Ооган тынчтык арачылары Пакистанда

Пакистан өкмөт башчысы Ража Первез Ашраф менен ооган тынчтык арачылары менен учурашууда. Исламабад, 12-ноябрь, 2012.

Ооганстан боюнча тынчтык сүйлөшүүсүн жандантуу аракети уланып, мартабалуу ооган өкүлдөрү дүйшөмбү күнү Пакистанга келишти.
12 мүчөлүү делегацияны ооган өкмөтүнүн талип козголоңчулары менен элдешүү далалатына баш-көз болуп келген Салахуддин Раббани жетектейт.

Жогорку Тынчтык кеңешинин делегациясы Пакистанга кечээ учуп барды. Исламабадга жол тартаардын алдында делегациянын жетекчиси Салахуддин Раббани Кабулда кабарчылардын суроолоруна жооп берип, Пакистандын бийлиги менен ачык-айрым сүйлөшөбүз деп үмүттөнүп жатканын белгиледи:

- Ачык-анык сүйлөшүү аркылуу Пакистан Ооганстандагы тынчтык сүйлөшүүсүнө карата мамилесин өзгөртөт деп үмүттөнөм. Исламдык ири уюмдар жана борборлор менен биргелешкен биздин иш-аракеттерибиз Ооганстандагы согуш жана тынчтык маселесине карата Пакистандын мамилесин өзгөртүүгө салым кошууда. Тынчтыктын келечегин кепилдөөдө бул маанилүү маселелердин бири.

Пакистандын улуттук сыналгысы маалымдагандай, Раббани өкмөт башчысы Ража Первез Ашраф менен көздөштү. Ооган тынчтык делегациясын Пакистанга бул өлкөнүн тышкы иштер министри Хина Раббани Кар чакырган, бирок бул визит эки ирет кийинкиге калтырылган.

Исламабаддагы ооган элчилигинин өкүлдөрү "Азаттыкка" Раббани үч күн бою жарандык жана аскерий улук өкүлдөр менен сүйлөшүү жүргүзөөрүн бышыкташты. Бул талкууларда согуштан каржалган Ооганстандагы элдешүү жараянындагы Исламабаддын ролуна басым жасалмакчы.

Ооганстандын Тынчтык кеңешинин өкүлү Амин Музафари ДПА агенттигине Раббани Пакистандан тынчтык сүйлөшүүсүнө катышууну каалаган талиптерге мүмкүнчүлүк берүүнү жана Ооганстанга каттап туруудагы тоскоолдуктарды жоюну сурамакчы.

Ооганстандын тынчтык арачылары ошондой эле Пакистандын Карачи шаарында 2010-жылы камакка алынган талибдердин мурдагы кор башчысы Абдул Гани Барадар молдону бошотууну суранат деп күтүлүүдө. Барадар ири сандагы талиптерди сөз келтирүүгө жөндөмдүү таасирлүү адам деп саналат.

Пакистан камактагы талиб айыпкерлери боюнча ооган тарап менен сүйлөшүү жүрүп жаткандыгын бышыктады, бирок Барадарды атынан атаган жок.

Ооганстандагы тынчтык сүйлөшүүсү биринчи кезекте ооган өкмөтү менен айрымдары Пакистандын аймагында жашырынып жүргөн талиб жол башчылары ортосундагы сүйлөшүүнүн келечегине көз каранды болмокчу.