Сталинизм курмандыктарын эскерүү жана изилдөө: “Ата Бейит” чакырыктары

Профессор Роза Айтматова “Ата-Бейитке” жашырылган сталиндик курмандыктар жөнүндө жыйында сүйлөөдө. Кыргыз мамлекеттик тарых музейи. 02.11.2023.

1920–1953-жылдардагы шарттуу түрдө сталиндик доор деп аталып жүргөн кезеңде Советтер Биримдигиндеги тоталитардык системанын ар кыл куугунтуктоолорунун курмандыктары болгон ата-бабаларды эскерүү Кыргызстанда жыл сайын өткөрүлүүчү жөрөлгөгө айланган. Бирок бул бабалардын далайларынын тагдыры терең изилдене элек. “Ата Бейит” эскерүү жайы бул нукта кыймылдаткыч күч болушу керекпи? Тарыхчынын блогу.

85 жыл мурдагы алааматтуу күндөрдү эскерген жай

2-ноябрда Кыргызстандын мамлекеттик тарых музейинде «Тарыхый эс-тутум: 1938-жылдагы репрессия курмандыктары жана анын кесепеттери» аттуу эл аралык илимий жыйын өткөрүлдү.

85 жыл мурда “Ата-Бейитке” тымызын көмүлгөн сталиндик курмандыктар жөнүндөгү жыйында. 02.11.2023.

Бул илимий шерине мындан 85 жыл илгери Бишкектин түштүк-чыгышында Чоң-Таш айылынын түштүк тарабындагы тоо өңүрүндө жайгашкан мурдагы кирпич жасоо устаканасынын пайдаланылбай калган чуңкуруна жапырт көмүлгөн 137 кишинин сөөктөрүнүн тымызын жашырылган кайгылуу окуясынын 85 жылдыгына арналды.

Жыйындын катышуучулары бул шерине аяктаган соң андан ары Чоң-Таш айылынын түштүгүндө жайгашкан “Ата Бейит” улуттук тарыхый мемориалдык комплексине барып, сталиндик репрессиялар маалында набыт кеткен бабаларга таазим кылып, андагы 1991-жылдын 30-августунда ачылган көрүстөнгө гүлдесте коюшту.

“Ата Бейит” көрүстөнү жогоруда айтылган мурдагы чакан кирпич жасоо устаканасынын казылган чуңкурунан төмөнүрөөктө жайгашып, бара-бара улуттук тарыхый эскерүү комплексине айланган.

«Ата-Бейит» тарыхый мемориалдык комплексиндеги Ч.Т.Айтматовдун эстелигинин жанында. Профессор Роза Айтматова жана башка айымдар. 02.11.2023.

“Ата Бейиттин” кеңейтилиши

Бул жайга 2008-жылы 14-июнда кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Төрөкул уулу Айтматовдун да сөөгү коюлган.

Андан соң мурдагы президент Курманбек Бакиевдин режимине каршы 2010-жылдын 7-апрелинде жүзөгө ашкан элдик ыңкылап маалында курман болгон баатырлардын сөөктөрү жерге берилген.

Ал эми 2016-жылы сентябрда, Кыргызстан оторчул падышалык Орусияга каршы 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн жана андан кийинки Улуу Үркүндүн 100 жылдыгын белгилеген учурда, “Ата Бейит” комплексинде жүз жыл мурдагы каармандык жана кайгы аралаш болгон окуяларга байланыштуу эстелик ачылган.

Оболу коммунисттик тоталитардык түзүлүш маалында жазыксыз курман болгон бабаларга гана арналган “Ата Бейит” эскерүү жайы, ошентип, жалпы 1916–2010-жылдардагы окуяларга байланыштырылган улуттук эскерүү жайына айланды.

Дагы караңыз "Төрөкул Айтматов менен бир камерада отурдум"

Айтматов жана “Ата Бейит”

Оторчулук эзүүгө каршы, андан соң тоталитардык жана авторитардык режимдерге каршы күрөштө курман болгон бабалардын сөөктөрүнүн жанында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сөөгүнүн коюлушу да өзгөчө символдук окуя болуп калды.

Биринчиден, маңкурттукка каршы күрөш ураанын чакырган жазуучу Чыңгыз Айтматов, өз учурунда СССРдеги Лениндик жана мамлекеттик ар кыл сыйлыктарга ээ болгондугуна карабастан, өзү да тоталитаризмге каршы айдыңдык кыймылдын бараандуу өкүлү болуп калган.

Экинчиден, сталиндик жазалоолор маалында жазыксыз жерден атууга кеткен анын атасы, мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматов да “Ат Бейитте” түбөлүк жай тапкан алатоолуктардын бири.

Үчүнчүдөн, эгерде “Ата Бейитти” шарттуу түрдө айдыңдык пантеон (байыркы римдик кудайларга арналган эмес, алатоолук чыгаан кишилерге арналган эскерүү жайы) катары карачу болсок, анда өз чыгармалары менен кыргыз элин дүйнөгө тааныткан залкар жазуучунун жана коомдук ишмердин сөөгүнүн дал ушул көрүстөндө жерге берилгендиги мыйзам ченемдүү болгон.

Дагы караңыз Болот Абдрахманов "Ата-Бейит" комплексине жетекчи болду

Музей жетекчилигиндеги өзгөрүү

Айтор, “Ата Бейит” улуттук тарыхый эскерүү жайы азыркы тапта атуулдарыбыз үчүн көп тарамдуу жарандык тарбия мекемесине айланды.

Үстүбүздөгү жылы бул мекеменин жетекчиси болуп тарых илимдеринин доктору Болотбек Жумаш уулу Абдрахманов мырзанын дайындалышы коомчулукта жылуу кабыл алынды.

Бул илимпоз – мурдагы чекист, бирок ал жамы журтка 1991-жылы жайында “Ата Бейит” эскерүү жайынын мурдагы ордундагы сталиндик доордогу жашыруун көрүстөндү кайра казуу жана андагы сөөктөрдү археологиялык артефакттарга жана архивдик маалыматтарга таянуу менен аныктоо иштерине жооптуу болгон коопсуздук кызматкери катары дурус таанымал. (Ал кезде советтик Кыргызстанда ДНК аркылуу сөөктүн тек жайын кошумча тактоо сыяктуу технологиялык мүмкүнчүлүктөр түшкө да кире элек болчу).

Азыркы тапта профессор Абдрахманов тоталитардык режимдин курмандыктарын аныктоо жана алар жөнүндөгү архивдик маалыматты ачык жарыялоо өнөктүгүнө өзгөчө салым кошууда.

Тарыхчы, доцент Салтанат Асекова. 02.11.2023.

“Ат Бейит” музейинде анын орун басары болуп тарых илимдеринин кандидаты Салтанат Урум кызы Асекованын дайындалышы да жылуу пикир жаратты. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин доценти болуп иштеп жаткан бул жаш илимпоз айым да буга чейин эле советтик тоталитаризмдин Кыргызстандагы тарыхына жана өлкөнүн эгемендик доорундагы жергиликтүү өзүн өзү башкаруу системасынын демократиялык башкаруу усулу катары калыптанышынын тарыхына байланыштуу эмгектер жарыялап келген.

Маселен, ал 2019-жылы Б.Ж.Абдрахманов менен калемдешип Кыргызстандагы поляк диаспорасынын репрессияланган өкүлдөрү тууралуу илимий макала жарылаган.

"Ата Бейиттеги" эскерүү маалында.. 02.11.2023.

“Ата Бейит” эскерүү жайынын негизделиши – зор саамалык болгон

Бүгүн илимий шериненин катышуучулары “Ата Бейит” эскерүү жайындагы тоталитаризм курмандыктарынын музейинин кайра жасалгаланган түрү менен дагы таанышты.

Бул жаатта, албетте, жаңы саамалыктар тууралуу айтуу менен катар, аталган музейге ойдогудай каражат бөлүнбөй келингендигин да баса белгилөө абзел.

Тээ 1991-жылы 30-августта “Ата Бейиттин” тоталитаризмге каршы эскерүү жайы катары расмий ачылышы жалпы эле мурдагы советтик ири мамлекеттеги жана Борбордук Ази чөлкөмүндөгү орчун окуя катары бааланган.

Бул окуя мурдагы Советтер Биримдигиндеги антикоммунисттик жана эгеменчил кыймылдарга да оң таасир тийгизген.

Андан бери коңшу Өзбекстан менен Казакстанда сталинизм доорунда запкы жегенлер тууралуу көп сандаган заманбап музейлер пайда болду.

Бул жаатта Кыргызстан бара-бара аталган коңшу жумурияттардын артында калгандыгын моюнга алуу керек.

Кыргызстандын мамлекеттик тарых музейиндеги жыйындын айрым катышуучулары.. 02.11.2023.

Кыргызстандагы заманбап иликтөөлөр

Албетте, Ала-Тоодо “Эсимде” долбоору, “МедиаХаб” тобу, бейөкмөт уюмдар, бир катар университеттер, демилгелүү тарыхчылар, журналисттер жана публицисттер камтылган жарандык коом мурдагы сталиндик тоталитардык режимдин курмандыктарынын тагдырларын изилдөө жаатында бир катар саамалыктарды жүзөгө ашыргандыгы да анык.

Азыркы күнгө чейин Кыргызстанда сталинизм доорунун курмандыктарын изилдөөгө арналган бир катар жаңы эмгектер, анын ичинде мурдагы КГБнын архивинен алынган 1920–1953-жылдардагы зпкы чеккен инсандар тууралуу 10 томдук маалымат топтому, бир канча даректүү тасма жарык көрдү.

Дагы караңыз Куугунтукталган алатоолук татарлар

Кыргыз тарыхчылары жана журналисттери Украинанын Херсон аймагына, Орусиянын Маскөө, Санкт-Петербург, Оренбург, Казан, Иркутск, ж.б. шаарларына, Өзбекстандын Ташкен шаарына жана Казакстандын Алматы шаарына барып, архивдерде жана китепканаларда иштешти.

Сталиндик доордогу курмандыктардын тымызын казылган жана буга чейин белгисиз болуп келген жапырт көрүстөнүн аныктоо далаалаттары да жасалууда.

“МедиаХаб” тобунун жетекчиси Али Токтакунов менен Арстанбек Болот уулу сталиндик доордогу репрессия курмандыктарынын сөөктөрү жашыруун көмүлгөн деп жоромол кылынган Кекилик-Учар дөбөсүндө. 25.7.2023.

Маселен, 2023-жылы 25-июлда “МедиаХаб” тобунун жетекчиси Али (Мухаммедали) Токтакунов жумуриятыбыздын Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Куршаб жергесине келип, мындагы Кекилик-Учар дөбөсүндө сталиндик репрессиянын курмандыктарынын сөөктөрү жашыруун көмүлгөн деп жоромол кылынган жай туралуу видео тасма даярдаган. Бул тасмада ошол кайгылуу окуялар тууралуу өз билгендерин Арстанбек Болот уулу деген карыя жана башка жарандар айтып беришкен.

Тасма. “Куугунтук курмандыктарынын ачыла элек бейити”. 2023.

Бул окуя Кыргызстандын башка дубандарынан да тоталитардык доордун курмандыктары жапырт көмүлгөн болдолдуу жайларды аныктоо жана илимий жана тергөө багытындагы казуу иштерин жүргүзүү зарылдыгын дагы бир ирет айгинеледи.

Дагы караңыз "Ата-Бейиттин" жумушчуларынын маянасы 2024-жылы эки эсе көбөйөт

“Ата Бейит” эскерүү жайынын болочогу тууралуу

Пикирибизде, “Ата Бейит” музейи бул жаатта жалпы Кыргызстандагы ушул сыяктуу изилдөөлөргө багыт берчү борбордук изилдөө жайына айланышы абзел.

Маселен, “Ата Бейиттеги” жалпы комплекс үчүн бөлүнгөн жайдын аймагынын тардыгын эске алып, коңшу Чоң-Таш айылында “Ата Бейит” музейинин бөлүгү болгон заманбап лаборатория негиздөөгө болот.

Бул лабораторияда жалпы эле Кыргызстандын ар башка аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн топтоло турган тоталитаризмдин курмандыктарынын жана алардын урпактары менен жакындарынын ДНКларынын үлгүлөрүн, музейге батпаган башка да артефакттарды жана экспонаттарды сактаган илимий кампа түзүү да зарыл.

Сталинизмдин кээ бир курмандыктары тукум курут болсо, бир катарынын урпактары башка жумурияттарга көчө качып аман калышкандыгы да маалым.

“Ата-Бейитке” жашырылган сталиндик курмандыктар жөнүндөгү жыйындын катышуучусу Валерий Манасович Эсенаманов (маркум Эркинбек Эсенамановдун небереси). 02.11.2023.

Бул “тоталитардык режимдин курмандыктары” түшүнүгүнө мурдагы “басмасы” аталган эгемендик кыймылынын, автономиячылардын, бай-манап жана кулак катары сүргүнгө айдалгандардын, ар кыл башка жумурияттарда ГУЛАгга кабылгандардын ж.б. Кыргызстандан сырткаркы көп аймактарга чачылган бозгун өкүлдөрү да камтылат.

Сүргүндөн же абактан аман-эсен кайтып келип, кийинчерээк четте калгандар да, акын Аалы Токомбаев сыяктуу кайра көтөрүлө келгендер да сталиндик курмандыктарга жатышат.

Бул көп тарамдуу милдет – бир күндө аткарылчу жумуш эмес.

Бишкектик тарыхчылар Аида Кубатова (оңдо) менен Аниса Бикбулатова “Ата-Бейит” эскерүү жайында. 02.11.2023.

Арийне, Кыргыз өкмөтү, президентке караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссия, “Ата Бейит” музейи жана башка музейлер, КР УИАсы жана ЖОЖдордогу илимий мекемелер ушул сыяктуу нуктарды да камтыган көп жылдык иш-аракет программасын биргелешип түзүүсү жана жүзөгө ашыруусу алгылыктуу.

Биз бул чакан блогдо айрым гана ойлорубузду чагылдырдык.

Бирок “Ата Бейит” улуттук тарыхый мемориалдык комплексинин чыгармачыл жамааты мындан башка да сунуштарды жалпылап, өздөрүнүн омоктуу ойлорун кошуп, аларды сөздөн ишке өткөрүү үчүн аракет кылат ко жана бийликтер менен жарандык коом бул жамааттын демилгелерин колдойт ко деп үмүттөнөбүз.

Бул “Ата Бейит” музейи улуу муундар тарабынан “мындан ары тоталитардык жана авторитардык башкаруу болбосун!” деген тилек менен негизделген.

Жарандык коомубуздун азыркы маалда табында турган жана болочоктогу муундары да ушул тилекти ырааттуу жүзөгө ашыруу үчүн “Ата Бейит” эскерүү жайынын чыгармачыл демилгелерин жана өрнөктүү ишмердигин ар тараптуу колдоого тийиш деп санайбыз.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.