"Ата-Бейит": тарых унутулса, трагедия кайталанат

"Ата-Бейит" улуттук тарыхый мемориалдык комплексинин директору Болот Абдырахманов жана журналист Айбек Абдылдаев.

"Ата-Бейит" улуттук тарыхый мемориалдык комплексинде кандай сырлар катылган?

“Куугунтук курмандыктары" подкастында "Ата-Бейит" улуттук тарыхый мемориалдык комплексинин директору, тарых илимдеринин доктору, коопсуздук кызматынын отставкадагы полковниги Болот Абдырахманов менен репрессия курмандыктарына арналган музейдин мааниси, мемориалдык музей кандай болушу керек деген суроолордун тегерегинде талкуулайбыз.

- Болот агай, "Ата-Бейитке" келе жаткан жолдо өзүмчө ойлондум да, сиз үчүн ушул жай чоң тагдыр болуп калды окшойт. 1991-жылы сөөк казуу иштеринин башында турдуңуз, кийин репрессия темасын изилдеп, тарых илимдеринин доктору болдуңуз. Эми келип, музейдин директору болуп калышыңыз бул чоң тагдыр болду го дейм сиз үчүн...

- Өткөндө бир делегацияга ушул жердин тарыхын айтып берип жатсам, арасынан бирөө “сиз кудайдын буйругу менен КГБ системасына ушул "Ата-Бейитти" ачыш үчүн келгенсиз” дейт. Таң калдым. Ыраматылык өзүмдүн апам дагы 1991-жылы “Сен курактуулар ойноп-күлүп жүрүшөт, сен жаштыгыңды ушул жерге байладың” деди эле. Чын эле 1991-жылы сөөктөр казылды, 30-августта кайра жерге берүү зыйнаты болду. 31-августта Кыргызстандын эгемендиги жарыяланды. Ушундан эле өзүнүн бир ыйыктыгын түшүнүп, сезсе болот деп ойлойм.

Сөөктөрдү казып алгандан кийин КГБга аябай көп арыз түшө баштады. Анткени КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп, ушул теманы козгоп, репрессия курмандыктарынын сөөктөрүн тапкан биз болдук. Көп каттар, арыздар келген. Ошолорду реабилитациялоо жумушу мага жүктөлдү. Ал үчүн КГБ архивин жетектедим, бир топ жыл ошол жерде иштеп, бир канча кишини реабилитация кылдык. Кийин архивдерди тактап отуруп, репрессия болгон 20 миңге жакын кишилердин аттарын 10 том кылып чыгардык. Анализдеп чыксак, Сталиндин учурунда ошонун 4 миңге жакыны атууга кетиптир. Бүгүнкү күндө ушул “Ата-Бейитте” 137 кишинин сөөгү табылган. Башка облустарда, мисалы, Ошто, Нарында, Ысык-Көлдө атылгандардын сөөктөрү табыла элек.

Эмдигиче ушул маселе менен көп киши кайрылат. Кат жиберген кишилерге жооп бериш үчүн, Ошко, Нарынга баргам. Арыз жазган кишилер менен жолуккам. Мисалы, Ошко барганда бир аксакал “Атам Ошто атылган кишилерди Сулайман-Тоонун жакасына көмгөн” деп айткан. Сулайман-Тоо жакка барып, “Кайсы жерге көмүлгөн, билесизби?” десем, “Билбейм, балам” деп жооп берген. “240 гектар жердин кайсы бурчун казалы?” десек, так билбейт экен. Ош - байыркы шаар. Сулайман-Тоодо эски мүрзөлөр көп. Алардын баарын кайра казыштын кажети барбы, жокпу? 1938-жылы Бутова (Бутовский полигон) деген Москванын четиндеги чоң токойдо миңдеген кишилер атылган. Бүгүнкү күнү алардын сөөгүн казбай эле, токойго кире бериш жерге кичинекей мемориалдык такта коюп койгон. Ошол жерге кишилер келип, зыярат кылып, репрессия болгондорду эскерет. Биз деле ушинтип койсок болот. Ысык-Көлдө дагы Жети-Өгүз суусу көлгө куюлган жерде, Шалбаа айылынын жанында репрессия учурунда атылгандар көмүлгөнүн айтышкан. Бирок жүздөгөн гектар жер, кайсы жагында көмүлгөнүн эч ким билбейт. “Ушул жер” деп, жүздөгөн гектар жерди көрсөтөт. Демек, ошол жерде жолдун боюна такта койсок деген сунуш. Жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүп, “Сталиндик репрессиянын курмандыктары” деп коюп койсок, ошол жерге токтоп, зыярат кылсак болот.

