Эл аралык метеорологиялык уюм 18-июлда билдиргендей, Жер шарынын түндүк бөлүгүн каптаган ысык бул аптада дагы жогорулайт. Мындан улам абанын температурасы түнкүсүн да жогорулап, жүрөк-кан тамыр ооруларынын кармашына алып келиши мүмкүн экенин эскертти. Түндүк Америка, Азия, Түндүк Африка жана Жер ортолук деңизинин айланасында абанын температурасы 40 градустан ашары күтүлүүдө. Борбор Азия өлкөлөрүндө күн адаттан тыш ысып жатат.
Түркмөнстанда бир нече күндөн бери күн катуу ысып жатат. 12-июлда Мары облусунда абанын температурасы 45 градуска чейин көтөрүлгөн. Катуу аптап балдардын жана кары-картаңдардын ден соолугуна таасир этүүдө.
Расмий маалымат каражаттары абанын температурасы ченемден ашык болуп жатканы тууралуу кеп кылбаганы менен айрым аймактарда жергиликтүү бийлик мекемелерди кыскартылган иш жадыбалына өтүүгө уруксат берип жатат.
Түркмөнстанда жергиликтүү дарыгерлердин бири күн катуу ысый баштагандан бери ооруканага кайрылган жарандардын саны көбөйгөнүн, көпчүлүгү балдар жана улгайгандар экенин билдирди.
"Байрамали райондук ооруканасына ысыктан жабыркаган тургундар кайрылып жатат. Ичи өткөн балдар көп. Кыйналган карылар да кайрылууда. Алардын көбү Байрамалынын жугуштуу оорулар ооруканасына жөнөтүлдү. Оорукана толуп кетти".
Дагы караңыз Өзбекстан: кургакчылык жердин кунарын качырдыМары облусунда 12-июлда Жол куруу жана коммуналдык ишканалардын кызматкерлерине эртең мененки саат 7ден 10го чейин үч сааттык иш тартибине өтүүгө уруксат берилди. Катуу ысык электр зымдарын эритип жибергендиктен, өрт чыгып, жарык өчкөн учурлар катталууда.
"Өрт коопсуздук кызматкерлери азыр рейд өткөрүп жатат. Айрыкча автотетик сатуучу дүкөндөрдү, автосервистерди, кампаларды текшерет", - деди райондук электр тармактар ишканасынын кызматкери.
Бийлик мечиттердеги үн күчөткүчтөр аркылуу жарандарга үй шартында электр шаймандарына дыкат мамиле кылып, убагында өчүрүү керектигин эскертүүдө.
Аптап үй жандыктарын да кыйнап жатат. Суу тартыштыгынан мал өлүп, канаттуулар фабрикасында тооктор кырылган учурлар болгону айтылууда.
Лебап районунда катуу ысыктан улам асфальт эрип, жолдор жараксыз абалга келип калган учурларды жергиликтүү тургундар билдирип жатат.
Саламаттык сактоо жана медициналык өнөр жай министрлигинин маалымат борбору аптаптуу күндөрдөгү алдын алуу чаралары боюнча эскертүү таратты.
13-июлда өкмөттүк “Түркмөнстан” гезити ысыкта өлкө тургундарына ачык түстөгү пахта кийимдерин кийип, сыртта жүргөндө саат 9:00дөн 18:00гө чейин баш кийим кийип жүрүүнү, кол чатыр көтөрүп жүрүүнү жана ичүүчү сууну ала жүрүүнү сунуштап жазды.
Бирок адаттагыдай эле өкмөттүк гезиттер да, мамлекеттик телеканалдар катуу ысыктын кесепеттери тууралуу ооз ачкан жок.
Айыл чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин Гидрометеорология кызматынын маалыматына караганда, 13-июлда Мары жана Лебап шаарларында абанын температурасы 44 градуска жеткен.
Дагы караңыз Аптап Борбор Азиянын шайын оодардыӨзбекстан
Коңшу Өзбекстанда да күн катуу ысып, рекорддук чекке жетип жатат. "Узгидромет" кабарлагандай, 11-13-июлда абанын температурасы Каракалпакстан, Хорезм, Бухара, Навои, Кашка-Дарыя жана Сурхандарыя облустарында 43-45 градуска чейин, Кызылкум чөлүнүн батышында айрым жерлерде 46 градуска чейин көтөрүлгөн. Бул аймакта акыркы жолу 1967-жылы 40 градустан ашкан ысык болгон.
