Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:28

Сузакта зомбулуктун айынан эненин өмүрү кыйылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сузакта бычакталган 63 жаштагы аялдын өлүмүнө күйөө баласы шек саналып камалды. Маркумдун жараат алган жолдошу азыр ооруканада жатат. Окуяга жаш үй-бүлөдөгү чыр-чатак, жигиттин агрессивдүү жүрүм-туруму себеп болгону айтылууда.

Адам өлтүрүүгө шектүү 18 жаштагы жигитке Жазык кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, камакка алынды.

Осмоналиевдердин үй-бүлөсү үч күндөн бери аза күтүп жатат. Үйдүн кожейкеси, 63 жаштагы аял 1-июлдун түнүндө киши колдуу болгон.

Неберелери менен чогуу жашаган түгөйлөргө түн катып келген күйөө баласы бычак шилтеген.

Шектүүнүн жубайы, аты-жөнү өзгөртүлгөн Наргиза окуя тууралуу буларды айтып берди:

«Ошол күнү уйкум качып түпөйүл тартып жаткам. Бир убакта көзүм илинип кетиптир. Таенем менен таятамды кантип бычактаганын көрбөй калдым. Бир убакта таенемдин “башкаларга телефон чал” деп кыйкырганын уктум. Мени бир бөлмөгө киргизип, сыртыман кулпулап коюшкан. Жолдошум эшикти бузуп кирип, колумду байлап, оозума скотч чаптады. Көзүмдү колу менен жаап, сыртка алып чыкты. Бут кийимимди кийип жатканда, эшик алдында жаткан таенем менен таятамды көрүп калдым. Ошол кезде таятам жерге түкүрүнүп, энтигип жаткан экен. Жолдошум аларга дары бергенин, каршылык көрсөтсөм үйдөгү балдарга да жаман болорун айтты. Мен коркконумдан унчукпай калдым».

Сузак районундагы Осмоналиевдердин үйү.
Сузак районундагы Осмоналиевдердин үйү.

Наргиза ата-энеси ажырашып кетип, кичинесинен эле таенесинин колунда чоңойгон. Апасы Орусияда эмгек миграциясында жүрөт.

18 жаштагы келин жолдошу менен кесиптик лицейде бирге окуган. Экөө ушул жылдын февраль айында баш кошкон экен. Каргашага чейин күйөөсүнөн зомбулук көрүп, таятасынын үйүнө келгенин айтты:

«Жолдо автоунаалар көп болгондуктан колумдагы жана оозумдагы скотчту алып, “кыйкырсаң, жаагыңды талкалап салам” деп коркутту. Үйгө баргандан кийин кийим-кечелерин жана документтерин чогултту. Ошол түнү чатырда жаттык. Эртең менен милиция барып, ошол жерден кармап кетти. Жолдошум каргашалуу окуяга чейин үйгө келип, “өлтүрөм” деп коркуткан экен. Таенем 30-июнда милицияга "арыз жазам" деп кеткен. Бирок иш эмне болгону бизге белгисиз бойдон калды».

Адам өлтүрүүгө шектүү жигит 18 жашта. Ата-энеси ажырашып кеткендиктен ал да тайларынын үйүндө чоңойгон экен. Кырсыкка чейин Сузак районунун Сымкат айылында таякесинин үйүндө өзү жалгыз жашаган. Жигиттин апасы да эмгек миграциясында жүрөт.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Шеркул Турганбаев учурда жагдай териштирилип жатканын айтты.

Шеркул Турганбаев.
Шеркул Турганбаев.

«Алдын-ала алынган маалыматка караганда, шектүү акыркы эки айдан бери кызганычтын айынан ура бергендиктен жубайы таятасынын үйүнө кетип калган. 29-июнда күйөөсү аны алып кетүүгө барганда бербей коюшкан. Ошол күнү күйөө баласы «өлтүрөм» деп коркутуп кеткен экен. 1-июлга караган түнү саат 00:15 чамасында баш кийимден чүмбөт жасап, кийип барган. Аялынын ата-энеси: «Азыр сүйлөшө албайбыз, күндүз кел» дешкен. Бирок ал жубайынын таятасына, андан соң таенесине бир нече жолу бычак шилтеген. Келинчегинин колун скотч менен байлап, оозун да скотчтоп, күч колдонуп үйүнө алып барган. Андан соң өзү жашынып алган. Учурда шектүү Сузак райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, тергөө амалдары жүрүп жатат».

Кылмышка шектүү жигиттин кошуналары анын мындай кадамга барганына ишене албасын айтышканы менен кенен сүйлөп берүүнү каалашкан жок.

Ал эми 16 жолу бычак жеп каза тапкан аялдын жолдошу, Наргизанын таятасы учурда Жалал-Абад облустук ооруканасында дарыланууда.

Дарыгерлер анын абалын туруктуу деп баалашты. Оорукананын директорунун орун басары Арстан Алымбаев буларды билдирди:

Арстан Алымбаев.
Арстан Алымбаев.

«66 жаштагы Жумабай Осмоналиев биздин ооруканага 1-июль күнү келген. Моюнуна бир, далынын орто тарабына эки жолу бычак сайылган. Бизге келгенге чейин үйүндө бир күн жатып калып, андан соң Октябрь аймактык ооруканасында дарыланган. Биздин бейтапканага келгенден кийин жандандыруу бөлүмүндө жатып, абалы жакшыргандыктан сынык-жараат бөлүмүнө котордук».

Кош бойлуу Наргиза болсо жолдошу менен ажырашып, ушул үйдө калууну чечти. Ал таенесинин колунда жүргөн бир жана үч жаштагы балдарды эми өзү жалгыз карап жатат.

Бул окуяны көпчүлүк үй-бүлөдөгү тарбиянын, миграциянын жана зордук-зомбулук коштолгон Интернет оюндарынын таасири катары баалашууда.

Адистер жоокерчиликти күчөтүү жана мыйзамдык тартипти сактоо менен жаштардын агрессивдүү аракетинин алдын-алса болот деген пикирде.

Багыш айыл өкмөтүнүн аялдар кеңешинин төрайымы Анаркүл Машаева келин учурда психологиялык жардамга муктаж экенин айтты. Сузак районунда тогуз кишиден турган комитет түзүлүп, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын-алуу үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын билдирди.

Анаркүл Машаева.
Анаркүл Машаева.

«Үйдүн кожоюну ооруканада, неберелерин баккан аялы каза болуп калды. Жубайлардын эки кызы жана баласы Орусияда иштейт, шартка байланыштуу келе алышкан жок. Жаш келин кичинекей эки баланы өзү жалгыз карап жатат. Кошуналары аларга тамак-аш жагынан жардам берип, биздин көзөмөлдө турат. Келин катуу коркуп калган экен, түнкүсүн кошуналарынын үйүндө түнөп жүрөт. Каза болгон аялдын сиңдиси балдарды алып кетип, убактылуу карап турмай болуптур. Алдыдагы күндөрү биз жабыркаган келинди реабилитациялык борборго жайгаштырып, өз алдынча иш табууга жардам берели деп турабыз. Катуу стресс алган экен, өзүнө келе албай жатат. Соңку учурда Сузак районунда мындай жагымсыз окуялар байма-бай болуп жатат. Райондук деңгээлде тогуз адамдан турган комитет түзүлүп, алар зомбулуктун кесепети тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө» .

Буга чейин Сузак районундагы айылдардын биринде өзүнө бензин чачып өрттөгөн 24 жаштагы жигит ооруканада каза тапкан. Маркум суйлөшкөн кызын ата-энеси бербей койгондон кийин ушундай кадамга барганы айтылган.

12-июнда социалдык тармактарда тараган видеодо эркек киши моюнуна эки дөңгөлөк байланган, колу таңылган аялга башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чаап жатканы көрсөтүлгөн. Сузакта болгон окуя боюнча 47 жаштагы аял милицияга арыз менен кайрылган.

Милиция бул факт боюнча Жазык кодексинин «Уруп-согуп кыйноо» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, 51 жаштагы киши кармалган. Бул окуя коомчулукта катуу сынга кабылып, өкмөт үй-бүлөлүк зомбулук боюнча окуяны өз көзөмөлүнө алганын билдирген.

2-июлда сот болуп аялын урган киши күнөөлүү деп табылды. Сот аны эки жылга шарттуу түрдө кесип, сот залынан бошотту.

Өткөн айда эле Бишкекте чогуу жашаган адамы тарабынан барымтага алынып, бычак жеген аял ооруканада каза болгон.

Мындай көрүнүштөрдү пандемиянын адамдардын психологиялык абалына тийгизген таасири катары карагандар да бар.

"Азаттыктын" зомбулук тууралуу даярдаган берүүсү. 2020-жыл

Билимден өксүгөн коомдо зомбулук өрчүйт
please wait

No media source currently available

0:00 0:25:30 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG