Дооронбек Садырбаевдин артында калтырган адабий мурасы жанры, мазмуну жагынан бай, ар тараптуу. Анда жеке адам турмушунан тарта улуттун кечээгиси менен бүгүнкүсү кенен-кесир камтылган. Бүгүн биз көп кырдуу таланттын көркөм чыгармачылыгы тууралуу кеп кылабыз.
Убакыт улам арылаган сайын ар тараптуу сүрөткер, таасын саясатчы Дооронбек Садырбаевдин артында калтырган адабий мурасынын тереңдиги менен бийиктиги, мезгил деген аёо билбеген күчкө баш ийбес керемети улам жаңы кырлары менен ачылууда. Убакыт, мезгил деген баарын орду-ордуна коюп коёт экен. Дооронбек Садырбаевдин күйүп-бышып көпчүлүк алдында айткан кеп-сөздөрүнүн, кагазда калган адабий мурастарынын акыйкатын турмуш өзү ырастады.
Кош өнөрдү тизгиндеген талант
Тарых дегенибиз улуу инсандардын аракет-кыймылы, жүргөн-турганы, артында калтырган сабактары менен кийинки муундун эс-тутумунда калып, убакыт өткөн сайын анын барк-баасы бажырайып ачыла берет окшобойбу. Андай бийиктикке ар бир сүрөткер табият берешендик менен ыроологон таланты, талыкпаган мээнети, кылдат сезим-туюму аркылуу жетет.
Дооронбек аке биринчи иретте өзүнүн өмүр баяны менен жашаган доорунун көркөм сүрөтүн кемелине келтирип сүрөттөп бергени аркылуу окурмандарынын сүймөнчүгүнө арзып, ысмын көркөм өнөр тарыхында калтырууга жетишти.
Анын өмүр баяны бир алдын кызык, экинчи жагынан оор өттү. Атасынан он төрт жашында ажыраган тестиер алты бир туугандын улуусу катары эртерээк эрезеге жетип, катаал турмуш казанына каргадай бала кезинде кабылды. Баарынан да эс кирип калган чагында айыкпас оорудан 44 жашында каза болгон атасынын күйүтү ага катуу тийген. Атасы кабылган азаптуу дартты айыктыруу аргасын изилдеп үйрөнүүгө өмүрүн арнагысы келген. Айылдагы орто мектепти аяктагандан кийин түз эле Фрунзедеги мединститутка тапшыруунун бир себеби ушул эле.
Дагы караңыз «Кайран элдин» казалыБирок ичте оргуган көркөм өнөр шыгын ичте катып салыш да кыйын тура. Оор окуунун жарымынан көбүн аяктап койгон учурунда институтту таштап, көркөм өнөр ышкысына биротоло ооп, тээ бала кезинен башталган шык-жөндөмдүн түйшүктүү жолуна түшкөн. Улуу сүрөткердин кино менен көркөм сөздү ыктуу айкалыштырган байсалдуу чыгармачылык жолу тарыхый карама-каршылыктуу, биралдын кызык кезде башталган. Бул эми өткөн кылымдын 60-жылдарына таандык учур. Кыргыз кино өнөрүнүн кереметин жаратчулар чоң борбордон окуусун бүтүп, улуттук уңгуну жаңы формага көчүрүү аракети күчөгөн чак. “Кыргыз кереметине” кенен жол чабылып, кино айдыңына дымактуу жаштардын чоң тобу демдүү кирген.
Замандаштарынын айтуусунда, Дооронбек аке техникага жакын, жаңы ишти алеки саатта үйрөнүп алууга жөндөмдүү, жаңылыкка ыктуу адам болгон. Кыргыз үчүн кино, акыйкатта да, буга чейин белгисиз кызык өнөр эле. Анын ысыгына күйүп, суугуна тоңгондордун дээрлик баары чоң борбордон билим алган кош тилдүү чыгармачыл инсандар болчу. Дооронбек аке да ошол сыйкырдуу өнөрдүн окуусун окуп, күн-түндөп чыгармалар жаратып, кыргыз кыйырына жаңыдан жайыла баштаган дүйнөгө баш-оту менен кирип кеткен.
Дагы караңыз Узун максат, кыска өмүрТүн күзөткөн түйшүк
Тыным алууну билбеген мээнеткеч өнөрпоз баш-аягы жүзгө чукул документ, көркөм фильмдерин жараткан. Алардын көбү документ ленталар. Өнөрпоздун чыгармачылык дүйнөсүнүн бир салаасын түзгөн чыгармаларынын маани-жайын айтылуу журналист, көп жылдар Дооронбек аке менен чогуу иштеген Курманбек Турумбеков мындайча чечмеледи.
"Киного тарта турган же кара сөз менен жаза турган аңгемелери, Алыкул Осмонов тууралуу романы дагы бар. Ар бир сөзүн тамгасынан өйдө оңдогонго аракет кылчу. Чыгармачылык жагынан төгөрөгү төп келген киши эле. Комузду мыкты чертчү, айтышка да чыкчу. Тууганбай Абдиев, Эстебес Турсуналиев, Ашыралы Айталиев менен аябай жакшы болчу. Ал кишилерди отуруп алып ырдатчу. Анан алар менен айтыша да кетчү. Кээде Эстекең деле: “Ой, мен жеңилдим, сени менен айтышпайм” деп тамашалап калчу. Биз сыртка чыкканда мейманканаларда жатып калабыз. Кээде түнкү саат 3-4төрдө отуруп алып жазып жатканын көрчүмүн. Менин ойгонуп кеткеними көрүп: “Эй, үка, сен эс ал, эртең иштейбиз, мени караба” деп калчу. Чыгармачылык жагына келсек, бул киши акын, кара сөзчү, сатирик катары мыкты чыгармаларды жаратты. Аларынын көбү бааланбай кетти.
Кино сценарий жазылып даяр болгондон кийин актерлорду мүнөзүнө жараша тандачу. “Ушул актер мына бул ролго ылайык” дечү. Чыгармачылык чеберчиликке өзгөчө басым койгон, ошого баам таштаган адам эле. Анан чыгармаларын кыргызча, орусча бирдей жазчу. Бул киши саясатка мурда эле аралашып жүргөн. Саясатчы катары эмес, чыгармачыл адамдын саясатка мамилеси болчу. Саясатты айтып, жазып жүрчү. Башынан эле саясатчы болчу. Жазгандары негизинен башынан өткөндөрү, болбосо жолдош-жоролору, уккан-билгендери, коңшу-колоңдорунун окуяларын көркөмдөп, жалпылап, формага салып мыкты чыгармаларды жаратып салчу", - деди Турумбеков.
Дагы караңыз «Кайран элдин» казалыУлуулук
Кино жаратуучулук аны оголе көп өнөр адамдары менен чыгармачылык, пенделик карым-катнашта болушуна жол ачты. Кыргыз маданиятынын эчен дөө-шаалары менен чогуу жүрүп, чыгармачылыктын азаптуу, кызык учурларын башынан кечирди. Чыгармачылык анын буга чейин аңгемелеринде, ырларында кез-кез көрүнө калган атуулдук, мекенчилдик сезиминин бар көркү менен бажырая ачылышына шарт түздү. Улуттук аң сезимдин коммунисттик доордо жаап-жашырылып келген кемчилик-мүчүлүштүктөрү эгемендик доордо аңырайып ачылып калды. Кескин өзгөрүлгөн жаңы шартка ыңгайлаша албай, көнүмүштүн күүсүнөн чыга албай кыйналган “кайран элдин” тарткылыгы тууралуу Дооронбек аке көп жазды, көзү көрүп көкүрөгү туйган акыйкатын айтам деп ал кыйласына жаман көрүнүп да жүрдү. Бирок элге деген ыкласы ачуу акыйкатты айтпай коюуга да болбойт эле.
Өкчөдүң өөдө-төмөн, оңду-солду,
Өрттөдүң өрүшүмдү, кестиң жолду,
Өзүмчө чыйыр таап кетээримде,
Чырмадың чылбыр менен буту-колду,
Ааламга адам болуп жаралганы,
Аркалап келатамын азап-шорду.
Билбедим агын-көгүн чырайыңдын,
Туйбадым барын-жогун ырайыңдын.
Өзүңдөн тирүүлүктө тийген энчим,
Түрмөгү түгөнбөгөн убайымдын.
Тыйбаган "акты" "кара" демейиңди,
Калп окшойт калыстыгы кудайыңдын.
Өткөн кылымдын соңку чейрегинде кылым турса кылт этпечүдөй көрүнгөн коммунисттик система дал-далынан кетип, дүйнө кескин өзгөрүүгө туш келди. Коммунисттик “темир тор” күчүндө турган кезинде кыйырдагы кыргыздарга барыш, алар тууралуу кино тартыш ойго келбеген нерсе эле. Кылым соңуна чыгып баратканда доор, заман алмашып ансыз да оор турмушта жашаган кыргыздардын абалы опуртал чекке жетип калганын Дооронбек аке биринчилерден болуп туюп, алгачкылардан болуп коңгуроо каккан. Анын кино тасмага түшүп калган каармандарынын жандуу сүрөттөрү арыз-арманга жык толуп турган.
Дооронбек Садырбаевдин “кайран элдин” кечээкиси менен бүгүнкүсүнө кабатырланган арманы кийин киноэпопея болуп чыкты. Шордуу элдин өткөнү менен бүгүнкүсү, мезгил менен мейкиндиктеги азаптуу турмушу 1992-жылы кыргыз опера жана балет театрындагы эки күндүк көрсөтүү менен тамамдалып, чынчыл чыгарма сандыкка катылды. Кыргыз элинин өткөнү менен бүгүнкүсүн, улуттун кандайлыгын каңырыгы түтөй отуруп баяндап берген бул чыгарма Дооронбек Садырбаевдин кино жаатындагы чыгармачылыгынын өзүнчө бир жыйынтыктоочусу болуп калды окшойт.
Дагы караңыз “Апамдын кызымын”Кино дүйнөсү
Дооронбек акенин кара сөз чыгармаларынын көпчүлүгү киного ылайыкташкан эле. “Өзөктөгү өрт” (орусчасы “Светлая боль моя”) кинороманы ушул ыңгайда өзгөчө орунда турат. Бул мыкты киного айланган айтылуу “Топчу” же “Ээрге бекем олтур” эмес, кыргыз турмушунун өтөле оор учуру, сталиндик репрессия жылдарындагы кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмоновдун жашоо-турмушу, кыргыз совет адабиятын баштоочулары тууралуу кеңири эпикалык масштабдагы чыгарма. Жазуучу аны мезгил, шарты келгенде киного айлантууну ойлонгон болуш керек.
Белгилүү акын, жазуучу Олжобай Шакир Дооронбек Садырбаевдин жалпы чыгармачылыгында патриоттуулук баарынан бийик турарын белгилеп, айтылуу сүрөткер көркөм өнөрдүн биртоп салаасында чыгармачылык потенциалын көрсөтө алган деген пикирде.
"Мурунку муундан жарандык позициясын жашырбай ачык билдирген Салижан Жигитов менен Дооронбек Садырбаев экөө болду. Алардын жарандык позициясы чыгармаларында да көрүнүп турчу. Булардын жүрүм-туруму да башкача эле, экөө тең мыкты коомдук ишмер эле. Бир курдай оозеки чыгармачылык өнөр тууралуу Дооронбек Садырбаев, Салижан Жигитов, Дастан Сарыгуловду чакырып маек уюштуруп калдым. Дооронбек Садырбаев төкмөлүк өнөр жок болуп кетеби деп кооптонуп, “Махабат дастаны” фильмимде айтышты кошуп койдум, деп айтты. Элдик өнөрдү элемент кылып кинодо сактап калгым келген деди. Дооронбек акеге ошондо тан бердим, биз ага маани деле бербей кинону жөн эле көрүп койдук да.
Дагы караңыз Кайран Доке...Кыргызстан эгемендикке жеткенден кийин Дооронбек акенин “Кайран эл” долбоору жаралды. Адегенде ооган кыргыздарын тартып келди, анан Кыргызстандын түштүгүндөгү окуялар. Ошол фильмде кызыл сызык болуп башынан аягына өтөт. Чыгармадан автордун жарандык активдүүлүгү бажырайып ачык көрүнүп турат. Дооронбек аке саясатка мансап үчүн аттанган жок. Ал өзүнүн кредосун өзгөртпөдү, бийликке барса мүмкүнчүлүктөр чоң болорун сезди окшойт. Парламент трибунасына чыгып ар намыска тие турган калыс кебин айтып жүрдү. Улут деп күйгөн, бейгам жүргөндөрдүн башын жаздыкка тынч койдурбаган санаркоосу бар экени ал кишиден сезилип турчу. “Ой ушу кыргызга айтасыңбы-дейсиңби, ансыз да угат деп айта берип жүрүп тилим тешилди, укса угат эле” дечү. Анан 2004-жылы эл Акаевдин бийлигине нааразы болуп көчө жыйындарга чыкканда карасам таягын таянып Дооронбек акем турат. “Чыкпай эле койбойсузбу, бутуңузга күч келет, караан жакшы эле болуп калды” десем: “Жок, үкам, кой аксагы менен миң дейт. Кыргызстандын келечегине кайдыгер эместер мендей аксак-тексеги калбай баары чыгышы керек”,- дейт Олжобай Шакир.
Өмүрүнүн аягына чейин тынбай күрөшкөн Дооронбек Садырбаевдей агаларыбыз кыргыздын нарктуу аксакалы, улуттук наркты сактаган залкары катары бизге символ болуп калышы керек.
Дооронбек Садырбаев саясий айдыңга көркөм чыгармачылыкка коомдук көңүл бурулбай, кино тасмалар эмес, адабий тексттердин чыгышы, окурмандарга жетиши кыйын кезде өттү. Эл өкүлүнүн милдетин ал ак ниеттүүлүк менен аткарды. Аны ноокендик шайлоочулардын бир нече ирет депутат кылып шайлашынын өзү депутаттык милдетин кандай аткарганын айгинелеп турат.
Кол-жолду байлаган коомдук иштеринин көптүгүнө карабай ал чыгармачылык ишинен кол үзбөй бир топ чыгармаларын жаратты. Залкардын көзү өткөндөн кийин анын каламынан чыккан чыгармалары, макала, эскерүүлөр топтому 2017-жылы беш томдон турган “Даанышман” китебине чогултулуп жарык көргөн.