"Акча да, паспорт да беришкен жок". Украинадагы согушка азгырылган мигранттар

Орусия Украинага басып кирип, согуш ачканына бир жарым жылга жакындады. Миңдеген бейкүнөө кишинин, аялдар менен балдардын өмүрүн алган согуштун азабын Борбор Азиядан барган мигранттар да тартууда.

“Азаттык” Украинадагы урушка тартылган мигранттар тууралуу иликтөөлөрдүн экинчи бөлүгүн сунуштайт.

Бул жолу Москвада иштеп жүрүп Украинадагы согушка барууга макул болуп, бир нече ай мурун келишимге кол койгон кыргызстандык мигранттар тууралуу айтып беребиз.

Дагы караңыз Украинадагы согуш: абакка түрткөн азгырык, оорукчан ата, сыздаган эне

"Биринчи күнү кантип автомат кармашты үйрөттү"

Москва. Жүз миңдеген кыргызстандыктар ушул шаарда иштеп, жашап жүрөт. Украинадагы уруш башталгандан бери “Азаттык” сыяктуу бир катар эл аралык медиа мекемелердин журналисттери коопсуздуктан улам Орусияга бара албайт.

Ошондуктан биз орус жергесиндеги мигранттардын ал-абалын, арыз-муңун телефон, социалдык медиадан билип, кабар алып турабыз.

Москва.

Украинада урушка кеткендер же согуштан кайтып келгендер оңой менен кепке келип, башынан өткөргөндөрүн айта бербейт. Ошентсе да биз орус паспортун алуу үчүн согушка барууга макулдугун берген кыргызстандык мигрант менен бир айдай байланышып, мигранттарды согушка эмне азгырарын билүүгө аракет кылдык.

Азизбек учурда Москвада иштеп жүрөт. Ал бир нече ай мурун келишимге кол коюп, Украинадагы согушка барган.

19 жаштагы улан от күйгөн жерге кантип барганын айтып берди.

"Биз менен кошо аскерлер да бар болчу. Жалпы төрт учак менен чыктык. Менин согушка барып келгенимди жакындарым, апам, туугандарым билбейт. Бир гана сизге айтып берип жатам. Баары эле акча үчүн кетип жатат".

Адатта согушка барууга бел байлагандар туугандарына же жакындарына Азизбек сыяктуу эле эч нерсе айтпай кетет экен. Ушундан улам алардын так санын, алты саны аман кайтып келгендери менен кан күйгөн кармашта канчасы жок болгону азырынча беймаалым.

" - Колубузга автомат берди, баарына берди. Украинанын аймагына алып барды.

- Сен буга чейин колуңа мылтык кармадың беле?

- Биринчи күнү кантип автомат кармашты үйрөттү. Экинчи күнү учакка отурдук. Негизи бизди үч күн даярдыктан өткөрүү керек болчу. Экинчи күнү эле талап кылынган аскер формасын кийдик.

- Сени менен кошо канча кыргыз бар эле? Учакта канча адам болду?

- Мен алдыга өтүп, 12 адамды эсептедим. Бирок көп киши бар эле. Эми аякта сүйлөштүрбөйт го. Чоңдорубуз да бар. Баарын санап чыгууга мүмкүн болгон жок. Биз менен кошо командирлер да учту. Ошондуктан бизди сүйлөштүрүшкөн жок. Эки кыргызды же эки өзбекти бир жерге койбосун, сүйлөшүп туруп алат деди. Ошондуктан ар бир мамлекеттен бирден алышты окшойт. Менин командамда казакстандык, өзбекстандык бир бала, мен, анан дагстандыктар, орустар болду".

Азизбек Тажикстанда туулуп, тестиер кезинде Кыргызстанга көчүп келген. Бишкектин четиндеги айылдардын биринде мектепти аяктап, анан Москвага кеткен.

Ошентип, миграцияда жүргөн жигит атайын даярдыктан өтпөстөн Украинадагы кандуу кармашка кирген.

- Биз тасмадан көргөн согуштагыдай эле жүрдүк да. Тиги жактан ок учуп келе жатат, биз дагы тиги тарапка ок атып аттык. Адам барбы-жокпу, түз эле ата бердик. Эмнеси болсо да болду деп ата бердик. Мага дагы аз жерден ок тийип кала жаздады. Мен жатып алып атышып жаткам да. Алдыда таш, тактай жаткан, жанымдагы тактайга тийди. Чуркап баратып бир таңгак окту жоготуп койдум. Биз бири-бирибизден 20-30 метр алыс туруп алдык. Бардыгыбыз бир жерде турбайбыз. Чачыратып койгон. Анткени бир жерге ок келип түшсө, эки киши өлбөй, бирөө калат да".

"...камап салса, бирдемке кылып полковниктерге чыгам"

Азизбек согушта эмне көргөнүн бир топко баяндады. Бирок ушул жерден анын айтканын башка булактардан тактай албай турганыбызды эске салабыз.

