеси күйөөсүнүн курмандыгы болду.
Гүлмайрам
Түп районунун жашоочусу, кырк жаштагы Гүлмайрам 9-январда күйөөсүн колунан каза тапты. Артында төрт бала жетим калды.
Тун кызын турмушка узатып, небере көрүп калган келин үч баласы, күйөөсү менен Долон айылында жашап аткан. Сыртынан бактылуу көрүнгөн үй-бүлөнү каргаша тооруп турганы анда эч кимдин оюна келген эмес.
Гүлмайрамдын таякеси Бердаалы Турганбаев жээнин өлгөнүнө бир ишенип, бир ишенбей турган кези.
«Мака (Гүлмайрам-ред.) каза болуп калганын угуп үйүнө бардык. Экспертиза моюнунда үч манжанын изи бар экенин айтты. Жаздык менен үстүнөн басып, тумчуктурган деп жатышат. Азыр тергөө иштери жүрүп атат. "Ызы-чуу кылбай, эки жаат болуп урушпай сөөктү акыркы сапарга узаталы" деп айттым. Бул окуя эмнеден улам болуп кеткенин деле билбейм. Кылмышты кылган адам эртеби-кечпи кудай алдында жооп берет. Андан башка айта турганым жок...».
Гүлмайрамдын бир тууган эжеси сиңдисинин өлүмү дыкат иликтениши керек деп эсептейт. Анын айтымында, бул окуяда ачык айтылбай калган бир топ жагдайлар бар.
«Эжебиздин туулган күнүндө Мака дайыма чалып, куттуктап турчу. Бул жолу чалбады. Качан, кайсы күнү кандай болуп өлгөнүн билбейбиз. Айбекти (Гүлмайрамдын күйөөсү-ред) неоцидол ичип алып, муунганы жатканда иниси сактап калганын айтып жатышат. Кызганычтан болду дешти. Бирок Айбек акыркы учурда ичкиликке берилип кеткен, андайда Мака дарылатып, өзүнө келтирчү. Биз "Айбек кол көтөрбөйбү?" десек, “жок” деп койчу. Мака төркүнгө таарынып келгенде, жалдырап атып кайра алып кеткен. Анан эле өлтүрүп коюп жатпайбы...».
Гүлмайрамдын айылдаштары, жакын туугандары келинди күйөөсү кызганычтын айынан өлтүрдү деп шек санап жатышат.
Гүлмайрамдын күйөөсү Айбек Асанкановдун жеңеси Динара Тезекова окуяга ишене албай турганын айтууда.
«Экөө абдан үлгүлүү үй-бүлө болчу, ушундай болуп кетет деп такыр ойлогон жок элек. "Айбек Маканы өлтүрүптүр" деп укканда нес болдум. Себеби, Айбек айылды башкарган жигит. Туугандардын жакшылык-жамандыгында тикесинен туруп кызмат кылчу. Келинчеги да тыпылдап келип оокатын жасап кетчү».
Гүлмайрам Такташова 10-январда өзү жашаган Долон айылында жерге берилди. Азыр анын күйөөсү, окуяга шектүү Айбек Асанканов Түп райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.
19-январда макала жарык көргөндөн кийин аялынын өлүмүнө шектүү каза болгону тууралуу кабар келди.
45 жаштагы Асанканов жандандыруу бөлүмүндө 10 күндөй жаткан. Анын абалы тууралуу дарыгер Вадим Рачинский мындай маалымат берген эле.
«Бейтап Айбек Асанканов 9-январда эртең менен оор абалда келген. Ал малды дарылаган неоцидол дарысын ичип, андан соң муунуп өлүүгө аракет кылган экен. Биз ашказанын жууп, асма ийне койгонбуз. Азыр абалы орточо оор, дарынын курамында күйгүзүүчү заттар болгондуктан ички органдары катуу жабыркаган».
Түп райондук ички иштер бөлүмү Гүлмайрам Такташованын өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталганын, шектүү катары анын күйөөсү өтүп жатканын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов ырастаган.
