Үч күндөн бери уланып жаткан нааразылык акциялар анын катышуучулары бийликтердин бир үй-бүлөнү түгөл атып салган орус жоокери жаза алары боюнча убадаларына ишенбегенин, бул ишке коомдук көзөмөлдү талап кылганын ачыктоодо.
Жоокердин армян тарапка өткөрүлүп берилишин талап кылгандар бүгүн Еревандагы орус элчилиги астына келип, полиция менен кагылышты.
“Азаттыктын” армян кызматы маалымдагандай, тирешүү активисттердин бири орус желегин өрттөөгө аракеттенгенде башталды. Тирешүү учурунда желекти өрттөй албай калган демонстранттар аны тебелөөгө өтүштү.
Орус элчилиги астында жума күнкү нааразылык акция учурунда демонстранттар “Орустун кулдары”, “Эркин, көз карандысыз Армения”, “Биз өз өлкөбүздүн кожоюнубуз” деген ураан-чакырыктарды айтып жатышты.
Армяндардын Орусияга каршы азыркы нааразылык акцияларга чыгышына өбөлгө берген кайгылуу окуя 12-январда болгон эле.
Ал күнү таң эрте Орусиянын 102-аскерий базасынын Валерий Премяков ысымдуу жоокери база жайгашкан Гүмри шаарында Аветисиян аттуу жергиликтүү тургундун үйүнө келип, андагы адамдарды түгөл атып салган.
Маалыматтарга караганда, үй ээсинин эки жаштагы кызы бычак жеп, өмүрү кыйылган. Бычактан Аветисяндын жарым жаштагы ымыркайы да жаракат алган, ал азыр оор абалда ооруканада. Мына ушул окуядан кийин өтүгүн кылмыш жасаган жерге таштап качып кеткен жоокерди бир нече сааттан соң Түркиянын чек арасына жакын аймактан колго түшүрүшкөн. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, кылмышка түрткөн жагдайлар учурда иликтенүүдө.
Учурда орус базасынын аймагында кармалып турат деген жоокерди армян тарапка өткөрүп берүүнү талап кылган, миңдеген киши катышкан демонстрациялар акыркы үч күндөн бери Гүмринин өзүндө да өттү.
Ал жерде болгон армян журналисти Армен Сулейманян орусиялык “Дождь” телеканалы менен маегинде буларга токтолду:
- Саат таңкы төрттө аскерий бөлүктөн Калашников автоматы менен кетип калуу мүмкүн экенине ишенбейм. Кызыгы ал автомат менен аскер бөлүктү таштап кеткенде эч ким чуу көтөргөн эмес. Бир аскердин шаарга куралчан чыгып кеткени эч кимди ойлондурган эмес. Азыр армян чиновниктери да “үйгө суу сурап барган учурда бербей коюшкан, анан ал баарын атып салган" деп айтып жатышат. Эгер ал аскер бөлүктөн кимдир бирөөнү атып салса түшүнүүгө болот эле. Бирок кылмыш Армениянын аймагында, Гүмриде болуп жатпайбы. Жөнөкөй тил менен айтсак, жоокерди калкалагандар бар. Бир эле орус тараптан эмес, армян чиновниктеринин арасында да. Бул акыркы он беш жыл ичинде менин эсимде калган эң коркунучтуу кылмыш.
Бейшемби күнү демонстранттар алдына келгенде Армениянын башкы прокурору Геворк Костаниан орус жоокери армян мыйзамдарына ылайык жаза аларын ырастай албаганы менен Орусиядан аны өткөрүп берүүнү суранарын убада кылды. “Мен муну башкы прокурор эле эмес, эркек катары да убада кылам”,- деди Костаниан.
Анын айтымында, орус аскер кызматчыларынын Армениядагы макамын караган эки тараптуу макулдашууларга ылайык, эгер орус аскер кызматчылары Армениянын аймагында укук бузса, иш армян мыйзамдарына ылайык териштирилет. Ал эми нукура аскерий кылмыштар Орусиянын юрисдикциясына таандык.
Еревандык саясат таануучу Александр Искандарян “Азаттык” менен маегинде орус жоокерине жазаны армян тарап чектей аларына күмөнсүнүп жатканын билдирди:
- Бул окуя адамдарды нес кылды. Азыркы нааразылык акциялар бара-бара басаңдайт. Мындан кандайдыр бир сабак алынып, базага, ага Орусиядан келе турган жоокерлерди тандоодо көзөмөл күчөтүлүшү керек. Эми кайсыл бир адамдар кызматынан бошойт. Бирок орус базасынын Арменияда турган форматы, башка айтканда келишим өзгөртүлбөйт деле. Ал эми кылмыш боюнча тергөө Арменияда жүрүп, бирок иш менимче жарандык сотто каралары арсар.
Орусия базасынын Арменияда туруу мөөнөтү 2010-жылкы соңку келишим боюнча 2044-жылга чейин узартылган. Базадагы орус аскерлеринин саны 2,5 миңге чейин жетет.