Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:05

"Драма" жана "шоу". Миллиондогон киши көңүл бурган Бишимбаевдин соту


Жарандык никедеги аялы Салтанат Нукенованы өзгөчө мыкаачылык менен кыйнап өлтүргөн деп айыпталып жаткан Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевдин сотуна миллиондогон адамдар күбө болууда.

Алардын арасында чет элдиктер да бар. Сот жараяны эмне үчүн коомчулуктун көңүлүн бурду жана сот отурумун Казакстанда биринчи жолу онлайн көрсөтүүнүн сыры эмнеде?

Жалпы эл талкуулап жаткан жараян

"Бир сөз менен айтканда, башына бир нече жолу сокку жеген. Эстен танбаган адам өзүнө мындай жаракатты келтире албайт", - деди соттук-медициналык эксперт Тахир Халимназаров Астана шаарынын Кылмыш иштери боюнча адистештирилген райондор аралык соттун калыстар тобунун алдында сүйлөп жатып.

Март айынан бери сот күйөөсүнүн уруп-сабоосунда болуп, мыкаачылыгынан ажал тапкан 31 жаштагы Салтанат Нукенованын окуясына байланыштуу кылмыш ишин карап жатат. Айыпталуучу — маркумдун жарандык никедеги күйөөсү, Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев. Экөө диний жөрөлгө менен нике кыйышкан.

"Нукенова башына бир нече жолу тийген катуу соккудан улам каза болгон, адам жыгылганда мындай жаракаттарды албайт", - деп түшүндүрдү серепчи. Экспертизанын жыйынтыгында маркумдун канында болор-болбос өлчөмдө спирт бар экени аныкталган.

Салтанат Нукенова
Салтанат Нукенова

Халимназаровдун айтымында, аялдын мойнунда муунтуунун изи калган. Эксперт Салтанаттын башындагы жаракаттарды манекенге фломастер менен чийип көрсөттү.

Халимназаровдун сөзүн 10 кишиден турган калыстар тобу жана сот жараянын түз эфирде көргөн миллиондогон адамдар угушту. Учурда бүтүндөй Казакстан Нукенованын өлүмүн талкуулап жатат. Бул сот процессин журналисттер, юристтер, активисттер талкуулап жатат. Чуулгандуу процесс жөнүндө ар бир кафеде, коомдук транспортто, спорт залда, көчөдө эл сөз кылууда.

"Буга бардык жагынан өбөлгө түзүлдү: мыкаачылык менен [киши] өлтүрүү, айыпталуучунун белгилүү адам экендиги, гендердик теңчилик темасынын глобалдык тенденцияга айлануусу, процесстин техникалык жактан уюштурулушу. Сот алгачкы жолу бир нече камераларды коюп, даана угулган үн менен түз эфир уюштурду", - дейт сот жараянына байкоо салып жаткан адвокат Жохар Өтебеков.

Социалдык тармактар Астанадагы сот жараяны тууралуу талкууга толду. Нукенованы жана анын үй-бүлөсүн колдоп пикир жазгандар да көп. Сотту чет өлкөдөн көрүп жаткан интернет колдонуучулар да #салтанатүчүн жана #Saltanat хештегдери менен флешмобго катышууда. Маркумга ыр, обон арнап, сүрөт тартып, басып чыгаргандар да бар.

Бул сот процесси тууралуу Reuters, BBC, Deutsche Welle, Delfi сыяктуу дүйнөлүк басылмалар жана орусиялык ири маалымат каражаттары менен блогерлер да жазып жатышат.

"Сот отуруму ачык болгондуктан, дүйнө жүзүнө тарады. Колдонуучулар сот тууралуу өз ой-пикирин жарыялап, контент жаратышууда. Социалдык тармактарда кызуу талкуу жүрүп жатканын байкап жатабыз. Мындайды атайын уюштурууга болбойт. Бул коомчулуктун нааразычылыгы жана кыжырдануусу", - дейт аялдарга зордук-зомбулук фактысын массалык маалымат каражаттарында жарыялоо менен алектенген ыктыярчы Айгүл Алиясова (ал Нукенованын өлүмүнө байланышкан ишке катышпайт – ред.).

АКШда жана Европада жашаган казактар: "No excuse for abuse", "Әр қазақ әйелі — жалғызым", "За Салтанат", "Бьёт — значит сядет" сыяктуу ураандар менен ондогон митингдерди өткөрүштү.

Маркум Салтанат Нукенованы колдоо акциясы. Рим, Италия. 13-апрель, 2024-жыл.
Маркум Салтанат Нукенованы колдоо акциясы. Рим, Италия. 13-апрель, 2024-жыл.