«9-январь күнү таңкы саат 8де райондук ички иштер бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн, анда күйөөсү аялын муунтуп өлтүргөнү айтылган. Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Алгачкы тергөө амалдарын жүргүзүү маалында каза болгон келиндин 45 жаштагы күйөөсү кызганычтын айынан чыккан уруштан улам аялын колу менен муунтканы айтылды. Аялын өлтүрүп, өзү да көк таш жана неоцидол дарысын ичип ууланган».
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Аруузат
Караколдогу мектептердин биринде мугалимдер жакында эле каза болгон кесиптешин жоктоп жатышат. Алар ишинде ийгиликтерге жетишкен мугалим үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болду деп эсептешет.
Каза болгон Аруузаттын (аты өзгөртүлдү) кесиптеши Назира анын жакын курбусу болгон. Ал маркум курбусу буга чейин бир нече жолу күйөөсү кол көтөргөнүн айтканын эскерип отурду.
«Сабаганын, качып кетсе геолокация менен таап келип, кыйнаганын айтып берген. Бир жолу кордукка чыдабай кетип калса, таап алып үйүнө келгенден кийин оозуна арак куюп, таң аткыча сабаган экен. Мен айтсам, "биздин жашоого киришчү болбо" деп опурулган. Курбум күйөөсүнөн коркуп, милицияга кайрылган эмес. Балдарын да кыя албай койду».
33 жаштагы чет тилден сабак берген мугалим, үч баланын энеси Аруузат 7-декабрда өзүнүн энесинин үйүнөн уксус ичип алып, облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. 29-декабрда абалы начарлап, кайтыш болгон.
Мугалимдин кесиптештери ал үйдөгү түшүнбөстүк, күйөөсүнүн көрсөткөн кордугунан улам ушул ишке барганын айтып, укук коргоо органдарына кайрылышкан. Бирок келиндин жакындары арыз жазуудан баш тартканы үчүн иш жабылып калды.
Назира Аруузатты жолдошу жумушка чейин келип уруп кеткен учурлар болгонун айтып берди.
«Күйөөсү бетин көгөртпөй, денесинин көрүнбөй турган жерине муштачу. Жумушка чейин келип уруп кеткен күндөр болгон. Мен бир ирет "көгалаңды сүрөткө тартып кой" деп да айткам. "Кетем" деп оокатын чогултуп атса, кошуналарынын көзүнчө сабаган экен. Аруузатты ушуга жеткизишти. Аны энеси, бир тууган сиңдиси болушуп, коргогон жок. "Эмне кыларымды билбейм, чыдабай калдым" деп аткан. Уксус ичип атканда энеси, сиңдиси жана күйөөсү жанында экен. Үчөөнүн көзүнчө ичиптир...».
Уксус ичип ооруканага түшкөн келин өзүнө келгенде кесиптештерине "WhatsApp" аркылуу акыркы катын жазганга үлгүргөн. Кесиптештери анда келин денесиндеги көгала тактарды кошо тартып салганын айтып беришти.
«Аруузат менен акыркы жолу ал ооруканада жатканда сүйлөшкөнбүз, себеби ал сабакка келбей, бир жума дайынсыз жоголгон. "Вотсап" аркылуу сүйлөшкөнүбүздө уксус ичкенин, ага күйөөсү түрткү болгонун айтты. Апасы "кичинекей нерсени чоң көйгөйгө айланттың" деп түшүнбөй жатканын да жазган. Андан кийин көгала болгон колун тартып, төрт сүрөт жиберген».
Бул окуя Каракол шаардык ички иштер бөлүмүндө Жазык кодексинин өзүнө өзү кол салуу беренеси менен катталган. Жакындарынан арыз түшпөгөндүктөн иш жабылып калганын Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов айтты.
Соттук-медициналык экспертизанын корутундусунда маркум уксуска ууланып каза тапканы белгиленип, бирок денесинде уруп-согуунун белгилери жок экени жазылган.
