Орусия эң жакын коңшусу Украинага басып кирип, согуш ачканына бир жарым жылга жакындады. ХХI кылымда Европада болуп жаткан алаамат качан, кантип аяктары азырынча белгисиз.
Миңдеген бейкүнөө кишинин, аялдар менен балдардын өмүрүн алган согуштун азабын Борбор Азиядан барган мигранттар да тартууда. “Азаттык” Украинадагы урушка тартылган мигранттар тууралуу иликтөөлөрдүн биринчи бөлүгүн сунуштайт. Бул жолу орус рублине, же орус паспортуна азгырылып, согушка азгырылган мигранттар тууралуу баяндалат.
"Паспорт беребиз деп согушка азгырышкан..."
Балыкчы - тогуз жолдун томунда жайгашкан чакан шаарлардын бири. Көп кабаттуу үйлөрдүн биринде биздин каарман жалгыз жашайт. Жүйөлүү себептерден улам анын жүзүн көрсөтүп, аты-жөнүн ачык атай албайбыз. Маектешибизди шарттуу түрдө Асылбек Кадырбеков деп атоону макулдаштык.
Асылбек ар ишембини зарыга күтөт. Бул күнү таң заардан туруп, Бишкекте абакта отурган уулуна тамак-ашын жасайт.
"Үйдүн тамагын жакшы көргөндүктөн күрүч басып, манты жасап койдум. Мантыны өзгөчө жакшы көрчү. Азыр тамагын азыр салып, жолго чыгам. Ишемби күнү саат экиден төрткө чейин гана киргизсе болот".
Уулу быйыл жыл башында Москвадан мекенине - Кыргызстанга кайтып келгенде “Украинадагы согушка катышкан” деген шек менен камакка алынган.
Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 10 жылга кесип, Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагына киргизген.
"Чечимди уккандан бери ден соолугум ого бетер начарлап жатат",-деди атасы.
Анын айтымында, 30 жаштагы уулу 10 жылдан бери Орусияда эмгектенип жүргөн. Уулунун башка бир өлкөдө согушка барып, курал кармап жүргөнүнөн кабары да болгон эмес.
"Мен билген эмесмин. Телефон чалып деле сүйлөшчү эмесмин. Балдарым өздөрү мага чалып турчу. “Иштеп атабыз, баары жакшы” деп эле айтышчу. Паспорт, жарандык алып, жакшы жумушта иштегиси келген окшойт".
Асылбектин жубайы, башка балдары да чет жакта миграцияда. Ошентип бир үй-бүлөнүн атасы бул үйдө жалгыз турат. Бир нече жыл мурун инфаркт болуп, бир көзү начар көрсө, эми кан басымы улам көтөрүлүп турат экен.
Кан басымын өзү текшерип турат.
"Аппаратым да иштебей калган окшойт. Көрсөтпөй жатат", - деди мукактанып.
"Балаңыз сизди караганы келди беле?", -деп сурадым андан.
"Уулум Москвадан мени караганы келген да, анан мага жетпей эле аны Бишкектен кармап кетишиптир. Кан басымым 200гө чейин көтөрүлөт. Бул жакшы эмес да..."
Ал биз менен сүйлөшүп жатканда бирде көзүнө жаш алып, анан үнсүз-сөзсүз терезени тиктеп, оор үшкүрүп жатты.
"Тоок уурдагандарды 10 жылга соттойт дагы, киши өлтүргөн басып жүрөт… Туура эмес да андай. Уулум эч нерсе кылган жок. Террорист болгон жок. Жаштыкка салып барыптыр".
Ошентип уулуна даярдаган тамак-ашын алып, кийим-кечесин баштыкка салып, Бишкекти карай жолго камынды.
"Муздасын деп тамакты муздаткычка салып койгон элем. Эми муну Бишкекке алып барышым керек. Тамак-ашты өзүм жасайм. Жалгыз жашайм. Жайкы кийимдерин да салып алайын. Футболкалары, байпактары...Азыр күн жылып кетпедиби".
"Согушка катышканы үчүн 10 жылга кесилди"
Асылбек адатта Балыкчыдагы автобекетке барып, Бишкекке каттаган маршруттук таксилерге отурат. Бул жолу бизге сапарлаш болуп, жолго чогуу чыктык. Жолду катар бирде терезени телмире тиктеп, анан көкүрөгүн өйүгөн санаасы менен бөлүшүп баратты…
"Бишкекке жеткиче баламды ойлонуп барам. Жаш, үйлөнө элек. Эл катары иштеп, үйлөнүп, жайланса деген ою бар болчу. Мындай мыйзам бар экенин деле билбесе керек. Мен деле билген эмесмин. Балдарга айтарым, барбасын ал жакка. Бул туура эмес. Билбестик кылып булар алданып калып атат. Паспорт беребиз деп согушка алып кетип атышпайбы".
Бишкектеги Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагына ишемби күндөрү ондогон киши тамак-ашын, дары-дармек салынган баштыгын көтөрүп, кезекке туруп калат.
Улуттук коопсуздук комитети Асылбек Кадырбековдун уулун Кыргызстанга келгенде январь айында кармаган.
16-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту К.У.А аттуу жаранды “Украинадагы согушка катышкан” деген айып менен 10 жылга кести. Ошентип Кыргызстанда биринчи жолу Украинадагы урушка аралашкан жаран оор жазага тартылды.
