Алга Кылычев: Абакта өлүмдөн башканын баарын көрдүм

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Азаттык” Кыргызстандын абактарындагы чыныгы абалды, кыйноо фактыларын, бийлик менен криминалдык чөйрөнүн байланышын ачып берүү максатында “Абак азабы” долбоорун сунуштайт. Кой-Таш окуясы боюнча кылмышка шектүү катары өтүп жаткан Алга Кылычев күч органдары ур-токмокко алганын, абактан криминалдык топтун өкүлдөрү басым жасаганын айтып берди.