Жакында Ысык-Көлгө, Ошко конференцияга барам. Ушул оюмду сунуш кылайын деп жатам. Каалайсыңбы, каалабайсыңбы, кийин КГБда жетекчи болуп, Көлдө, Чүйдө оперативдик жумуш менен алек болуп жүрдүм. Бизди пенсияга эрте чыгарат да, 55 жашта эле. Пенсияга чыкканда эмне менен алектенсем деп ойлонуп жатсам, “Ушул тема боюнча тарыхчыларда изилдөө жок. “Ата-Бейит”, репрессия темасын сиз билесиз. Архивде көп иштедиңиз. Ушул иш менен алек болуп көрбөйсүзбү” деп калышты. Болгон материалдарымды Илимдер академиясынын тарых институтунун жетекчисине Жунушалиевге көрсөтсөм, “Материалдар кенен экен, докторлук жактаңыз” деген кеңеш берген. Ошентип, 2013-жылы тарых илиминин кандидаты болдум, 2022-жылы репрессия темасы боюнча докторлукту жактадым.

Буга байланганым ошол да. Бул аябай керектүү нерсе экенин түшүндүм. Эмне үчүн? 2010-жылы апрелде атылгандары ушул жерге көмгөнгө миңдеген кишилер келди. Ошондо мен дагы келип, “Аттиң ай, ушу 1991-жылы Чоң-Таштагы 137 кишинин сөөгүн казып, “Ата-Бейитке” койгондон бир топ жыл өткөндөн кийин ушул жерге кыргыз жарандарынын сөөгү коюлат деп ойлобоптурмун” деп кейидим. “2010-жылы кайра коюлуп жатат, эмне үчүн?” деген суроону өзүмө бердим. Ага өзүм жооп тапканы аракет кылдым. Эмнеге дегенде, биздин бийликтер тарыхын унутуп коет. Сабагын алган жок. Сабак албагандыгы, унуткандыгы үчүн... Тарыхтын өзүнүн бир мыйзамы бар: Тарых спираль катары өзүнүн кайталоосу менен өнүгөт. Ушундай трагедиялык окуялардын кайталанып жатканы ошондон. Себеби биз сабак албай жатабыз. Сабак болушу үчүн, тарыхчы катары айтат элем, ушундай кайгылуу барактарды унутпашыбыз керек. Унутпаш үчүн ушундай комплекс курулду.

- Өзүңүз дагы сыртка чыгып, постсоветтик өлкөлөрдөгү ушул сыяктуу музейлерди көрүп жүрөсүз. “Коңшу өлкөлөрдө репрессияга арналган абдан чоң музейлерди салып коюшуптур. Биздики аябай жупуну көрүнөт” деп айрым тарыхчыларыбыз айтып калат. Сиз айткандай, сабакты эске салып турган музей кандай болушу керек?

- Эми музей деген заманбап болушу керек. 1991-жылы сөөктөрдү аруулап жерге бердик. Андан бери 34 жыл өтүптүр. Ага чейин комплекске айланды. Урматтуу Чыңгыз Төрөкуловичтин сөөгү жатат. 1916-жылкы Үркүндүн мемориалы курулуп жатат. Ылдый жакта 2010-жылы Апрель революциясынын баатырларынын сөөктөрү жатат. 2022-жылы чек арага - Баткенге кол салганда курман болгон баатырлар жатат. Бул жерде Кыргызстандын канча муунунун трагедиялык барактары жатат. Биздин жетекчилер деле бекеринен Кыргызстанга келген расмий делегацияларды, президенттерди ушул жерге алып келбесе керек. Ушу ыйыктыгын көрсөтүү үчүн алып келип жатат. Бирок ошол президенттер келердин астында гана эстешет. Башка күндөрү көр оокат болуп, тиешелүү көңүл бурулбайт десем жаңылышпайм.

