Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:57

Карзай АКШ күчтөрүн Вардактан чыгып кетүүгө буйруду


Ооганстан -- Вардак чөлкөмүндөгү АКШ аскерлери, 2-декабрь, 2010.
Ооганстан -- Вардак чөлкөмүндөгү АКШ аскерлери, 2-декабрь, 2010.

Ооган президенти АКШнын атайын даярдыктагы күчтөрү эки жумада Вардак чөлкөмүнөн чыгып кетсин деген буйрук берди.

Президент Хамид Карзайдын өкүлү америкалык жоокерлер жергиликтүү элди кордошууда, алардын аракеттери бейтсабилдүүлүккө алып келүүдө деп айыптады.

Карзайдын маалымат катчысы Аймал Фаизи билдиргенине караганда, тиешелүү буйрук Коопсуздук кеңешинин жыйынында берилди:

- Улуттук коопсуздук кеңеши Коргоо министрлигине АКШнын атайын күчтөрүн Майдан Вардак облусунан эки жуманын ичинде чыгаруу буйругун берди. Жыйында дагы бир маселе каралып, Ооганстан Ислам Республикасынын армиясы Атайын күчтөрдүн атынан иш жүргүзүп, элди кордогон, бейкүнөө адамдардын үйлөрүнө кирип барып, уруп-сабаган, аларды өлтүргөн топтордун аракеттерине дароо бөгөт коюуга милдеттендирилди. Ооган куралдуу күчтөрүнө ошол адамдарды жоопко тартуу буйругу берилди. Бул кадам аскерлердин ооган согушчан топтору менен биргеликте жасап жаткан аракеттерден улам жасалууда, - деп айтылды Кабулдагы пресс-конференцияда.

Жакында сөз болгон чөлкөмдө эрегишчилерге каршы операция өткөрүлгөн.
Баш калаанын чыгыш тарабында орун алган Вардак Кабулду талип согушкерлеринен коргоодо маанилүү пункт болуп эсептелет.

Фаизи АКШнын атайын күчтөрү жана алар менен иштешкен оогандардын иш-аракеттери бейстабилдүүлүккө, коопсуздук кырдаалынын начарлашына алып келүүдө, алар жергиликтүү калкка ыдык көргөзүшүүдө деп айыптады.

Президенттин өкүлү АКШ аскерлери жүргүзгөн антитеррордук операциядан кийин 9 кишинин дайынсыз жоголгонун кыйытты. Бирок ал окуя качан жана кайда болгонун тактаган жок.

Вардак университетинин студентин мууздап кеткендиги үчүн ооган аскерлери да күнөөлөнүп жатат.

АКШ расмий өкүлдөрү бул маалыматтарга олуттуу мамиле жасалаарын айтышты. Бирок жекшемби күнкү чечимге Вашингтон өз реакциясын билдире элек.

Айрым маалыматтарга ылайык, коалиция жана ооган өкүлдөрүнөн турган комиссия Вардактагы окуяларды териштирип чыкмакчы.

Негизинен АКШ күчтөрүнүн, алар менен кызматташкан жергиликтүү куралчан топтордун аракеттери, НАТО соккуларынан жапа чеккен жайкын тургундар маселеси Ооганстанда өтө сезимтал темага айланган.

Бир жумадай мурун президент Карзайдын буйругу менен ооган аскерлерине карапайым калк жашаган аймактардагы операцияларга НАТОнун учактарын жардамга тартууга тыюу салынган.

"Нью-Йорк таймс" гезити жазгандай, америкалык аскерлерди Вардактан кетирүү өлкөдөгү зордук-зомбулук үчүн жоопкерчиликти талибдер менен катар коалиция да тең бөлүшөт деген көз караштан улам келип чыккан чечим. Айтмакчы, АКШнын атайын күчтөрү жүргүзгөн иштер сыр маалымат катары сакталат.

Чет өлкөлүк контингент коопсуздукту камсыздоо милдетин жергиликтүү аскерлерге өткөрүп берип, Ооганстандан 2014-жылы чегинүүгө тийиш. Андан кийин машыктыруучу, инструкторлордон куралган чакан топ гана калат.

Кээ бир маалымат булактарынын ырастоосунда, АКШ атайын даярдыктагы күчтөрдүн жардамы менен 2014-жылдан кийин да "ал-Каида" жана башка согушкерлерге каршы операцияларын жүргүзүүнү көздөөдө.

XS
SM
MD
LG