"- Бул жакка келгенде жоопкерчиликке тартылам деп коркпойсуңбу?

- Эгер Кыргызстанга барганда "согушка катыштың" деп камап салса, жолун таап Орусиядагы полковниктерге чыгам. Жайымды айтсам, чыгарып кетишет. Путинден ушундай буйрук келет. Бир гана Путиндин сөзү сөз. Жапаровго да, Өзбекстандын, Тажикстандын президентине да сөзү өтөт.

- Силерге [армиядагы офицерлер] ушинтип айтышабы?

- Алар жыйында "бирдеме болуп кармалып калсаң, жолун таап бизге байланышка чыксаң, каяктан болбосо да алып чыгып кетебиз" дешчү.

Кыргызстан Украинадагы согуш башталгандан бери бейтарап позицияда экенин белгилеп, өз жарандарына куралдуу кагылыштарга катышпоону эскертип келет.

"Мен жарандык алууну гана көздөдүм"

Москвада курулушта иштеп, тапканы айдан айга араң жеткен Азизбек Украинадагы согушка чакырган жарнамаларды көчөдөн көрүп калып, андагы телефон номерге чалган. Ал байланышкан кишилер дароо эле аскер комиссариатына жөнөтүп, ошол жерден келишим түзүлгөнүн бизге бир ай мурун айтып берген эле.

"Жарнамаларды окуп калдым. Чынында акчага деле кызыккан эмесмин, жарандык алууну гана көздөдүм. Жарнамаларда чыккан дарек боюнча барып, келишимге кол койдум. Ал жерде менден башкалар дагы көп экен. Көбү улуу муун, 45-50 жаштагы байкелер болду. Бири акчага дейт, бири жарандык алам деп келишимге кол койгону да бар.

- Келишимде эмне деп жазылган? Милдеттериң кандай?

- "Балким, сен баргыча согуш бүтүп калат, андай боло турган болсо, кызмат эле өтөй бересиң деп айтышты. Бул жакта жоокер катары үйрөнөсүң" дешкен.

Бир ай мурда бизге Азизбек алгач аскер комиссариатында котормочу болуп кызмат өтөгөнгө гана макул болгонун айткан эле. Кийин акчасына кызыгып, согушта он күндөй жүрүп келген.

"Мен деле корктум, эгер бирдеме болуп калсам, апам менен карындашымды ким карайт деп ойлодум. Согушка доллар берем десе, кимдин баргысы келбейт, айтыңызчы? Бул дүйнөдө жашоого тоюп кеткендер барат. Акчага муктаж балдар баратат".

- Канча акча беребиз дешти эле?

- Ал келишимге жараша болот. Украинанын аскерлерин кармап берсеңиз, ал үчүн кошумча доллар төлөп берет. Бирок мен ушуну менен барбайм. Болду. Азыр согуш күчөп баратат. Орусиянын аскерлери калбагандан кийин алардын күнү мигранттарга түштү".

Анткен менен Азизбек ага убада кылынган акча да, паспорт да колуна тие электигин айтып өттү.

"Эч кандай акча төлөп бербейт"

Орус бийлигинин жарандык берилет же акча төлөнөт деген убадасына ишенип, согушка аттанган мигранттар Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнөн да бар. Алардын бири - тажикстандык жаран былтыр күздө өз эрки менен согушка барып, бирок акча да, орус паспортун да ала албай калган.

Ал эки аптадай Украинадагы согушта жүрүп, анан госпиталга түшкөң. Кийин эч бир жерде каттоодо жок болуп чыккан. Ал колундагы келишимди көтөрүп алып, кимге кайрылууну билбей жүргөндө укук коргоочуларга минтип сүйлөп берген:

"Мени эч ким азгырган жок. Мен өз ыктыярым менен баргам. Акча төлөнөт деген убаданы укканда эле мигранттардын “Сахарово” борборуна баргам. Ошол жерде аскер комиссариаты ачылган болчу. Мен ал жакка барып, өз эрким менен согушка барам дедим. Анда мен сыяктуу башка мигранттар да бар экен. Кийин бул жактагы аскердик бөлүккө келгенде эч жерде каттоодо жок экеним билинди. Тизмеде да жок экенмин. Эч кандай акча төлөп бербейт. Паспорт дагы жасап бере алышпайт экен. Менин колумда баары бар. Келишим бар, аскердик бөлүктөн алган кагаздар, госпиталга жатканымды тастыктаган документтер бар. Мени менен кошо 30дай адам согушка барган. Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстандын жарандары болчу. Менимче, алар деле эч жерде каттоодо турган эмес. Алар менен байланыш да жок. Биз Украинанын Лисичански шаарында болдук. Бизди Белгород облусунда беш күн даярдыктан өткөрүп, анан курал-жарак берип, Лисичанскини коргоого алып барышкан".

Жогорудагы маектешибиз көп өтпөй мекенине кайтканы белгилүү болду.

Жарандык маселесине келгенде, Борбор Азия чөлкөмүнөн баргандардан орус паспортун алгандардын сап башында Тажикстан турат.