«Азыркы учурда бардык чогултулган материалдар прокуратурага ишти кыскартуу жана баа берүү үчүн берилди. Прокуратура өзүнүн баасын бергенден кийин бул иш кыскартылат», - деди Усубакунов.
Каза тапкан Аруузаттын күйөөсү менен байланышууга кылган аракетибизден майнап чыккан жок. Келиндин апасы жана бир туугандары окуя тууралуу айтуудан баш тартты.
Ал эми Аруузаттын кайненеси буларды айтып берди:
«Үйдөн хашан жасап кетиптир, эч бир чырын билген эмеспиз. Кудагыйдын үйүнө барып, уксус ичип атпайбы. Кудагыйдан эмнеге ичкенин сурасам, "өзүбүздүн үй-бүлөлүк маселелер" деп койду. Ооруканада жатканында кирип сүйлөшө алган жокмун».
Гүлзат
Каракол шаарынын дагы бир тургуну, үч баланын энеси Гүлзат (аты өзгөртүлдү) 12-январга караган түнү асынып алган. 29 жаштагы келинди бул кадамга эмне түрткөнү белгисиз бойдон калды.
Облустук милиция окуяны каттоого алып, соттук-медициналык экспертиза жүргүзгөндөн кийин "өз жанын кыйган" деген бүтүмдүн негизинде ишти кыскартты.
Жергиликтүү медианын биринде иштеген Гүлзатты кесиптештери ачылып көп сүйлөбөгөн, баарын ичине сактаган адам катары эскеришет.
«Студент кезинен эле иштеп жүрчү, 9-10 жылдай кесиптеш болдук. Жоопкерчиликтүү кыз эле. Анан турмушка чыкты. Үй-бүлөсүн алдыга койчу. Жумуш үстүндө бир киши менен урушуп, жаман-жакшы айтышканын көргөн эмеспиз», - деди кесиптеши Догдургүл Сүйүндүкова.
Ал Гүлзат соңку кезде түнт тартып кеткенин байкаганын кошумчалады.
«Акыркы күндөрү кабагы бүркөлүп жүргөнүн байкачубуз. Бирок үйүндө кандайдыр бир маселе болуп атканын айткан эмес. Өзү оңой менен сырдашпаган кыз эле. Азыркыга чейин эмнеге мындай кадамга барганын түшүнө албай турабыз. "Жумуштан бирөө менен урушуп кеттим же күйөөмө таарындым"десе түшүнөт элек. Өлүмгө бара тургандай эч нерсесин байкаган жокпуз. Бир туугандары да "Бизге деле эч нерсесин айткан эмес" деп жатышат. Күйөөсүнө сөз тийгизчү эмес, коргоп турчу...».
Гүлзаттын жакындары окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.
Анара
Ала-Бука районунун Баймак айылынын тургуну, 33 жаштагы Анара 22-сентябрда үйүндөгү сарайда асынып калган жеринен табылган. Анын таежеси Пайзи Абдисаматованын «Азаттыкка» билдиргенине караганда, маркум ага ошол күнү кечки саат ондор чамасында чалып, жолдошу ур-токмокко алып жатканын айтып, ортого түшүүгө чакырган.
«Анара түндө чалып, жардам сурады, - деди ал. - Мен ага ооруп жатканымды айтып, «кайненеңе байланышып жардам сура» дегем. Ошондо ал менден тагамдын телефон номерин сурады. Ошол замат ары жакта ызы-чуу болуп, байланыш үзүлдү. Аларда буга чейин жаңжал болуп келгендиктен олуттуу деле маани берген эмесмин. Адаттагы жаңжалынын бири деп койгом».
Төрт балалуу келиндин жакындары Анараны өлүмгө күйөөсүнүн зомбулугу түрткөнүн айтып, адилеттик издеп жүрөт. Жалал-Абад облустук соту маркумдун сөөгүнө эксгумация жүргүзүүгө уруксат берген чечим кабыл алган. Келиндин күйөөсү кылмышка шектүү деп тергөө абагына камалган.
