АКШда мунай, көмүр менен газдан тышкары ачык булактардан, суу, шамал жана күндөн энергия алуу аракети акыркы отуз жылдан бери катуу жанданууда.
Климаттын өзгөрүшү, кургакчылык суудан электр энергиясын алууга кедергисин тийгизип жаткан чакта шамалдан жана күндөн энергия алуу жолго коюлуп келе жатат.
Америкалык энергетиктерди кадимки энергия ресурстары - көмүр менен мунайдан баш тартып, экологияга зыянсызыраак ресурстарды пайдалануу маселеси бир кылымдан бери түйшөлтүп келе жатканын жергиликтүү адистер Борбор Азиядагы беш өлкөдөн барган журналисттерге айтып беришти.
АКШдагы энергия булактары
Климаттын өзгөрүшү, аймактагы түрдүү табигый кырсыктар - бороон-чапкындар, токойлордогу өрт, кургакчылык жана башка факторлордон улам ГЭСтер аркылуу электр энергиясын алуу максатына жетпей келген.
Бул тууралуу АКШдагы кайра жаралуучу энергия булактарын пландоо жана долборлоо менен алектенген Stantec компаниясынын аткаруучу вице-президенти Марио Финис айтып берди.
"Тынч океандын чыгыш жээктериндеги катуу бороондор электр зымдарын кыйратып, энергетика иштеп чыгууга жолтоо болсо, өлкөнүн батыш тарабындагы токойлордон чыккан өрттөн улам генерация бузулуп, блэкауттар түзүлөт. Мындай учурларда биз электр энергиясын башка жактардан алууга аракет кылабыз. Бирок социалдык-экономикалык көрсөткүчтөргө байланыштуу - мисалы түнкү убактарда электрмобилдерди кубаттандыруу көбөйгөндүктөн, айрым учурларда жетишсиз болуп калууда. Кошумча энергетикалык ресурстарга муктаждык пайда болду, анын үстүнө экологияны сактоо зарылчылыгы турат. Ошондон улам, биз анча көп эмес кубаттуулукка ээ, бирок ошол эле учурда өз алдынча электр энергиясын бере ала турган - күндөн жана шамалдан энергия алып, өзүнчө иштей ала турган генерацияларды ишке киргизүүнү туура көрдүк".
Маектешибиздин айтуусунда, АКШдагы суудан электр энергиясын алуучу станциялардын айрымдары жүз жылдан ашуун убактан бери иштеп келе жатат. Көпчүлүгүнө жарым кылымдан ашкан. Ошол эле учурда кайра жаралуучу энергетикалык булактар ЭСтерге караганда 30% көбүрөөк энергия иштеп чыгарын көрсөткөн.
Кайра жаралуучу же альтернативдүү булактарды иштетүүдөн айлана-чөйрөгө зыян болбойт же өтө аз өлчөмдө терс таасири тийиши мүмкүн. Буга АКШнын учу-кыйыры көрүнбөгөн чөлдүү аймактарындагы тынымсыз жүрүп турган шамалды жана жылдын көп убактысында жаркырап тийип турган күндү пайдаланып, энергия алуу мисал болуп бере алат.
Марио Финистин маалыматына караганда, Америкада күн панелдерин колдонуунун эки системасы бар.
"Биринчиси күн фермаларын иштеткен ири компаниялар аркылуу кайсы бир аймакка жалпы электр энергиясын таратуучу борборлоштурулган система. Ал күн панелдери 200-300 мегаватт электр кубатын иштеп чыгып, турак жайлардан тартып, бардык пайдалануучулардын электрге муктаждыгын жабат. Экинчиси - менчик үй-жайларга күн панелдерин орнотуп, андан алынган электр энергиясын колдонуу системасы. Учурда системанын бул түрүн кеңейтүү аракети көрүлүп жатат. Үйүн күндөн алган электр энергиясы менен жабдууну каалаган жарандарга салыктан жеңилдик берилет, алардын айрымдарына өзүнөн ашкан энергияны коңшуларына сатууга да мүмкүнчүлүк берилүүдө. Мында алар коммуналдык кызмат көрсөтүүчү компаниялар менен чогуу иштеп, кошумча керектүү жабдууларды орнотууга тийиш болот. Артыкчылыгы - бул күн кубаты менен электрлештирилген үйлөрдүн түрдүү кырсыктарга, кубулуштарга карабай, жалпы энергетикалык булактардан көз каранды болушуна да шарт түзөт.
