Ооган президентинин өкүлү косметикага каршы

Ооганстанда чет элдик аскерлер чыга элек, аларга кастарын тиккен талиптер бийликке келе элек. Бирок азыртадан эле азыркы өкмөт өкүлдөрү талиптердин мезгилиндегидей аялдарга каршы чектөөлөрдү колдой баштады.
Ооганстандын түндүгүндөгү Баглан дубанында өткөн айда жергиликтүү улама же диний кеңеш аялдардын үйдөн эркексиз сыртка чыгуусуна тыюу салган буйрук же фатва чыгарды. Дех Салах ооданында чыккан фатвада да "абийирсиздикке шыкакчы болот" деп, упа-эндик саткан косметикалык дүкөндөрдү жабуу каралды.

Мындай чектөөлөр илгери талиптер бийликте турган кезде киргизилген аялдарга каршы катаң чаралар менен үндөшүп турат. Ошондуктан укук коргоочулар жана Дех Салах ооданынын көптөгөн тургундары аларды айыпташты. Бирок эми бул буйруктарды ооган президентинин башкы диний кеңешчиси колдоп чыкты.

Ооганстандын башкы диний органы болгон Улама кеңешине кирген президенттин кеңешчиси Мавлави Енаятулла Балиг косметикалык дүкөндөрдү жабуу буйругун кызуу колдоду. "Дүкөн деген бизнес, шермендечиликтин жайы эмес" деди ал 20-июлда "Ройтерс" агенттигине.

НАТО күчтөрү талип өкмөтүнүн 2001-жылы кулаткандан кийин кабыл алынган ооган Конституциясында аялдардын бир топ укуктары каралган, аларга жергиликтүү кеңештерге шайланууга жол ачылган.

НАТО аскерлери өлкөдөн келерки жылы чыгарылат. Бирок азыртадан эле динчил консерватор күчтөр аялдардын укуктарын чектөө далалатын күч алдырышууда.

Өздөрү жаңы Конституциянын арты менен парламентке шайланган аялдардан тартып, укук коргоочулар арасында да өлкөнүн диний лидерлери менен кызматташуудан башка жол жок дегенге аргасыз ыктап жаткандыгы байкалат.

Аялдардын укуктарын жан үрөп талашып келген депутат Фавза Кофи чет элдик аскерлер чыгарылгандан кийин аялдардын укуктук жетишкендиктери тез эле жок кылынат деген тынчсыздануусун "Ройтерс" агенттигине билдирди.

Ошол эле мезгилде тургундар арасында аялдардын укуктарын кескин чектөө аракеттерин айыптагандар көп. Косметикалык дүкөндөр жабылсын, аялдар көчөгө күйөөсү, атасы же эркек баласы ээрчитпесе чыкпасын деген фатва кабыл алынган Дех Салах ооданында 80 миң чакты киши жашайт. Алардын бири "Азаттыктын" ооган кызматына фатвалар аялды караңгылыкта кармоонун гана шылтоосу деген оюн мындайча билдирди:

Упа саткан дүкөн боюнча өз оюн айтканда, Уламанын мүчөлөрү көк нар, апийим өңдөнгөн маңзаттарын көрүшпөйбү? Канчалаган киши алардан кырылып жатат. Ооганстанда мындай көйгөйлөр миңдеп саналат. Алар тууралуу эмне үчүн фатва чыгарышпайт?

Ал арада упа-эндик жана кыз-келиндер колдонгон косметикалык товарларды саткан дүкөндүн ээси "молдолордун буйругу менен дүкөнүңдү жап" деп келген Дех Салахтын райондук акимин атып салды. Абдул Расулга уламанын мүчөлөрү бул дүкөндү жаптырбасаң, аны өрттөп салабыз деп коркуткан экен. Уламанын буйругун аткарам деп аким өз өмүрүнөн ажырады.