Өзбекстандын айрым аймактарында күндүн ысыгында жарандар бөлмөлөрдөгү аба муздаткычтарды чектен ашык колдонгондуктан электр энергиясы жетишпей, өчүрүлгөн учурлар катталууда.
Күндүн ысышы Өзбекстандын башка аймактарында да байкалууда. Күндүн табына байкоо салган адистердин божомолунда, аба ырайы апта соңуна чейин ушундай болот.
Казакстан
Казакстандын Мангыстау жана Атырау облустарында июль айынын экинчи аптасында ысыктын күчү 42 градуска жетти. Казакстанда эң ысык аба ырайы Түркстан облусунда + 51ºС 1951-жылдын 1-июлунда катталган.
"Эң суук аба ырайы - 51,6ºС Акмоло облусунда 1893-жылдын 5-январында катталган", - дешет адистер.
Кыргызстан
Кыргызстанда 12-14-июль 41 градуска жеткен ысык болду. Синоптиктердин маалыматына караганда, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 36…41 градуска чейин жеткен. Күндүн ысып турган учурдагы жааган жаандын да кесепети коркунучтуу экенин адистер айтып келишет.
Өткөн жылы Жалал-Абад менен Баткен облустарынын айрым аймактарында күн ысыгандан кийинки жаандан сел жүрүп, эгин талаалар менен үйлөрдү суу каптап, адам өмүрүн алган учурлар болгон.
Ал эми күндүн ысыгында сугат суу тартыштыгынан эгиндер куурап кеткен учурларды дыйкандар айтып келет. Быйыл Кыргызстанда сугат суу көйгөйү кайрадан көтөрүлдү.
Сугат суунун көлөмү эки жыл мурдагыга караганда эки эсе аз. Бул Чүй жана Талас облустарында сезилип, дыйкандар суунун аздыгынан эгиндери жакшы өспөй, 20 күндөп сугат сууну күтүп калышканын айтып чыгышты.
Дагы караңыз Ысык чөлдөгү "закым" күн панелдери. Энергетикадагы АКШнын тажрыйбасыЕвропаны каптаган ысык
Бул күндөрү Европада дагы аба ырайы ысык болуп жатат.
Метеорологиялык кызматтар Европанын түштүгүндө алдыдагы бир нече күндө рекорддук ысык болорун эскертишүүдө. Адаттан тыш аптап ушул күндөрү Испания, Италия жана Грекияда өкүм сүрүп жатат. Эксперттер мындай аба ырайы айыл чарбага чоң зыян тийгизерин, башка маселелер да жараларын айтышат.
Италиянын метеорологиялык кызматы ушул аптада абанын температурасы 45 градустан ашарын билдирген. Айрым региондордо ысыктын рекорддору жаңыланууда.
Европадагы эң жогорку температура – 48,8 градус 2021-жылы Сицилияда катталган.
Рейтер агенттиги жазгандай, бул көрсөткүч жакында Сардинияда кайталанышы ыктымал.
Метеорологдордун айтымында, 2023-жылдын 3-июлунда тарыхтагы эң ысык күн болду - бул күнү планетадагы орточо температура жети жыл мурда белгиленген рекорддон ашканын Би-Би-Си (ВВС) жазды.
АКШнын Курчап турган чөйрөнү болжолдоо боюнча улуттук борборунун окумуштууларынын маалыматы боюнча, 3-июлда дүйнөдө орточо температура +17 градуска жеткен. Буга чейинки рекорд 2016-жылдын августунда +16,92 градус болгон.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Аптаптын кесепеттери
Акыркы жылдары окумуштуулар Жер планетасындагы температура ысый баштаганы тууралуу коңгуроо кагып келет. Климаттын өзгөрүшү дүйнөдө бир топ табигый апааттарга жол ачууда.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалыматына караганда, 2000-жылдан бери дүйнөдө сел, жер көчкү, цунами эки эсе көбөйгөн. 2000-жылдан 2019-жылга чейин жер жүзүндө 7348 жаратылыш кырсыгы катталып, 1980-1999-жылдарга салыштырмалуу эки эсе көп болгон. Бул кырсыктардын дээрлик жарымы же 3 миңге жакыны Азия континентине туура келет. Климаттын өзгөрүшүнөн улам зилзала жана цунамилер 6600 деп эсептелди.
Абанын ашыкча ысышынан 165 миң киши каза болуп, 4,2 миллиарды жаратылыштагы кырсыктардан жабыркаган. Мындай табигый апааттар дүйнө экономикасына акыркы 20 жылда 3 триллион доллар зыян алып келгени БУУнун акыркы баяндамасында жазылган.