Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:53

Эски жана жаңы бийликтин башын кошкон Эскерүү күнү


"Ата-Бейит" мемориалдык комплекси. 7-ноябрь, 2020-жыл.
"Ата-Бейит" мемориалдык комплекси. 7-ноябрь, 2020-жыл.

Кыргызстанда 7-8-ноябрда Тарых жана Ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө. Быйыл төртүнчү жолу белгиленип жаткан майрамга байланыштуу "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде өткөн эскерүү иш-чарасына мурдагы жана азыркы бийлик өкүлдөрү катышты.

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров, экс-президенттер Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баш болгон бийлик өкүлдөрү 1916-жылдагы окуяга арналган мемориалга, саясий репрессиянын курмандыктарынын эстелигине, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине жана 2010-жылдагы апрель окуясында курман болгондордун бейиттерине гүл коюп, куран окутушту.

7-ноябрь, 2020-жыл. "Ата-Бейит"
7-ноябрь, 2020-жыл. "Ата-Бейит"

Президенттик аппараттын өкүлдөрү билдиришкендей, Садыр Жапаров иш-чара учурунда Кыргызстанда 1920-1950-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктары болгон 40 миңге жакын адамдын сөөктөрү ушул күнгө чейин белгисиз экенин айтты. Бүбүйра Кыдыралиеванын, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери Болот Абдрахмановдун жана археолог Михаил Москалевдун эрдигин, алардын аракетинин аркасында Чоң-Таш айылына жакын жерде репрессияланган 138 адамдын жашыруун жана массалык түрдө көмүлгөндүгү коомчулукка маалым болгонун эске салды.

Жапаров Кыргызстандын жаңы тарыхында, элдик толкундоолордун натыйжасында, бийлик үч жолу алмашканына токтолуп, 5-октябрдагы окуяларды элдин коррупцияга карата каршылыгы деп атады. Эми ага каршы элдешкис күрөш жарыяланып, ал коомчулукка таянуу менен жүргүзүлөрүн белгиледи.

Ошондой эле добуш сатып боюнча шайлоо психологиясы жоюлат деп билдирди.

Эскерүү иш-чаралары «Таазим» тарыхый-мемориалдык музейинде жыйынтыкталды.

Октябрь революциясынын күнүнүн ордуна жаңы майрамды негиздөө боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылы мыйзам долбоорун сунуш кылып, парламент колдогон.


Анын негизинде 7-ноябрь Тарых күнү, ал эми 8-ноябрь Ата-бабаларды эскерүү күнү болуп жарыяланган. Кыргызстанда бул күндөр расмий майрам болуп саналат.

7-8-ноябрь - Ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Анын кайрылуусу президенттин сайтында жарыяланды.

Анда Жапаров байыркы тарыхы бар кыргыз эли далай кыйынчылыктардын башынан өткөргөнүн белгилеп, ХХ кылымдагы 1916-жылдагы каргашуу окуяларды, 1930-жылдардагы саясий репрессияларды эске салган. Кыйынчылыктарга карабай кеменгер эл катары кыргыз мамлекетин түптөөгө аракет кылганын белгилейт.

Жапаров эгемендүүлүктү алган жылдардан кийинки үч жолку элдик толкундоону тарыхый татаал жана маанилүү окуялар деп атады. Ошондой эле ал тарых терең изилдөөнү талап кылаарын айткан.

7-ноябрь, 2020-жыл.
7-ноябрь, 2020-жыл.

“Бүгүнкү күндө тарыхыбыз дагы терең изилдөөлөрдү талап кылат. Окумуштуу илимпоздорубузга чоң тарыхый милдет жүктөлгөн. Келечек муундар тарых китептерибизден "биз ким элек, ким болдук, ким болобуз?" деген суроолорго так жооп алуусу абзел. Бул бизди дүйнөлүк аренада эл катары орун ээлеп, өнүгүүбүзгө өбөлгө жаратат. Тарыхый эс-тутум бизди маңкуртчулуктан сактайт”, - деп жазылган Садыр Жапаровдун кайрылуусунда.

Совет доорунда 7-ноябрь Октябрь революциясынын жеңген күнү катары белгиленип келген. Кыргыз коомчулугунда мурдагы майрамды өзгөртүүнүн кажети жок эле деп эсептегендер да жок эмес.

“Ата-бабаларды эскерүү” дегенде Үркүн деген аталыш менен белгилүү 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана 1937-38-жылдардагы сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскерүү каралган.


Себеби, мындан 81 жыл мурун 5-8-ноябрь аралыгында Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов сыяктуу "эл душманы" деп жалаа жабылган 138 адам атылып, кийин сөөгү Чоң-Ташта табылган.

7-ноябрды Тарых күнүнө айлантуу боюнча Кыргызстандын жетекчилигинин чечимине башында орусиялык айрым депутаттар нааразылыгын билдирип чыгышканы белгилүү.

Кыргызстанда расмий белгиленген 13 майрам бар, буга байланыштуу жарандар бир жыл ичинде 20 күндөй эс алышат. Ал эми май айындагы майрамдар удаа келгендиктен эс алуу беш күнгө чейин созулуп кетет.

Ушундан улам өлкөдө эс алуу күндөрүн, мааракелерди азайтуу боюнча демилгелер кез-кез көтөрүлө калып жүрөт.

(2019-жылдын 7-ноябрындагы Тарых жана Ата-бабаларды эскерүү күнүндөгү иш-чара жана майрам тууралуу "Азаттыктын" кабарчысы Зайырбек Ажыматов көзү тирүүсүндө даярдаган видеобаян).

Сурамжылоо: 7-ноябрь кандай майрам?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:27 0:00

XS
SM
MD
LG