Күндөн энергия алган заманбап панелдер
АКШдагы энергетикалык коопсуздукту камсыздоонун жолдору, мунай, газ, көмүр жана башка кадимки энергоресурстардан тышкары дагы кайра жаралуучу энергия булактарын изилдеп, пландап, сунуштоо менен иштеген компаниялардын өкүлдөрү менен Вашингтон шаарындагы жолугушуулардан соң, борбор азиялык журналисттер Американын эң ысык тарабына - түштүктөгү Невада жана Калифорния штаттарына карай бет алдык.
Лас-Вегас шаарындагы Невада университетинин күндөн жана шамалдан энергия алып берүүчү жабдууларды жаңылоонун үстүндө иштеген лабораториясына барган учурда окумуштуулар өздөрүнүн студенттери менен чогуу жаңы муундагы панелдерди иштеп чыгышканына күбө болдук. Алардын ичинен бизди таң калтырганы күн асманда жылган сайын күн карама сыяктуу аны менен кошо жылып туруучу заманбап панелдерди көрдүк. Бул панелдер бийик конструкцияга орнотулуп, бутактуу дарак сыяктуу көрүнөт. Аталган университеттин механик-инженери Рик Харттын түшүндүргөнүнө караганда, бул панелдер күн чыккандан батканга чейин анын нурун толук алып, энергияга айлантууга мүмкүнчүлүк берет:
"Менин оң колумдагы бул айнекче аркылуу чогулган күндүн нуру сол колумдагы микрочипке чогулат, ал аркылуу электр кубатына айланат. Бул өтө күчтүү жабдуу. Биздин панелдерде миңдеген айнекчелер менен катар эле чиптер жайгашкан. Алар иштеп чыккан электр кубаты кадимки панелдерге караганда 500 эсе көп энергия иштеп чыгат. Биринчидин күндүн нуру бир секунд да текке кетпейт, экинчиден, алардын бийик мамыга бутактатып орнотулушу - алдындагы өсүр турган өсүмдүктөргө жана жан-жаныбарларга да зыяны да тийбейт. Мына ушундай артыкчылыктары бар".
Бул жалаң күзгү сыяктуу айнектен турган дарактай көрүнгөн панелде жүздөгөн лупа сыяктуу айнек алкактар жайгашкан. Алар чогултуп берген күндүн нуру атайын микрочиптер аркылуу электр кубатына айланат.
Биздин саякатыбыз Невада штатында жайгашкан АКШдагы эң ири ГЭСтердин бири Гувердин дамбасында уланды. Аталган дамба 1931-жылы Невада жана Аризона штаттарын бөлүп аккан Колорадо суусуна курулуп, ошондон бери аймактагы 17 штатты электр энергиясы жана суу менен камсыздап келет экен. Бийиктиги 221 метрлик суу сактагыч Американын 31-президенти Герберт Гувердин атын алып жүрөт. Дамбанын кызматкери берген маалыматка караганда, суу сактагыч курулгандан берки убакта эки ирет 1941-жылы жана 1983-жылы сууга чылк толгон. 1983-жылы суу дамбадан да ташкындап, дарыяга да батпай, айыл чарбасына кыйла зыян тийгизиптир. Бирок ошондон бери суу сактагыч анчалык сууга толбоптур.
Ысык чөлдөгү "закым" күн панелдери
Невада штатынан Калифорнияны көздөй жол тартып баратканда учу-кыйыры көрүнбөгөн ысык чөлдө бир күн жол жүрдүк. Так төбөдөн тийген күндүн аптабына кошул-ташыл дамыктырган ысык шамалдуу чөлдө баратканда алыстан карарып, кочкул жашыл бак өсүп тургандай, ал эми панелдердин айнектери күнгө чагылышканы суу сыяктуу көрүнгөн жерлер чынында эле чөлдөгү оазис сымал таасир калтырат. Андай жерди көргөндө уюштуруучулардын "бул күн панелдери коюлган жер" деп айтканына бир чети ишенбей да кетесиң. Бирок улам жакындаган сайын миңдеген гектар жерлерге жайгаштырылган күн панелдери экени даана байкалат.
Энергетикалык коопсуздук боюнча АКШга Борбор Азиядан барган тогуз журналистти уюштуруучулар Керн уездинин шамалдан жана күндөн энергия алуучу фермаларына алып барды. Аталган аймакта шамалдан электр энергиясын алып берүүчү батперектер менен күн панелдери миңдеген гектарлаган жерге жайгашыптыр.