Жогорку Соттун расмий сайтында сот процессинин протоколу жана өкүм толук жарыяланды. Протоколдо Москвада жашап жүргөн К.у.А. 2022-жылдын июнь айында "материалдык пайда табуу үчүн" Орусиянын аскердик топторунун бирине кошулуп, Украинадагы согушка катышканы жазылган.
“Ал былтыр июль айында “Луганск Элдик Республикасы” (“ЛЭР”) деп атап алган аймактын Брянка шаарына келип, 08807 аскер бөлүгүнүн командиринин буйругунан көчүрмөнүн негизинде 180 000 рубль айлык маяна менен ефрейтор катары кызматка чакырылган.
Ошол эле күнү К.у.А. бронежилет кийип, Калашников автоматын жана Макаров тапанчасын алып, Горск конушундагы чалгындоо иштерине катышкан. 5-сентябрга чейин инструкторлордун жетекчилиги астында күжүрмөн даярдык курстарынан өтүп, ок атуучу куралдардын ар кандай түрлөрүн колдонуу көнүмдөрүн өздөштүргөн. "Урал" маркасындагы автомашина менен фронтко минометторду жана ок-дарыларды жеткирүү менен алектенген”.
Бишкекте өткөн соттук жараянда айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алган эмес.
“Москва шаарында 10 жылдан бери ар кандай иштерде иштеп, пандемиядан кийин авиакасса ачып, 2022-жылдын июнь айында спецоперация башталган кезде учак билеттерине зарылчылык азайып, ишибиз токтоп калган. Ошондон улам, паспорт алуу үчүн аскердик кызмат өтөөгө макул болгом. Мылтык же тапанча ар бирибизге берилген, бирок андан ок чыгарган эмесмин. Согуш талаасында болгон эмесмин. Элге гуманитардык жардам таратуу иштерине гана катышкам”.
Биз бул программаны даярдап жаткан маалда айыпталуучунун апелляциялык арызын Бишкек шаардык соту карады.
Шаардык сотто айыпталуучу жаза мөөнөтүн азайтуу үчүн Кылмыш-жаза кодексинин “Жалданмачылык” беренесин “чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуу” деген беренеге өзгөртүүнү өтүндү.
Бирок Бишкек шаардык соту буга чейинки райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырып, отуз жаштагы жаранды 10 жылга эркинен ажыратты.
"Уккандан бери абалым жакшы эмес..."
Биз айыпталуучунун энесине жолугуу үчүн Италияга келдик.
Белгилүү себептерден улам айыпталуучунун энесинин да аты-жөнүн айтып же жүзүн көргөзө албайбыз. Европада жашаган орто жаштагы мигрант эне өкүмүн чечимин уулунан миңдеген чакырым алыста жүрүп уккан.
Биз барган чакта он жылга абакка кесилген уулунун кабарынан кийин апасы дагы деле өзүнө келе албай жатканын айтты.
"Шаардык соттук чечимин аябай оор кабыл алдым. Сотко үмүтүм чоң эле, бирок мурунку чечимди эле күчүндө калтырды. Азыр абалым жакшы эмес. Эми мындан ары кандай болот, эмне болот деп сарысанаа болуп отурам. Өзүм сүйлөшкөнүмдө уулум мага өз эрким менен эле баргам деп айтты. Ал мага “Акчага азгырылган жокмун, паспорт алам деген ой менен баргам” деди. Ал жерде “мылтык кармаган жокмун, болгону гуманитардык жардам гана тараттым" деп айтты. Ошондуктан “мен аман-эсен келдим, согушкан эмесмин, эч кимди аткан жокмун” деди".
Ал Италияда беш жылдан бери улгайган адамдарды карап иштейт. Украинага урушка барып келген уулунан башка балдары да бөтөн жерде миграцияда. Быйыл кышында алыстагы үй-бүлөсү менен Жаңы жылды тосуп, сагынычын таратканы барганда уулун келип кармашкан.
"Мага эч ким, эч нерсе айткан эмес. Кызым менен уулум билген экен. Мен Кыргызстанга барып, Жаңы жылды баарыбыз чогуу, атасы менен тостук. Балдарым, кыздарым менен Бишкекте болдук. Анан эле 11-январда үйдөн келип, УКМК кармап кетти. Согуш тууралуу ошолордон уктум. Болбосо, мен эч нерсе билген эмес элем. Бир чети азыр кудайга ыраазычылык айтып, шүгүр келтирип отурам. Менин маңдайыма, Кыргызстанга аман-эсен келгенине. Эми мындан ары Кыргызстандын мыйзамына ылайык жооп берет деп ойлойм".
Каарманыбыз менен шаар аралап, көпкө сүйлөштүк. Алыста калган оорукчан күйөөсүн, абакта жаткан уулун ойлогон аял бирде оор улутунуп, бирде көз жашын сүртүп, бөтөн эл, бөлөк жердеги согушту айыптап жатты.
"Чет жакта, Орусияда жүргөндөргө “согушка барбасын, катышпасын деп” айтат элем. Кандай болгон күндө да Кыргызстанга кайтып, менин уулума окшоп, жоопкерчилигин тартат экен. Абакка камалат. Ошон үчүн барбагыла деп айтам. Эненин көз жашын, эненин жүрөгүн балдар ойлосо…"
Ред: Орус рублине, же орус паспортуна азгырылып, согушка тартылган мигранттар тууралуу экинчи баянда Москвада иштеп жүрүп Украинадагы согушка барууга макул болуп, бир нече ай мурун келишимге кол койгон 19 жаштагы кыргызстандык мигранттын тагдыры тууралуу айтып беребиз.
Иликтөөнүн видеосун бул жерден көрүңүз: