Ооганстанда «Талибан» чабуулдарын күчөттү

Ооган коопсуздук күчтөрү. Кундуз шаары, 31-август 2019-жыл

Талиб согушкерлери эки күндүн ичинде Ооганстандын эки шаарына чабуул коюшту. 1-сентябрда жоочулар Баглан чөлкөмүнүн борбору Пули Хумридеги бир нече жайды ээлеп алышты.

Ооган Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насрат Рахими жоочулар Пули Хумри шаарынын эки жерин ээлеп алып, өкмөттүк күчтөргө каршы кармашып жатышканын 1-сентябрда билдирген.

Маалыматка караганда, төрт карапайым киши жана эки жоокер окко учту, 20 жайкын тургун жарадар болду. Талибдер да жоготууларга учурашты.

Баглан чөлкөмүнүн башчысы Сафдар Мухсини шаар жабык турганын, борбордук өкмөт тезирек чара көрбөсө кырдаал начарлап кетерин ага чейин эскерткен.

Пули Хумри калаасында 200 миңдей киши жашайт.

АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад. Доха, 8-июль, 2019-жыл.

Ошол эле күнү АКШнын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад Катардагы сүйлөшүүгө катышып жаткан тараптар тынчтык келишими боюнча мунасага жакындашканын «Твиттерге» жазган.

Кабулда өкмөт мүчөлөрү менен жолугушууга аттанып бараткан дипломат макулдашуунун чоо-жайы тууралуу маалымат берген жок.

Ал эми «Талибан» кыймылынын атын атабаган жогорку өкүлү сүйлөшүүлөрдөгү акыркы өнүгүүлөрдү «өз жетекчилиги менен талкуулашарын» билдирди.

Катардын Доха шаарында АКШ менен «Талибандын» делегацияларынын катышуусунда тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн 8-айлампасы өттү.

«Талибандын» дагы бир өкүлү Сухаил Шахин тараптар техникалык маселелерди бүткөрүүнү кеп кылышканын айтты. Ал «Твиттердеги» баракчасына: «Биз оккупацияга чекит коюуга, Ооганстандагы абалды тынч чечүүгө жакындадык», деп жазды.

Кыймыл 28-августта тараткан маалыматка караганда, келишимдин долбооруна ылайык америкалык аскерлер Ооганстандан чыгарылат. Талибдер болсо өлкө эл аралык согушкерлердин жайына айланбай турганына кепилдик берет.

31-августта ооган бийлиги талиб жоочулары түндүктөгү стратегиялык Кундуз шаарына туш тараптан чабуул коюшканын билдирген.

«Ишембиге караган түнү «Талибан» террордук тобу шаардын жака-белиндеги үч башка жайга үч тараптан чабуул койду. «Жоочулар ооган коопсуздук күчтөрүнүн, армиянын каршылыгына туш болушту. Ушу тапта согушкерлер курчоого алынды, алар оор жоготууларга учурашты», - деген 1-сентябрда Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Рухулла Ахмадзай.

Кундуз шаары, 31-август, 2019-жыл

Президент Ашраф Ганинин кеңсеси маалымдагандай, ооган коопсуздук күчтөрү чабуулга жооп кайтарышты. Ал эми башка бир расмий адамдар 30дан көп согушкер өлтүрүлгөнүн айтышууда.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Рахими жекшембиде шаар согушкерлерден тазаланганын билдирди:

«85 карапайым адам жарадар болду, коопсуздук күчтөрүнүн 20 жоокери шейит кетти. Дагы 15 кишибиз, катарында Кундуздун полиция башчысы жарадар болушту».

Ганинин басма сөз катчысы Седик Седики чабуул «тынчтык сүйлөшүүлөрүнө каршы келерин» кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып белгиледи.

Вашингтондун чабарманы Халилзад Дохадагы сүйлөшүүлөрдө «Кундуздагы кол салууну сөз кылганын, талибдерге мындай зордук-зомбулук токтошу керек экенин айтканын» жазды.

Халилзад Кундузга АКШнын Ооганстандагы күчтөрүнүн командачысы генерал Скотт Миллер барганын кошумчалады.

Ооган жергесинде ушу тапта чет өлкөлүк 20 миңдей аскер жайгашкан, алардын көбү америкалыктар. Алар жергиликтүү армияны машыктырууга көмөктөшөт. Америкалык айрым бөлүктөр терроризмге каршы операцияларга да катышат. «Талибан» көптөн бери ооган жергесинен чет элдик контингентти чыгаруу жөнүндө талап коюп келатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.