Алты ай ичинде

  • 74 160 тажикстандык
  • 21 647 казакстандык
  • 13 099 өзбекстандык
  • 1 549 түркмөнстандык мигрант орус паспортун алган.

Жарым жыл ичинде 20 миңден ашуун мигранты орус жарандыгын алган Кыргызстан бул тизмеде үчүнчү орунда турат.

“Согушка мажбурлоо болуп жатат..."

Орус күчтөрү Украинага кол салгандан бери мигранттарды согушка чакырган жарнамалар байма-бай таратылып келет.

Андай азгырыктар мигранттар көп жүргөн Москванын метро станцияларында, “Сахарово” борборунда, мечиттерде таратылып, Телеграм каналдарды каптады.

Мындай чакырыктар аз келгенсип, мигранттарды текшерүү күчөдү. Чет элдиктер жашаган батирлерге чейин кирип барып, коомдук жайлардан, метродон ондогон мигрантты кармаган видеолор тарады.

Акыркы күндөрү Москвада жана Москва облусунда иштеген мигранттар депортацияланганы тууралуу маалымат байма-бай жарыяланууда.

Көп жылдан бери миграцияда жүргөн 38 жаштагы Баатыр Бейшенбеков орус полициясынын ормон опузасынан тажаганда мекенине кайтып келген.

"Биз иштеп аткан жерге ОМОН (полициянын атайын күчтөрү) келип, басып калышты. Алты бала болчубуз. Менин каттоом үч айлык эле. Барганыма бир ай эле болгон. Базадан чыкты окшойт, мени коё беришти. Жетекчим болсо "жүктөрүңдү ал да, кет" деди. Көп жылдан бери эле миграцияда жүрөм. Бирок быйыл жылдагыдан абал оор. Дагы бирдеме шылтоо табылып калбасын деп кете бердим".

Ал күнү Баатыр менен иштеген башка мигранттарды полиция кармап кеткен. Андан бери алардын Москвадагы убактылуу кармоочу жайда отурганына бир айдан ашты.

"Ага-ини кармалып кетти. Агасынын аялы, эки баласы бар. Эмне себептен кармап жатат десем, “Согушка баргыла, 500 миң рубль берем деп атышат. Депортация кылбай, убакытты создуктуруп жатат” дешти. Ыктыярдуу түрдө, өз каалоосу менен согушка кеткен эч ким жок. Жөн эле мажбурлоо болуп атат".

Ал телефон аркылуу полиция кармап кеткендердин бирине чалып, акыбалын сурады. "Качан бошотушары белгисиз, бизге айта элек" деди ал телефондон.

"Башында кыргызстандыктар көп болчу, чыгып кеткендер да болууда. Бирок жаңы келгендери да бар. Бизге чейин отурган кыргыз балдарга “жарандык аласыңар, келишим түзгүлө, 100 миңден 300 миңге чейин беребиз” деп айтышкан экен. Бул бирок биздин согуш эмес да. Эгер Кыргызстан согушуп жатса, акчасы жок эле бармакпыз. Бөтөн жерге барып согушкандан көрө тынч үйгө эле кеткеним жакшы деп отурам".

Укук коргоочулар орус бийлигинин мигранттарды ыксыз текшергени жана акча менен паспортко кызыктырган убадасы – мекендештерди бөтөн жерде ажалдын кучагына түртүп жатканын айтышат.

"Көпчүлүк мигранттар дагы деле Орусиянын паспортун алууга кызыкдар. Алар бул үчүн өмүрүн тобокелге салууга да даяр. Мага ок тийбейт, мен өлбөйм, баары жакшы болот деп ойлошот", -дейт мигранттардын укугун коргоо менен алектенген Гүлнара Дербишева.

Украинада уруш башталганына бир жарым жылга чукулдады. Бул маалда канча мекендеш кан күйгөн кармашка кеткенин, канчасы кайтып келгенин, канчасы окко учканын эч ким так билбейт.

Кырдаалды жеринен билген укук коргоочулар согуштан кайткан же жарадар болуп келген мигранттардын көбү Орусияда жашыруун жүргөнүн айтып келишет.

"Согушка кетип атканда ал тургай жакын досуна да кабар бербей жатышат. Же балким жашыруун сакташ керек деген документке кол коёбу же өзү ушундай абалда эч кимге айткысы келбейби, бизге да бүдөмүк. Кайтып келгендер да эч кимден жардам сурабайт. Алар кайра башка жумуш издейм, жашоомду улантайын деп ойлошот. Психологдорго да кайрылышпайт", - деди Гүлнара Дербишева.

Ред: Орус рублине, же орус паспортуна азгырылып, согушка тартылган мигранттар тууралуу кийинки баянда орус күчтөрүнүн катарында согушуп жүрүп, кармаштарда каза тапкан мигранттар тууралуу сөз болот.

Иликтөөнүн видеосун бул жерден көрүңүз: