Кыдырып кыйла сапар чыгып келдим,
Кыйла журт кыраандыгын угуп келдим.
Кыргыздан кор эл таппай жер бетинен,
Кыйналып кыйын шагым сынып келдим.
Көп жерден көз жашымды төгүп келдим,
Көңүлүм караңгылап чөгүп келдим.
Менден кор эркек таппай эч бир элден,
Мезгилсиз денем сууп өлүп келдим.
Бул - улуу-кичүүгө бирдей Доке атыккан кадимки Дооронбек Садырбаевдин байгер өлкөлөрдүн биринен сапардан кайтканда жазган “Шагым сынды” деген ырынан үзүндү. Чыркырата айткан чындыгы, кара кылды как жарган калыстыгы менен даңазаланган Дооронбек Садырбаевдин өмүрү саясий күрөш жана чыгармачылык түйшүк менен өттү.
Маалымат каражаттарынын бирине өмүрүнүн акыркы жылдары берген интервьюсунда "токсонунчу жылкы Ош окуясы жөнүндө документалдуу фильм тартканым үчүн бийлик мага кастарын тигип, Чеченстанга, президент Дудаевге маданият, маалымат боюнча кеңешчи болуп кетүүгө аргасыз кылды" деп жазган.
Четтен кайра кайтып келген Садырбаев ал кезде саясаттан сыртта калган эмес.
Саясатка, тагыраак айтканда парламентке 1994-жылы келип, өмүрүнүн акырына чейин үч жолку чакырылышта катары менен шайланып, депутаттык кызматты аркалап, бардык бийликтерге оппозицияда болду.
Трибунадан чыркыраган чындыкты айтып, бийликти сестентип турду. Кумтөр кенине байланыштуу 2004-жылкы парламенттик талкуулардын биринде сүйлөгөн сөзүн: “Кайран гана эл! Кайран гана мамлекет! Кайран гана мурдуңа бок сүйкөлгөн кыргыздар! Дагы тарткылыгың алдыда экен. Белиңди бекем бууп, чыдагын, өзүндүн зөөкүр уулдарыңа, өзүңдүн зөөкүр кыздарыңа!” деп аяктаган.
2005-жылкы март ыңкылабынан кийин бир жолу парламент фойесинде адатынча топ журналисттин курчоосунда отурган Доке мурдагы президенттин кызы Бермет Акаеваны жактап, “атасы кылмышкер эле деп, Берметти каттоодон (шайлоого – авт.) баш тартуу - бул түркөйлүк. Мындай болбойт!” деп жаңы бийликтин мамилесине катуу нааразы болгон.
Дооронбек Садырбаев бардык жылдары саясат менен өзүнүн чыгармачылык ишин бирге ала жүрдү. Ал өмүрүндө 16 көркөм, 700дөн ашык даректүү тасмаларды тартты, 8 китеп жазды. Анын тынымы жок эмгекчилдигин саясаттагы жана маданияттагы кесиптештери бирдей баса белгилеп келишет. Улуу Үркүн жөнүндө тарткан “Кайран эл” даректүү тасмасы бийликтин тоскоолдугуна кабылып, узак жылдар элге жетпей келгени жалпыга маалым. Ошентсе да кийинчерээк журналисттерге артымда бир нерсе калтыргым келет, бирок, убакыт жетпей жатат деп кейигени бар.
Улуу-кичүүгө бирдей Докени билгендер анын тынымсыз ичкен коюу кофеси менен колунан түшүрбөй “буркураткан” фильтри жок тамекисин сөзсүз эстешет.
Коомдук-саясий, маданий ишмер Дооронбек Садырбаев 2008-жылдын 28-майында 69 жашында дарт тийип, дүйнө салды. Маркумга көзү өткөндөн кийин Кыргыз эл баатыры мамлекеттик наам ыйгарылган.