«Аялдын жан кыйганы арга кеткендеги кадам»
Активисттер, адам укугун коргоочулар коомдо болуп жаткан акыркы окуяларга маани бербей коюуга болбойт дешет. Гендердик маселелер боюнча эксперт Банур Абдиева аялдардын маселесине байланышкан оор окуялар 2011-жылдан бери күч алганына токтолду.
«2011-жылдын 18-майында Ысык-Көл унивеситетинин алдыңкы студенттеринин бири Венера аттуу кыз, андан кийин дагы бир студенттин өз жанын кыйганы бизге кандайдыр бир белги болгон. Бизде “адамды өлүмгө жеткирүү” деген берене бар, бирок ага карабай иш жабылып калат. Биз кыздарыбыздын эмнеден улам бул кадамга барганын иликтебей жатабыз. Эркектер менен да иштөө керек. Алардын көбү аялы менен сүйлөшкөндү билбейт, дароо кол көтөрөт же үйдөн чыгып кетип келбей коет. Үйдө балдары менен жалгыз калган аял албетте стресске кабылат, көйгөйүн эч кимге айта албайт. Элдин, жакындарынын сөзүнөн уялып өзүн кыйнап жашай берет, жыйынтыгында бактысыз, көп нерседен корунган, өз оюн эркин айта албаган адамга айланат. Анан албетте эч кимден колдоо таппаган аял өтө өкүнүчтүү кадамдарга барат».
Дагы караңыз
Кыз ала качуу өлүм менен аяктадыКызыл камчы жазасыз калбашы керекЫсык-Көлдө үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдарды коргоп, алардын кайра кадимки жашоого кайтып келишине көмөктөшкөн эки кризистик борбор бар.
Аларга 2020-жылдын ичинде 160 аял кайрылган. Жардам издеп келген кыз-келиндердин көпчүлүгү жакындарынын арасында колдоо таппай калганын Караколдогу реабилитациялоо жана колдоо борборунун координатору Мария Личанью айтып берди:
«Келиндердин көбү үч-төрт балалуу, айрымдары 7-8 бала менен бизге баш калкалаганга жер издеп, жардам сурап келет. Алар күйөөсү физикалык басмырлоо кылганын же болбосо моралдык жактан басынтканын айтат. Мындай жабыркаган келиндер эмне кылып, эмне деп сүйлөп атканына да маани бербей калат, себеби катуу стресске кабылат. Биз биринчи кезекте психологдор менен сүйлөштүрүп, өзүн кармоого, ачууга алдырбоого үйрөтүүгө аракет жасайбыз. Анткени кысым, запкы көргөн аялдар өзүнө өзү кол салган учурлар көп болот. Мындай аялдарды кадимки жашоого кайтаруу өтө оор. Кайрылган келиндердин 80% жогорку билим алган эмес, ала качуунун курмандыгы болгондор же ата-энесинин каалоосу менен эрте турмуш кургандар. Буларды жумушка орноштуруу, балдарын багып кетүүгө шарт түзүү оор. Ошондуктан алардын көпчүлүгү кайра эле запкы көрсөткөн күйөөсүнө кайтып барат, себеби жакындары “эл эмне дейт” деп колдобойт».
Адистердин айтымында, үй-бүлөдөгү кордукту көргөн аялды кайын-журту, төркүнү да түшүнүп, ага жардам берүүгө аракет кылбайт. Элеттеги кыз-келиндердин укугун коргоп келген Насипгүл Амасбаеванын айтымында, бул өтө чоң көйгөй.
