Ал эми адам өлтүрүү боюнча ишти армян соту карайт.
Аскерге Сибирден чакырылган 19 жаштагы Валерий Пермяковдун ишин Орусиянын гарнизондук аскер соту 12-августта карай баштады. Көчмө сот отурумун өткөрүү чечимин буга чейин Орусиянын Түндүк-Кавказ аймактык аскер соту кабыл алган. Аталган аймактык аскер сотунун маалымат катчысы Алена Катькало 12-августта буларга токтолду:
- Валерий Пермяков аскерден качкан, курал уурдаган жана аны мыйзамсыз алып жүргөн деп айыпталууда. Соттолуучу өзүнө тагылган айыптарды моюнуна алды. Анын баш коргоо чарасына келсек, 2016-жылдын 30-январына чейин камакка алынган.
Орусия Гүмринин тургуну Аветисяндын үй-бүлөсүн өлтүрүү фактысы боюнча да иш козгогон. Бирок жакында кылмыш иштин бул бөлүгүн армян тарапка өткөрүп берди. Быйыл 12-январда жоокердин кол салуусунан бир үй-бүлөнүн жети мүчөсү, жубайлардан тышкары, алардын эки кызы, эки баласы жана небереси каза тапкан. Ал Аветисяндын үй-бүлөсүн атып салганын моюнуна алганы айтылган, бирок бул кылмышка эмне үчүн барганы белгисиз. Ал боюнча соттук ишти Армениянын аскер соту карамакчы.
Ошентип, аскердин үстүнөн биринчи соттук териштирүү Пермяковду бул үрөй учурган кылмыш үчүн кайсы тарап - Армениябы же Орусия жоопко тартабы деген узак талаштан кийин өтүп отурат.
Январда Армениянын Башкы прокуратурасы алгач Пермяков Ереванга берилбей турганын, Орусиянын Конституциясы өз жарандарын чет мамлекетке берүүгө тыюу саларын маалымдаган. Буга нааразы болгон миңдеген адамдар январь айында Пермяковдун Арменияда жоопко тартылышын талап кылып, бир канча жолу нааразылык акцияларына чыгышкан. Ошондон кийин гана Орусия тарап Пермяковду Арменияда жоопко тартууга макул болгонун Орусиянын тергөө комитетинин атайын өкүлү Владимир Маркин маалымдаган:
- Орусиянын тергөө комитетинин төрагасы өзүнүн кесиптешин Пермяковго байланыштуу иликтөө иштери жана соттук териштирүү Армениянын гана аймагында өтө турганына ишендирди. Ошону менен бирге кылмыш ишти иликтөө жана бардык процессуалдык амалдар эл аралык эрежелерге жана эки тараптуу келишимдерге ылайык жүргүзүлөт.
Ушундан кийин гана Армениянын Гүмри жана башка шаарларында өткөн толкундоолор басаңдаган. Валерий Пермяков башка мамлекетте кызмат кылып жүрүп, оор кылмыш кылган Орусиянын жалгыз жоокери эмес.
Июнь айында ушул эле Гүмридеги орус базасынын жанынан орусиялык жоокердин бычакталып, өлтүрүлгөн денеси табылган. Алгач аны Аветисяндын үй-бүлөсү үчүн өч алуу болсо керек деп божомолдошкон эле. Бирок кийин аны ушул эле аскер базанын башка бир жоокери өлтүргөнүн базадагы орус аскер жетекчилер билдирген.
Ал эми 2009-жылы сентябрда Тажикстанда милициянын капитаны, таксист болуп да акча тапкан Амир Муродовдун сөөгү табылган. Белгилүү болгондой, таксистти Тажикстандагы 201-орус аскер базасында кызмат өтөгөн Вячеслав Чернов менен Дмитрий Кучма чырлаша кетип, өлтүрүп салышкан.
2012-жылы 1-январда болсо Молдовиянын Приднестровье аймагы менен Молдовиянын чек арасында орусиялык жоокер 18 жаштагы Вадим Писарды көзөмөл бекеттен машинасы менен өтүп баратып, баш ийбей койгону үчүн атып салып, ал кийин ооруканада көз жумган.
Ал эми 2014-жылдын 6-апрелинде Крымда орусиялык жоокер Евгений Зайцев Украинанын аскер кызматкери Станислав Карачевскийди атып салган. Бул Орусия Крымды аннексиялап жаткан учур болчу жана андан украин армиясы толугу менен чыгып кете элек эле.
Тажикстандагы Орусиянын гарнизондук аскер сотунда дагы бир таксистти өлтүрүү фактысы боюнча өткөн жумада сот иши башталды. Жергиликтүү таксист Рахимжан Тешебаевдин мууздалган денеси былтыр көл жээгинен табылган. Бул үчүн Орусиянын Тажикстандагы 201-аскер базасынын эки жоокери - Федор Басимов менен Ильдар Сахапов айыпталууда.
Орусиянын Арменияда, Беларуста, Кыргызстанда жана Тажикстанда аскер базалары бар.