“Аялын уруп жүрүп акыры өлтүргөндөр бар”. Дарыгерлер күбө болгон зомбулук

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектин ооруканаларына, "Тез жардам" кызматына күйөөсүнөн токмок жеген аялдар күнүгө кайрылат. Бирок алардын көбү арыз жазуудан баш тартып келет. “Азаттык” борбор калаадагы дарыгерлер менен маектешип, зордук-зомбулук боюнча маалымат алды. Дарыгерлер күбө болгон айрым окуялар үрөйдү учурат. Алардын айтымында, аялын кабыргасы сынгыча, башы жарылгыча сабагандар, сабап өлтүрүп койгондор да кездешет.