«Кайненесинен зомбулук көргөнү аз келгенсип, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү да күйөөсүн аялына тукурган учурлар көп. Төркүнү "чыдап жаша" дешет. Барган сайын аялдарга болгон зомбулук күчөдү. Биздин кыргыздарда калыптанып калган стереотиптерден арылбай келебиз. Мисалга, эркек балага бала кезинен баарын кылууга уруксат беришет, ал эркек, башкаруучу, анын айтканы менен болот деп тарбия беребиз. Кыз балага төрөлгөндөн тарта “кыздын барар жери күйөө”, “Чыккан кыз чийден сырткары” деп өзүбүздөн бөлүп салабыз. Кыз балага кайын-журтуна кызмат кылып, бала төрөп, ага тарбия берип, өзү иштеп, баарына жагышы керек деген жоопкерчиликти жүктөп койгонбуз. Бирок үй-бүлө деген аялга да, эркекке да керек. Андан күнөөнү дароо аялга оодара салабыз, бул дагы аялдардын өзүнө өзү кол салышына түрткү болгон себептердин бири».
Карантинде күчөгөн зомбулук
Ысык-Көл облусунда 2020-жылдын 10 айында эле үй-бүлөдөгү зомбулуктан улам 537 аял милицияга кайрылган. Алардын ичинен болгону 57 арыз боюнча иш сотко чейин жеткен. Бирок 460 арыздын ээси кайра арызын кайтарып алып, зомбулук көрсөткөн күйөөсүнө доосу жок экенин айткан.
Бул жакында эле БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жарыялаган иликтөөдө да белгиленген. Анда үй-бүлөдөгү зомбулук иштеринин 70% тараптардын келишип алышы менен токтогону мисал келтирилген.
Кыргызстандагы кризистик борборлор ассоциациясынын жетекчиси Толкун Тулекова республика боюнча 2020-жылдын он айында эле 8 миңден ашык аял милицияга жардам сурап кайрылганын айтты:
«Аялдардын жана үй-бүлөнүн маселелерине арналган улуттук кеңешме 27-ноябрда өткөн. Анда Кыргызстан боюнча 8390 арыз катталганы, анын тогуз гана пайызы, тактап айтканда 773 арыз сотко жетип, каралганы айтылды. Ал эми 84 пайыз иш жабылып калган. Бул зомбулук көрсөткөн адам жаман адаттардан арылды, аял жакшы жашап калды дегенди түшүндүрбөйт, бул болгону ал аял үстөмдүктөн улам арызын кайтарып алганга аргасыз болгонунан кабар берет. Демек, көпчүлүк учурда эки тарап элдешти деп эле иш жабылып калууда».
Анткен менен психологдор кыргыз коомунда аялдар арызын жакын туугандарынын басымынын негизинде кайра кайтарып алууга мажбур болуп, бул маселени экинчи козгобогонго аракет жасайт деген пикирде. Алар зомбулукка көз жумган аялдар үчүн мындай кадам өзүн өзү курмандыкка чалууга барабар экенин эскертишет.
Дагы караңыз Карантинде кыз-келиндер көп кордолдуИчки иштер министрлигинин расмий маалыматы боюнча коронавирус пандемиясына байланыштуу карантин жарыяланганда Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук 65% өскөн.
Алсак, быйыл июнда Сузакта күйөөсү аялынын колун артка таңып, мойнуна дөңгөлөк асып, башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чаап жатканы тартылган видео тарап, кызуу талкууланган.
Көп өтпөй жабырлануучу арызын алып, күйөөсүнө доосу жок экенин билдирген.
Дагы караңыз
Дөңгөлөк асылган аял - коомдун кейиштүү жүзүСузактагы окуя коомду козгодуКызыл камчы жазасыз калбашы керекИюнь айында Бишкекте чогуу жашаган адамы тарабынан барымтага алынып, бычак жеген аял ооруканадан үзүлгөн.
17-июнда Бишкектин Дэн Сяопин көчөсүндө белгисиз адам кызганычтан улам жарандык никедеги аялын барымтага алып, бычак шилтеп, эч кимди жанына жолотпой койгон.
Аягында милиция келип, жараат алган аялды куткарган. Бычак жеген жабырлануучу ошол замат ооруканага жеткирилген.
Бул окуя үй-бүлө зомбулугу кызуу талкууга алынып, ага карата чараны күчөтүү маселеси көтөрүлүп жаткан учурга туш келген.
Дагы караңыз Зомбулуктун дагы бир курмандыгы каза таптыАдам укуктарын коргогон адистер Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук күчөгөнүн айтып коңгуроо кагып келишет.
Мындай көрүнүштүн кесепети аялдын өзүнө эле эмес анын жакындарына да тийген учурлар да катталууда.
Буга өткөн жылдын июль айында Сузакта 63 жаштагы аял күйөө баласынын колунан ажал тапканы мисал. 18 жаштагы жигит төркүнүнө кеткен келинчегинин артынан барып, кайненесине 16 жолу бычак шилтеген. Кайнатасын жарадар кылган.
Октябрь айында Ошто күйөөсүнүн токмогунан каза болгон келиндин апасы да таяктын айынан көз жумган. Кош бойлуу аялынын жана кайненесинин өлүмүнө шектүү киши эки айга камакка алынган.
Дагы караңыз
Сузакта зомбулуктун айынан эненин өмүрү кыйылдыЭне-кыздын өлүмү менен бүткөн зомбулукЭл аралык «Human Rights Watch» уюмунун 2020-жылга байкоо салган баяндамасында Кыргызстанда адам укуктары жаатында, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулук боюнча бир катар мыйзамдар бузулганын белгилеген.
Жүздөй мамлекеттеги, анын ичинде Кыргызстандагы адам укуктары тууралуу баяндама 13-январда жарык көргөн.
Анда Жазык-процессуалдык кодекске үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарын коргоого багытталган өзгөртүүлөр киргизилгенине карабастан бийлик бул багытта күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартпай жатканы жазылган.
Кыргызстанда 2017-жылы «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» мыйзам кабыл алынган.
Ош шаарындагы «Энсан Диамонд» Коомдук бирикмесинин директору Жамиля Капарова бул мыйзамда үй-бүлөлүк зомбулук үчүн кандай жаза каралганы тууралуу мындай маалымат берди:
«Үй-бүлөдө зомбулукка кабылган аял киши милицияга келип арыз жазса, Жоруктар кодексине ылайык иш козголот. Андан кийин зомбулук көрсөткөн кишиге убактылуу коргоо ордери берилет. Анын зомбулукту токтотуу, аялынын жанына жолобоо деген эки-үч шарты бар. Эгер эркек буга баш ийбесе, анда ага ошол эле Жоруктар кодексинин убактылуу коргоо ордеринин шарттарын бузуу беренеси менен 30 миңден 80 миң сомго чейин айып пул салынат. Эгер олуттуу залал келтирсе, жубайына кол көтөргөн адамды 48 саатка камоо да каралган. Муну милиция органдары зомбулуктун деңгээлине жараша чечет. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыркаган киши денесинен жараат алса, экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы менен Жоруктар жана Жазык кодекстеринин беренелери менен иш козголот».
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2010-жылдан баштап 2020-жылдын алгачкы тогуз айына чейин «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча аялдардын киши колдуу болгонуна байланыштуу 762 кылмыш иши козголгон.
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов парламенттин 20-январдагы сессиясында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып 2020-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча катталган фактылар 9025ке жеткенин кабарлады. Анын айтымында, айтылган фактылардын 947си боюнча кылмыш иши козголуп, сотко жиберилген.
Бул көрсөткүч бир ай ичинде зомбулук боюнча 680ден ашык факты катталды дегенди түшүндүрөт.
Буга чейин укук коргоо органдары 2020-жылдын 11 ай ичинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8 337 факты катталганын жарыялаган.
2019-жылы өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу беш миңден ашуун факт катталган. 580 иш сотко чейинки териштирүүгө алынган.
20-январдагы парламент жыйынында «Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Мыйзам долбоорунда жабырлануучу тосмо арыз жазганына карабай ага зомбулук көрсөткөн кишини жазага тартуу сыяктуу катаалдашкан чаралар камтылган.