Карзай АКШга опурулду

Карзай менен Чак Хагелдин сүйлөшүүсү. Кабул, 10-март, 2013-жыл.

Ооган президенти Хамид Карзай Пентагон башчысынын Кабулдагы сапары учурунда өлкөсүндөгү кыянатчылыктар үчүн АКШны да сындады. Карзайдын көз карашында, 2014-жыл эл аралык күчтөр чыгарылгандан кийин өлкөдө кырдаал курчуй турганын оогандарга Талибан да, Кошмо штаттар да каңкуулоодо. АКШнын аскерий жетекчилери ооган президентинин ырастоолорун четке кагышты.
Талибандын чабуулдарынан улам утушка оогандар эмес, эл аралык коопсуздук күчтөрү ээ болуп жатат деген Хамид Карзай өлкөсүндөгү кыянатчылыктарга АКШ аскерлеринин да салымы бар деген ишараны жекшембиде жасады.

Ал бул тууралуу борбор Кабулдагы ишембидеги кош жардыруу кеминде 19 адамдын өмүрүн алгандан кийин айтты:

- Кечээ болгон бомба жардыруулар Талибандын атынан жасалды. Бул аракеттер Талибан чет элдиктерге каршы турбастан, тескерисинче чет элдиктерге кызмат кылып жатканын көргөзүүдө. Бул бомба жардыруулар Талибан чет элдиктер Ооганстандан кетпестен анда узакка калышын кааларын көргөзүп жатат.

Хамид Карзай Ооганстанда аскерин калтыргысы келген чет державалар ооган өкмөтү бекиткен эрежелерди кармануусу зарылдыгын белгиледи.

Ооган президентинин ырастоосунда, АКШ өкмөтү Талибан менен Катар мамлекетинде дээрлик “күн сайын” сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат:

- Перси булуңундагы өлкөдө талибдер, америкалыктар жана Европадагы чет өлкөлүктөр ортосунда күндөлүк сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Бирок ооган президентинин бул ырастоосун Вашингтон да, Талибан да четке какты.

Талибандын Ооганстандагы өкүлү Забихулла Мужахиддин айтымында, эки тараптуу сүйлөшүүлөр бир жылча токтогондон бери эч кандай жылыш болгон эмес.

Ооган президенти жекшемби күнкү сөзү учурунда ошондой эле чет элдик аскерлер унинверситеттердин аймагына кирүүсүнө тыюу салган буйрук чыгарганын кошучалады.

Ал бул чечимин АКШ баштаган күчтөр жана алар менен иштеген оогандар университет студенттеринин укугун бузуп, аларды камакка алган учурлар бардыгы менен түшүндүрдү.

Карзайдын сөзүнүн төркүнү эмнеде жатат?

Хамид Карзайдын АКШ аскерлеринин дарегине багышталган сындары Пентагондун жаңы башчысы Чак Хагелдин Ооганстандагы алгачкы сапары учурунда айтылды.

Эки жетекчи жекшембиде кездешкен соң алардын биргелешкен маалымат жыйыны өткөн жок.

Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, буга коопсуздук боюнча чочулоолор себеп болду. Бирок Карзайдын басма сөз катчысы Аймал Файзи бул аргументти ырастабады.

АКШ коргоо министри Чак Хагел өзү кабарчылар менен маегинде буларды айтты:

- Биз анын (Карзайдын) сөздөрүн талкууладык. Мен президентке АКШ Талибан менен бир тараптуу иштеп, кайсыл бир маселени макулдашууга аракеттенип жатат дегендик чындыкка коошпосун айттым. Тынчтыкка жетишүү же саясий жол менен жөнгө салуу болобу - анын башында оогандар өздөрү турушу керек.

АКШнын жаңы коргоо министринин сапарын утурлай ооган президенти Кошмо штаттардын атайын күчтөрүнө чыгыштагы Вардак провинциясынан кетүүсү үчүн эки апта мөөнөт койгон эле.

Анда Карзай АКШнын атайын күчтөрүн аталган провинциядагы кыйноолорго, адам өлтүрүүлөргө катышы бардыгы үчүн айыптаган.

АКШнын жана НАТОнун аскерий өкүлдөрү алардын иликтөөсү жогорудагы айыпка негиз болуучу кандайдыр бир далилди таппаганын, атайын күчтөр Вардак провинциясында ишин улантып жатканын билдиришти.

Ооганстандагы эл аралык күчтөрдүн командачысы, америкалык генерал Жозеф Данфорд ооган президентинин соңку сөздөрүн комментарийлеп: “эл аралык күчтөр акыркы он эки жыл бою кыянатчылык жана туруксуздук бизге пайдалуу деген пикир жаралышы үчүн кан төккөн жок”, - деп айтты.

Генерал Данфорд ооган президентинин антиамерикалык сөздөрү ички жана тышкы аудиторияга багытталган саясий жүрүш болушу мүмкүн деп эсептейт. Анын айтымында, Карзайдын риторикасынан улам эки өлкө ортосунда ишеним бузулду деген сезим жаралбашы керек. Генерал ырастагандай, иш жүзүндө АКШнын жана Ооганстандын коопсуздукка жоопкер өкүлдөрү көп маселелер боюнча окшош турумда.

“Вашингтон Пост” гезитинин жазганына караганда, Пентагондун Кабулга барган башчысы Чак Хагел АКШ менен Ооганстан ортодогу азыркы “кризисти” жеңе алат деген ишенимде.

Басылма белгилегендей, АКШ коргоо министри Карзайдын айыптоолорун ал саясатчы катары мекенинде кабылып жаткан “кыйынчылыктарга” жана “кысымдарга” байланыштырган.

Атын атабаган америкалык расмий өкүлдөрдүн бири аталган гезитке жеке сүйлөшүүлөрдө Карзайга фактысы жок ырастоолорго таянуу менен сындоонун пайдасы жоктугу айтылганын билдирген.

АКШ жана НАТОнун буга чейин жарыялаган стратегиясы боюнча, чет элдик аскерлер Ооганстандан 2014-жылдын аягына карата толук чыгып кетиши керек.

Учурда ал жерде АКШнын 66 миң жоокери бар. Келерки жылдын башына чейин алардын 34 миңи калат. Ал эми 2014-жылдан кийин канча аскер турары азырынча белгисиз.