Мисалы Керн уездинде батперектер аймакта миң гектардан ашуун жерге орнотулса, күн панелдери андан эселеп көп.
"Батперек менен панелдердин экологияга зыяны жок"
Калифорния штатындагы Керн уездинин альтернативдүү энергетикалык ресурстарды пландоо департаментинин директору Лоурелей Овиаттын сөзүнө караганда, шамалдан энергия алуучу батперектерден алар жайгашкан жердеги өсүмдүктөргө да, жаныбарларга да зыян жок:
"Биздин шамалдан энергия алуучу батперектердин бийиктиги 300 фут (91,44 метр -ред). Бул алар жайгашкан жердеги флора менен фаунага дээрлик зыян тийгизбейт деген сөз. Биздин Керн өрөөнүбүздө өзүңүздөр байкагандай негизинен кактус, юка дарактары жана мисте өсөт. Мактанып коеюн, биздин өрөөн АКШны дээрдик 80% мисте менен камсыз кылат. Мына ушул дарактарга батперектердин эч кандай зыяны жок".
Бирок ошол эле учурда керектен чыккан батперектер менен күн панелдерин утилизация кылуу маселе болуп келген. Лоурелей айымдын айтуусунда, акыркы жылдары бул маселелер да чечилип, аймактагы цемент заводу эски батперектерди майдалап, аларды дамбаларды бүтөөгө жана курулушка колдоно баштаптыр.
Калифорния штатындагы Шамалдан жана күндөн энергия алууга адистешкен консалтинг борбордун президенти Линда Паркердин айтымында, уезддеги шамал батперектери аймактагы жарым миллион турак жайды электр энергиясы менен камсыз кылат.
"Батперектердин ар бири өзүн 5-7 жылда актайт. Сиздер көрүп тургандай айрымдары азыр шамал болуп жатканына карабай токтоп турат. Булар бузулган же оңдоо иштери үчүн токтотулган болушу мүмкүн. Ар бир турбинанын иштөө мөөнөтү 25-30 жыл. Бул жердеги турбиналар 1994-жылдардан бери турат. Алардын ичинде чоңдору мурункулар, кийинчерээк чакан жана тез иштөөчү түрлөрүн орнотконбуз. Эскилери электр энергиясын киловаттап чыгарса, жаңылары саатына 3 мегаваттка чейин электр энергиясын иштеп чыгат".
Турбиналардан алынган электр энергиясы үчүн керектөөчүлөр бүгүнкү күнү киловаттына 5 центтен 14 центке чейин төлөшөт. Линда айымдын айтуусунда, бул коммуналдык кызмат көрсөткөн ишканалардын кошумча төлөмдөрүнөн көз каранды түрдө өзгөрүүсү мүмкүн.
Америка Кошмо Штатында электр энергиясынын баасы аймагына жараша ар түрдүү. Stantec компаниясынын аткаруучу вице-президенти Марио Финистин маалыматына караганда, гидроэнергетика кеңири жайылган Тынч океандын түндүк-батышында электр энергиясы салыштырмалуу арзан.
"Бирок, көмүр, мунай жана газ сыяктуу жылуулук булактары кеңири таралган түндүк-чыгышта электр энергиясынын баасы кыйла жогору. Мындай баа айырмачылыктарын электр энергиясын өндүрүүнүн булагы жана мурда жасалган инвестиция менен байланыштырса болот. Жалпысынан алганда, электр энергиясына болгон чыгымдар өлкө боюнча бирдей эмес жана өзгөрүлмөлүү. Менде так сандар жок, бирок мен Тынч океандын түндүк-батышында, киловатт саатына беш центтен, ал эми эң кымбат болгон түндүк-чыгыш жөнүндө сөз кылсак, ал жакта 1 киловатт саат 12 же 13 цент турат".
Ушул тапта АКШдагы энергетиктер шамалдан жана күндөн алынган энергияны сарптоодон ашканын чогултуп, сактоонун жолдорун иликтеп жаткан учуру. Биз жолуккан адистер дээрлик бир ооздон күндөн энергия алуу системасы - замандын талабына ылайык жалпы дүйнөдө тарап жатканын белгилешти. АКШда күндүн нурун жарык, жылуулук жана башка керектөөлөргө айландыруу жыл өткөн сайын арзандап жатыптыр.
Маектештерибиздин айтуусунда, күндөн энергия алып берүүчү жабдуулардын баасы акыркы он жылда он эсе төмөндөгөн.