Музейге келген кээ бир кишилер жардам бергилери келет. Баягы күнү бир кишилер келиптир. “1916-жылы биздин чоң атабыз Үркүнгө баргандагы боз үйү бар. Силерге берсек болобу?” дешти. Дагы бир аял келип “Биздин чоң атабыз 1916-жылы орустардын жазалоочу отрядынын башчысын чекеге аткан. Атам мергенчи болгон. Ошол мылтыгы үйдө жатат. Катып койгонбуз, алып келсек болобу?” дейт. “Алып келсеңер, аларды кабыл алганга, сактаганга шартыбыз жок” дедим. Бул жай музей комплекс болуп жаткандан кийин, ошондой экспонаттардын баарын батыра тургандай чоң, заманбап имарат куруш керек. Ал жерде атайын Үркүндүн залы болушу керек. Үч жыл мурда курулган репрессия музейине экспонаттар батпай баратат. Ошого өзүнчө зал, Чыңгыз Төрөкуловичтин сөөгү жаткандан кийин бул кишиге дагы өзүнчө зал жасаш керек. Репрессия боюнча илимий иштерди активдүү өткөрө башташты. Тарых илимдеринин эки кандидаты жана мен доктор болуп, репрессияны изилдөө боюнча өзүнчө илимий борбор ачып жатабыз. Керектүү шарттар, өзүнчө кабинеттер болсо, жакшы болот эле. Ушундай темаларда конференция өткөзө турган залдары курулса жакшы болот эле. Негизи архитектор чийип берген чоң комплекстин долбоору бар. Бирок бул качан ишке ашып, канча курула баштайт, билбейм. Ал заман келди. Менимче, ушул жумушту активдүү башташ керек.

Подкастты бул жерден угуңуз:

- Ошол репрессиянын, кандуу сүргүндүн үрөйүн, элесин берип турган экспонаттар бул жерде бар да. Дагы эмнелерди коюш керек?

- 137 киши сөөгү табылбадыбы, бул музей көбүнчө ошолор жөнүндө. Бирок бүгүнкү күндө Кыргызстанда 20 миң кишинин тагдыры жөнүндө 10 томдук чыкпадыбы. Ошолордун дагы тагдырын чагылдыра турган материалдарды топтосок дейм. Биз топтой баштадык. Эртеңки күнү музей кеңейип калса, ошолорду кое тургандай болсок. Биз азыр ошол кезде репрессияланган жетекчилерди гана эмес, карапайым кишилердин тагдырын ачып берсек.

Беш жүзгө жакын кызыл аскер репрессия болгон. Ошолор жөнүндө маалымат топтой баштадык. Жанагы 20 миңдин арасында 800гө жакын аялдар репрессия болгон. Бүгүнкү күндө алар жөнүндө коомчулукта эч ким билбейт. Алар жөнүндө материалдары топтой баштадык. Андай материалдар көп да. 1937-1938-жылдары “улуттук операциялар” жүргөн. Маселен, 800гө жакын немис улутун репрессия кылышкан. Поляктарды, уйгурларды дагы репрессиялашкан. Ошол улуттарды чагылдыра турган өзүнчө изилдөө бар. Изилдөөлөр дагы көп. Баарын батыра алгандай музей болсо. Бул жерге батыра албай жатабыз.

Дагы караңыз Идеяга башын сайган айдыңдар: Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлүшү

- Абакта жаткандардын буюм-тайымдары турчу эмес беле музейде? Силер казып жатканда чыккан буюмдар да ээ?

- Ооба, азыр деле бар. Ошонун баары 4-5 чоң кутуда болчу. Эки-үч жыл КГБнын короосунда жатты. Музей 2001-жылы, сөөктөрдү казып алгандан 10 жылдан кийин гана курулду да. 10 жылга чейин баягы кутулар жаткан жок, калган казылган экспонаттар айла жок ыргытылды.

- Ошондо көбү жок болуп кетти да?

- Көбү эмес, кутудан чыккандардын баарын ыргытып ийишкен. Биздин жасаган мамилебиз ошондо болуп жатпайбы. Акаев менен жолугуп калсам, “Эмнеге 10 жылга чейин музей курулган жок?” деп сурайт элем. Ошол эле учурда, 10 жыл ичинде канча шайлоо болуп жатты. Президенттик шайлоо, Жогорку Кеңештин...Эртең шайлоо болот дегенде, талапкерлер журналисттерди ушул жерге ээрчитип алып, мал оттоп жүргөн жерге кайгырган түр менен гүл коюмуш болуп, дагы беш жылга кетип, унутулуп жатты да. 10 жылдан кийин курулуп жатат. Тагдыры аябай оор деп айтканым ошол...

- Аябай шамал боздогон жер экен ээ...

- Биздин ушулар тууралуу сүйлөшкөнүбүзгө да шамал катуу согуп атат...

- Тигил жерде эски үйлөрдү көрүп турам. Бирок киргенге болбойт окшойт, аскер бөлүгү бар го дейм.

- Азыркы Улуттук гвардия жайгашкан жер 1930-жылы НКВДнын санаториясы болгон.

- Ошондо көрүнүп турган үйлөр эскиби?

- Эски үйлөр. Кыштарды шаардан алып келбейли деп, кыш заводунун курулганы ошондон да. Ошонун мешине анан репрессиялангандарды атып, сөөгүн таштап жатпайбы. Азыр бул имараттардын жарымы бузулду, жарымы дагы деле бар. Ошону ремонт кылымыш болуп, Улуттук гвардиянын жоокерлери жатат.

- Менде азыр бир ой жаралды, постсоветтик мейкиндикте куугунтукталгандар кармалган лагерлерди ордунда калтырып, музей кылып коюп жатышпайбы. Балким, ошол үйлөрдү силерге өткөрүп берсе, музей кылып койсо болбойбу? Ал жерде кишен, тергөөчүнүн жазган калеми, дагы башка буюмдарын коюп...Тарыхый эс тутум үчүн укмуш болчудай.

- Кызык маселени коюп жатасыз. 1930-жылдагы НКВДнын кабинеттери ошол жерде эмдигиче сакталган. Ал имарттар азыр эми Улуттук гвардиянын карамагында да. Анын баарын бизге музейге бере турган болсо, кандай ирет менен өткөрөт, аскер бөлүгүн кайда жылдырат, бул да чоң маселе.

- Ушундай жерлерди музейге айлантып койгон практика бар да. Маселен, Михаил Фрунзенин деле үйү турбайбы.

- Ооба, ал турат. Бүгүнкү күндө НКВДнын 3-4 кабинеттери бар. Мурунку иштеген кызматкерлер “Репрессия маалында суракка алган бөлмөлөр бар” деп айтышат.

- Музей үчүн табылгыс болмок экен. Быйыл Кыргыз Автоном Облусунун 100 жылдыгы белгиленгени турат. Ушул жерде жаткан айдыңдардын көбү мамлекеттүүлүктү кайра калыбына келтирүүгө башын канжыгага байлаган кишилер болгон да. Ушунун шылтоосу менен деле өкмөттүн музейди жакшыртуу планы бар бекен?

- Билбейм. 100 жылдыкка карата биз кат жазганбыз. Иш-чара дегенде, “Шыпырып, тазаладыңарбы” деп гүл коюп кетип жатышпайбы. Жакында эле “100 жылдыкка карата Кыргызстанда 100 өнөр жай жана социалдык объектинин ачылышы болот" дегенди угуп калдым. Эмне объектилер экенин билбейм. Балким, өнөр жай, спорт өнөр жай объектилери. 100 объекттин бирине “Ата-Бейитти” киргизип койсо, жакшы болот эле.

1938-жылы "улутчул, эл душманы" деген жалаа менен атылган 137 адамдын сөөгүн кайра жерге берүү. 1991-жыл, Бишкектин Эски аянты.

-1991-жылы 30-августта репрессияда атылып, кыйла жылдан кийин табылган кишилердин сөөктөрү кайра арууланып жерге берилип жатат. Эртеси эгемендик жарыяланды. Бул абдан ойлонулган ишпи же жөн эле дал келүүбү?