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактылары көп катталып жаткан Борбор Азия өлкөлөрү соттун жүрүшүнө түз эфирде көз салууда. Дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бири болгон Түркмөнстанда "бул жараян тууралуу басма сөздө айтылбаса да, эл көрөт" деп билдирди "Азаттыктын" Ашхабаддагы кабарчысы. Түркмөнстандыктар казак коомундагы чоң талкууга кызыгат. Журналисттин айтымында, Түркмөнстанда эл мындай көйгөйлөрдү, өзгөчө таасирдүү үй-бүлөлөрдөгү зордук-зомбулукту ачык талкуулай албайт.

"Мындай үй-бүлөлөр аялдарды коркутуп-үркүтүшөт. Аларды үйдөн да чыгарышпайт, туугандарына да жолотпойт. Аялдар айласыз абалда. Барар жери жок", — дейт маектеш.

Салтанатты каралоо стратегиясы элдин көңүлүн сотко бурду

2023-жылы 9-ноябрда Астанадагы BAU ресторанына тез жардам чакырылган. Окуя болгон жерге келген дарыгерлер жаш келин каза болгонун билдиришкен. Анын бети жана денеси канга боёлгон эле. Милиция кызматкерлери маркумдун жарандык күйөөсү Куандык Бишимбаевди кармашкан. Ошондон бери ал абакта отурат.

Кийинчерээк көзөмөл камерасына тартылган видеодон Бишимбаевдердин үй-бүлөсү иштеткен ресторанда жубайлардын ортосунда чыр чыгып, күйөөсү аялын ур-токмокко алганы көрүнөт. Тергөө учурунда калыбына келтирилген видеодо (тасма каргашалуу окуядан кийин Бишимбаевдин буйругу менен өчүрүлгөн) күйөөсү аялды бетке муштап, жерге жыгылгандан кийин тепкилегенин көрүүгө болот.

"Мен аны өлтүрөйүн же жарадар кылайын деген оюм жок болчу. Мен түшүнүп, этият болдум, ушинтип өзүмдү кармай алчумун. Мен сактандым", - деди Бишимбаев жубайы каза болгондон алты ай өткөндөн кийин сотто сүйлөп жатып.

Салтанат Нукенованын сөөгү табылган VIP-кабинада коопсуздук камерасы болгон эмес. Ошол күнү ресторандын дубалын сырдоого келген жумушчулар дубалдын артынан кыйкырык, ызы-чууну угушкан. Бул тууралуу соттук териштирүүгө келип, түшүндүрмө берген жумушчулардын бири билдирди. Окуя болгон жерден тартылган сүрөттөрдө VIP-кабинадагы даараткананын эшиги сынганын жана пардалардагы канды көрүүгө болот.

Бишимбаев ошол күнү кечинде Салтанат экөө урушуп кеткенин айтып, "мас болгондуктан (эксперт маркумдун канында билинер-билинбес өлчөмдө алкоголдук ичимдик бар экенин аныктаган) унитазга бети менен кулаган, андан кийин полго бир нече жолу кулаган" деген. Болгону аялын бир нече жолу чаап, жамбашына тепкенин мойнуна алган.

Анын айтымында, Салтанат ошол окуядан кийин уктап калып, анан бети көгөрүп, шишик пайда болгон. Аялынын ойгонбой жатканын байкаган Бишимбаев тааныш "көзү ачыкка" чалат, ал аялы ойгонорун "убадалайт". "Ошондон кийин өзүмдү жакшы сезип калдым", — дейт Бишимбаев сотто.

Бирок Салтанаттын денеси муздап, жаагы карышып калганда гана ресторанга тез жардам чакырылган.

Сотто Бишимбаев Салтанаттын үй-бүлөсүнөн кечирим сурады. Бирок аялынын өлүмүнө күнөөлүү эмес экенин, болгону "бул окуяга тиешеси бар" экенин айтты.

Ошол маалда сот залында отурган маркумдун апасы чыдабай: "Кызым менен коштошкон жокмун, көрө албадым, көрсөтпөй койду. Ал өмүр бою сенин көз алдыңда элестей берет деп көрсөтпөй коюшту. Сен аны сегиз саат бою кыйнап, кордоп өлтүргөнсүң", - деп айтты.

Салтанат Нукенова каза болгон Астанадагы Bau рестораны.
Салтанат Нукенова каза болгон Астанадагы Bau рестораны.

Сотто сүйлөгөн сөзүндө Бишимбаев жарандык никеде жүргөн маркум жубайын кызганычтан дайыма кыйкырып турган, ажаан аял катары мүнөздөдү.

Жохар Өтебеков айыпталуучунун маркумдун кадыр-баркына шек келтирүү үчүн кылган амалы сот жараянына кызыгууну арттырганын айтат.

"[Бишимбаев] аялы кайсы бир деңгээлде иш-аракети менен өз өлүмүмүнө себепкер болду деп айтууга шылтоо кылды. Ал бутуна тура албай, унитазга, дубалга уруна берип, күйөөсүнүн жинин келтирген имиш. Мында тим эле Голливуддагыдай драма коюлуп жатат", - дейт адвокат.

Салтанатты жакындан тааныгандар сотко түшүндүрмө берип, ал "күйөөм досторум менен сүйлөшүүгө тыюу салып, телефонумду текшерип, кызганчаактык кылып жатат" деп нааразы болгонун айтышкан. Мындан тышкары, алар аялдын денеси көк ала болуп жүргөнүн байкашкан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, күйөөсү Салтанат Нукенованы өлөр алдында бир ай кыйнаган, бирок Бишимбаев аялынын психикалык саламаттыгына өзү күнөөлүү экенин, алкоголдук ичимдиктерди көп ичкенин, кызганчаактыгын, тынчтык бербегенин айтып, өз күнөөсүн мойнуна алган эмес. Мындан тышкары, ал Салтанаттын мурда башка эркектер менен да болгон мамилеси тууралуу ачык айтып берүүнү туура көрдү.

Укук коргоочу Молдир Албан аялдарга жасалган зордук-зомбулук боюнча сот отурумдарында "аял өзү күнөөлүү" деп көп айтышат дейт:

"Туура эмес жүрчү, ашыкча сүйлөчү, туура эмес кийинчү, барбашы керек жерлерге барчу деп айыпташат. Мурда бул чектөөлөр кадыресе эле көрүнүш деп эсептелчү. Тилекке каршы, сот Салтанаттын жеке жашоосун түз эфирде талкуулоого уруксат берди. Элдин баары маркумдун мурда эмне кылганын, ким менен карым-катнашта болгонун ачык-айкын укту".

Бул сот жараянында Бишимбаев менен бирге анын тууганы, окуя болгон ресторандын ээси, компаниянын директору Бакытжан Байжановдун иши да каралууда. Ага "Кылмышты жашыруу" жана "Оор кылмыш тууралуу кабар бербөө" беренелери боюнча айып тагылган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Байжанов өлүм оозунда жаткан Салтанаттын телефонун туугандары геолокация аркылуу таап албасын деген ниетте үйүнө алып барып, жардамчысына ресторандын коопсуздук камерасынан видеону өчүрүүнү буйруган.

Байжанов сотто маркумдун жакындарынан жана өзүнүн үй-бүлөсүнөн кечирим сурады. Ал Салтанаттын өлүп каларын билбегенин айткан. Ал агасы [Бишимбаев] аялын дайыма уруп-сабап жүргөнүн мурунтан эле билгенин айтып, бирок "казактын салты мага бирөөнүн үй-бүлөлүк иштерине кийлигишүүгө жол бербейт" деп актанган. Айыпталуучу "өзүнүн аракеттерине жана аракетсиздигине" өкүнүп жатканын айтты.

"Алтын бала" фактору

44 жаштагы Куандык Бишимбаев - Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин тушундагы саясий элитанын өкүлү. Назарбаевдин жарлыгы менен 1990-жылдары кабыл алынган, келечектүү жаштарды дүйнөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларында окутууну көздөгөн "Болашак" программасынын стипендиаты. 2001-жылы АКШдагы Жорж Вашингтон университетинде магистр даражасын алган Бишимбаевдин бийликтеги карьерасы Казакстанга кайтып келгенден кийин башталган. Ал мамлекет башчынын жардамчысы жана экономика министри болуп иштеген, мамлекеттик сыяктанган фонддордо жана түзүмдөрдө жетекчилик кылган.

Куандык Бишимбаев cот залында отурат. Астана. 29-март, 2024-жыл.
Куандык Бишимбаев cот залында отурат. Астана. 29-март, 2024-жыл.

2017-жылы Бишимбаев "Байтерек" улуттук холдингинде иштеп турганда коррупцияга шектелип, тергөөгө алынган. Тергөөнүн версиясы боюнча, Бишимбаев холдингдин жетекчиси болуп туруп, миллиарддаган теңге акчаны кымырып алуу схемасын уюштуруп, курулуш компанияларынан пара алган. 2018-жылы сот аны 10 жылга эркинен ажыратып, жазасын күчөтүлгөн режимдеги колонияда өтөөгө өкүм чыгарган. Бишимбаевди Түркстан облусуна алып кетишкен.

"Чынын айтсам, Куандык Бишимбаевге боорум ооруп жатат. Биз ошончо окуттук. Адамдарды окутууга убакытыбызды, акчабызды жана каражатыбызды жумшап жатабыз", - деген эле убагында Нурсултан Назарбаев ал тууралуу.

2019-жылы февраль айында Назарбаев мурдагы министрди кечирип, 10 жылдык жаза мөөнөтүн 4 жылга кыскарткан. Бишимбаев камактан мөөнөтүнөн мурда бошотуу өтүнүчү менен 2019-жылы бошотулган.

Чымкент сотунун басма сөз кызматы Бишимбаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотуу өтүнүчү мыйзам чегинде толугу менен канааттандырылганын, жаза мөөнөтүнүн үчтөн экисин өтөгөнүн, колониянын жетекчилиги ал тууралуу жакшы пикирде экенин, ал атайылап мыйзам бузбаганын жазган.

"Бишимбаевдин иши – коррупциянын, протекционизмдин жана жазасыз калуунун жамааттык мисалы", - дейт Айгүл Алиясова.

Назарбаевдин экс-министрге ырайым кылганы Нукенова каза болгондон кийин гана айтыла баштады.

ProTenge долбоору Бишимбаев жазасын 2026-жылга чейин өтөшү керек болчу деп эсептейт.

"Эң акылдуу жана эң жаш аткаминер [өкмөттүн] сүймөнчүктөрүнүн катарында болчу. Жазасынын үчтөн бирин да өтөгөн жок. Ал оор кылмыштары кечирилген "алтын бала". Эгер ал түрмөдө отурса, Салтанат тирүү калмак. Ушул жагдай элдин кыжырын кайнатып жиберди", - дейт зордук-зомбулукка каршы түзүлгөн SVET фондунун негиздөөчүсү Мөлдир Албан.

Бишимбаевге жаңы кылмыш иши козголгон учурда, бул адам жоопкерчиликтен качып, жазадан кутулуп кетеби деген күмөн саноолор коомчулукта көп айтыла баштады. Айыпталуучуга карата өкүмдү калыстар тобу чыгарат деген кабар көпчүлүктү ого бетер капалантты. Мисалы, "Азаттыктын" катталуучулары "эми ал сот арачыларын сатып ала турган болду", "демек, акталып чыгат" деген пикирлерин калтырышууда.

"Биздин өлкөдө мындай сөздөр бекеринен айтылбайт. Анткени укук коргоочулардын отчетуна ылайык, сот системасы аткаруу бийлигине көз каранды, ал жакта коррупция бар", - дейт Жохар Өтебеков. Бирок сот арачылары, адвокаттын айтымында, демейки сотко кыйла атаандаш боло алат".

"Жюрилерге дүйнөнүн каалаган өлкөсүндө таасир этиши мүмкүн. Бирок сотко кысым көрсөтүү андан да оңой, - деп түшүндүрдү ал. - Сот арачылар корголууга тийиш".

10-апрелге чейин журналисттер Бишимбаевдин иши боюнча бардык отурумдарга катышты. 10-апрелде массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү залдан чыгарылды. Сот Айжан Кулбаева сот арачылары тартылган сүрөттөр социалдык тармактарга тараганын түшүндүрдү. Сот арачыларды видеого тарткан журналисттерди жоопко тартууну көздөп жатат. Ошондой эле сот ЖМКларга бул материалдарды алып салууга буйрук берип, сот арачыларын куугунтуктан коргоо үчүн алар тууралуу маалыматты таратууга тыюу салды.

Көңүлдү башка жакка буруу аракетиби?

Серепчилер Бишимбаевдин ишин караган сот жараянында адеп-ахлак маселелери да козголду деп эсептешет. Сот залында ресторандын байкоочу камерасына түшүп калган, этикага туура келбеген видеокадрлар көрсөтүлдү. Салтанат Нукенованын үстүндө Куандык Бишимбаевдин күрмөсүнөн башка эч нерсе жок экени көрүнүп турат. Сотко жабырлануучу катары катышып жаткан Айтбек Амангелди жана анын курбу кыздарынын маркум менен жазышкан каттары да окулду.

Сотко жабырлануучу катары маркум Салтанат Нукенованын агасы Айтбек Амангелди (оңдон үчүнчү) катышууда.
Сотко жабырлануучу катары маркум Салтанат Нукенованын агасы Айтбек Амангелди (оңдон үчүнчү) катышууда.

"Сот ачык болушу керек, бул боюнча эч кандай талаш-тартыш жок. Бирок онлайн берүү ушунчалык зарыл беле? Күмөнүм бар. Биздин эл Бишимбаевдин сотун онлайн шоуга айлантып жиберди, - деп эсептейт саясат таануучу Димаш Алжанов. - Биринчиден, бул жалпы кабыл алынган практикага карама-каршы келет, анткени маалыматтык ызы-чууну көрүп, байкап турган сот арачыларынын чечимине терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Экинчиден, маркум Салтанаттын жашоосундагы жеке (интимдик) нерселер бүт өлкөгө тарады".

Эксперт сот жараянын ушундай жол менен уюштуруу чечимин президенттик администрация чыгарган болушу мүмкүн деп эсептейт. Ал ошондой эле Акордо элдин нааразычылыгын эске алып, сот системасынын ишин өздөрү үчүн пайдалуу нукта көрсөткүсү келгенин айтат.

Бул саясий жактан коопсуз экенин да белгилей кетүү керек. Сотто "эски Казакстандын" аткаминери отурат, ал эми кылмыш ишинде эч кандай саясий өңүт жок.

"Январдагы нааразылык акциялары боюнча бир катар жабык сот процесстеринен кийин, [жарандык активисттер] Марат Жыланбаев, Айгерим Тлеужан, [журналист] Думан Мухаммедкаримдин камакка алынышы, ошол эле учурда Самат Абиш жана Назарбаевдин башка үй-бүлө мүчөлөрү боюнча талаштуу чечимдер, Бишимбаевдин үй-бүлөсүнө байланыштуу онлайн сот жараяны сыяктуу окуялар өлкөнүн көңүлүн башка жакка буруп, коомчулуктун президентке болгон нааразычылыгын азайтууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле бул окуя Токаевдин "эски Казакстанды" оңдоп-түзөөгө киришкенин жакшы сүрөттөйт", — дейт Алжанов.

Ал бийлик чындап эле өлкөдөгү үй-бүлөлүк зомбулуктун абалын өзгөртүүнү көздөп жатканына күмөн санайт:

"Бул жерде маселе жазаны катаалдаштырууда гана эмес, милиция менен соттордун ишин кайра түзүү зарылчылыгы жөнүндө болуп жатат. Зордук-зомбулук жасаган адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуу аздык кылат. Коомчулуктун назарын туура нукка, реформаны талап кылууга багытталууга тийиш. Милициянын ишин өзгөртүү өтө маанилүү, алар саламаттык сактоо жана социалдык коргоо органдары менен биргеликте ар кандай коогалуу көрүнүштөргө жооп бериши керек", - дейт саясат таануучу.

Алжанов экс-чиновниктин ачык соту "ички аудиторияга багытталганын" айтат. Казакстандыктарга сот жараяны кандай өтүп жатканы гана көрсөтүлүүдө, бирок көпчүлүк учурда жараян андай өтпөйт.

"Көрсөтмөлүү соттун ордуна сот арачыларынын классикалык моделин жана тараптардын чыныгы атаандаштыгы бар ачык соттордун стандарттык практикасын көрсөтүү керек. Коомдун милдети - бул өзгөрүүлөргө жетишүү", - деп сөзүн жыйынтыктады Алжанов.

Бакытжан Байжанов сотто
Бакытжан Байжанов сотто

Бишимбаевдин соту жүрүп жатканда маркумдун бир тууган агасы Айтбек Амангелди, укук коргоочу Дина Таңсары, Халида Ажыгулова жана башка активисттер “Сенатка кат” акциясын башташкан. Алар палатанын төрагасы Маулен Ашымбаевге кат жолдоп, аялдардын укуктарын жана балдардын коопсуздугун коргоо боюнча мыйзам долбоорун кайра карап чыгууну суранышты. Документте ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук кылгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана педофилия үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу каралган.

Беш миңге жакын адам кайрылуу жолдогон. Бул кампания башталгандан бир жума өткөндөн кийин депутаттар долбоорду эки окууда жактырышты. Парламент Куандык Бишимбаевдин туулган күнүндө - 11-апрелде "Салтанат" мыйзамын колдоду. 15-апрелде президент бул документке кол койду.

"Азаттыктын" казак кызматынын материалдарынын негизинде даярдалды. Макаланы орус тилинде бул жерден окуй аласыз.

XS
SM
MD
LG