- Менимче, Акаев “Ушуну менен биз эгемендикке мурунку каталарбызды кайталабаш үчүн, мурунку трагедиялык актай барактарды ачыш үчүн эгемендик болуп жатат. Ошол үчүн бүгүн таптык, көмдүк” десе керек. Чынында, анын үмүтү же ишеничи болгон. Абдан символикалык болуп, эл дагы ушуга ишенген да. Ошондо КГБга “Эгемендик болдук, эми баары ачыла баштады. Актагыла!” деп миңдеген каттар, арыздар келген. Бизди тим эле басып калган. Ошондо “Архивдин кызматкерлери үлгүрбөй жатат” деп, КГБнын бир топ ардагерлерин чакырып, архивге изилдөө тобун уюштурдук. Актоо иштери активдүү башталган. Ошону мен жетектеп жүрдүм. Көр оокат, саясат оюндары деген бар экен. Ошентип кайра эле унуткарышты. Музейин деле 10 жылдан кийин куруп жатпайбы. Эгерде шашпай пландаштырса, чоң музейди ошондо курса болот беле? Болот болчу. Азыр музейдин ичинде бир кабинет жок. Кышында кантип жылуу болот деп дагы ойлонушкан эмес. Курган кишилер менен сүйлөшсөм, шаштырып курдуртканын айтышат.

- Бул репрессияда атылгандардын сөөгү табылган жай - КМШ өлкөлөрүндө даректүү маалыматтар менен табылган бирден бир жай болсо керек?

- Эң биринчи болуп биз тапканбыз да. Эгемендикти мына жарыялайбыз дегенде ачылып жатпайбы. Башка республикаларда антип ачылган жок. Бирок алар ушул темага өзгөчө көңүл бургандарына таң каласың жана баа бересиң. Кандай музейлерди салды, карагыла. Былтыр Казакстанга, Алматыга конференцияга барып келдим. Музейине бардык, Алматыдан 30 чакырым алыс жерде экен. Алты жыл мурун курушуптур. Алматыда атылгандардын сөөктөрү табылыптыр. Бирок казбай эле ошол жерди белгилеп, заманбап, чоң музей куруптур. Ичинде заңгыраган жыйындар залы бар, экспонаттары аябай сонун, техникалаштырылган, репрессия болгондордун баарынын аттары ташка чегилген суктанарлык музей экен. Бул болгону алты жыл мурун салыныптыр. Андан тышкары, казактар реабилитациялоо иштерине акыркы беш жылда өзгөчө көңүл буруп, жаңы мыйзамдын долбоорун кабыл алып, бүгүнкү күнү саясий репрессия курмандыктарын актоо иштерин атайын каржылоо менен Казакстан боюнча 400 тарыхчыны жумушка тартып, 300 миңден ашык кишини актады. Ар бир тарыхчыны айына 700 доллар айлык менен камсыздады. Санап көрсөм, жылына 3 миллион долларды изилдөө жумушуна бөлүп жатат. Ал эми бизде өзүбүздүн демилгебиз менен изилдөө борборун ачып жатабыз. Өзүбүздүн айлыктан башка, каржылоо жок. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев ушул мыйзамды кабыл алыш керек деп, эки жылдан бери чуркап жүрөт. Биринчи окууда кабыл алынды. Экинчи, үчүнчүсү качан болорун билбейм.

Дагы караңыз "Элге чындыкты айтуу абзел". Казакстан КГБ архивдерин ачууда

- Бирок агай, каржысы болбосо, ал мыйзам деле иштебей калат да? Сиз айткандай чон каражат керек.

- Ошону талкуулаганда, “Казактарда ушундай экен? Биз эмне кылабыз? Канча кишини кабыл алып, иштеткени жатасыңар?” десек, “Каржылоо маселеси чечиле элек. Мыйзамды кабыл алсак, анан карайт элек” дешти. Беш киши иштетсең деле, жакшы шарт болуш керек. Алар да өз үй-бүлөсүн багыш керек. Жумушун таштап коюп, бекер ким иштейт? Макул, мен иштеп берейин. Бул теманы жакшы билем. Бирок Кыргызстандын жок дегенде эң аз айлыгын түзүп бербесе, жумуш туруп калат. КГБнын архивинде канча иштедим. Жогоруда репрессияланган 20 миң адамды 10 томдук кылып чыгардык дедим. Бирок акталбаган кишилер дагы бар. Дагы беш том кошулушу мүмкүн. Угула элек ысымдар жатат. Ошону ачканга убактысы келди. Коркпош керек.

- 1990-жылы ушул жайды ачып жактанда, балким жаш элеңиз, курч элеңиз. Бирок сөөктөр казылып жаткан маалда кыйналган жоксузбу? Кантсе дагы бул жерде энергиясы, духу күчтүү кишилер жатты да.

- “Ата-Бейитте” турабыз, энергиясы мага эмдигче сезилет. Туура айтасыз, алар жөн кишилер эмес. Ошолордун энергиясы, касиети колдогону үчүн 33 жылдан кийин кайра келдим окшойт. Унутулбаганы үчүн келдим да. Мисалы, пенсионермин, ушул түйшүктөр керек беле? Жанымды багып, неберелерим менен үйдө отурсам деле болмок да. Бирок жогоруда айткандай, тагдыр байлаптыр. Алардын арбактары кое бергиси келбей, өзүмдү “кайра кызматыңды улантыкын” дегендей сезип жатам. Ошондуктан аракет кылып жүрөм. Кээде чыдабай эмоцияга алдырып, катуу айтканымдын себеби дагы ушул. 1990-жылы эки жума каздык. Эки жума ичинде түндө уктай алган эмесмин. “Эмне биздин тынчыбызды алып жатасың?” деп, кадимкидей сүйлөшкөндөй болосуң. “Жаткандарыңарды карагылачы, жөн эле таштап салыптыр. Биз силерди адамдай кылып коелу да. Балдарыңар билбейт экен. Балдарыңар билсин. Келип, куран окуп, зыярат кылсын” деп эки жума сүйлөшүп жаттым. Бул дагы оңой нерсе эмес.

- Мындайды бардык эле кишинин тагдырына жаза бербейт да...

- Түшүнгөн киши түшүнөт.

- Чыңгыз Айтматов коюлган жердин маңдайына келип калган экенбиз. Ташка чегерилген элеси ошол атасынын сөөгү табылган жайды карап турат экен. Сөөгүн казганда ошончодон атасынын кагазы чыкканын карабайсызбы. Ошол учурда бул киши сиз менен сүйлөштү беле? Эмоциясын көрдүңүз беле?

- Төрөкул Айтматовдун, Абыдрай Абдырахмановдун, Жусуп Абдырахмановдун сот бүтүмдөрү табылган. Мен аны КГБга бергем. Алар президентке айтып, ошентип Чыңгыз Төрөкулович билиптир. Ал киши келгенде, жолукканга мүмкүнчүлүк болгон жок. Жогрку деңгээлде өздөрү сүйлөшкөндөй болушту. Айтматовдордун үй-бүлөсүнөн Роза эже менен сүйлөштүм, ыраазычылыгын билдирди.

- Үркүнгө карата эстелик, кийин Апрель революциясына эстелик деп жатып, кыргыздын XX кылымдагы, XXI кылымдын башындагы трагедиялары ушул жерде өзүнөн өзү чогулуп калды. Демек, бир масштабдуу комплекс керек дегениңиз туура. Жердин аянты жетиштүү элеби?

- Жетиштүү эле. Тегеректин баары эле бош жатпайбы. Өйдө жактан саясий чечим керек да. Мезгил келди, муктаждык бар. Азыр болбосо, анда качан? Күнүмдүк көр оокат болуп эле...Республикада башка маселелер көп. Аны деле түшүнүп жатам. Бирок “Ата-Бейиттин” ыйыктыгын түшүнгөн киши буга дагы көңүл буруш керек го. Мисалы, Кыргызстанда элүүдөн ашык музей бар дейт. Башка мамлекеттин президенттери келгенде, эмнегедир ошол 50 музейди эмес, “Ата-Бейитке” алып келишет. Ошолорду алып келип жаткандан кийин уялбаш үчүн көңүл буруп, жакшылап куруш керек да.

Дагы караңыз "Сулуу кыздар сойкулукка сатылган". Үркүндүн айтылбаган тагы