Бул АКШ Ооганстандагы 17 жылдык согушту токтотуу аракетин көрүп, анын алкагында Катарда талибдер менен төрт күндөн бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан учурга туш келди. Акыркы маалыматтарга караганда, Ооганстандын 40% кем эмес аймагын "Талибан" көзөмөлдөп турат.
“Рейтер” агенттиги “Талибандагы” өз булактарына таянып кабарлашынча, пакистан түрмөсүнөн былтыр октябрда бошогон Абдулла Гани Барадарга “Талибан” сүйлөшүүлөрдөгү саясий топту жетектөө жана ал боюнча чечим кабыл алуу милдетин жүктөгөн. Барадардын саясий жетекчиликке дайындалышы тууралуу талибдер 24-январда кабарлап, бул кадам АКШ менен болуп жаткан "азыркы сүйлөшүүлөрдү бекемдөө жана жөнгө салуу максатында жасалганы" белгиленет. Барадар ошондой эле талибдердин лидери Хайбатулла Ахунзаданын үчүнчү орун басарлыгына дайындалган.
Барадар 2010-жылы Пакистандын Карачи шаарында камакка алынганга чейин “Талибандын” Ооганстандын түштүгүндөгү куралдуу аракеттерин көзөмөлдөп турган.
22-январда Кошмо Штаттарынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад Катарда талибдердин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жандандырганы жарыяланган.
"Рейтер" агенттиги сүйлөшүүлөргө жума күнү Абдулла Гани Барадар кошула турганын маалымдады. Катарда өтүп жаткан Ооганстанда тынчтык орнотууга жетишүү боюнча сүйлөшүүлөргө Пакистандын өкүлдөрү да катышууда.
- Пакистан өзүнүн жана жалпы жоопкерчиликтин алкагында АКШ менен "Талибандын" Дохадагы сүйлөшүүлөрүнө кол кабыш кылууда. Сүйлөшүүлөр АКШ менен талибдердин ортосунда өтүп жатат. Ал эми Пакистан менен Катар ага зарыл болгон колдоосун көрсөтүп, жардамын берүүдө, - деди Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мухаммад Файсал.
"Талибандын" согушкерлери 21-январда Ооганстандын Майдан Вардак провинциясынын борбору Майдан Шахр шаарындагы аскердик базага кол салган окуядан курман болгондор кеминде 65 адамга жетти.
Бул талиб согушкерлеринин акыркы эң кандуу чабуулдарынын бири болду.
Ооганстандын ички иштер министринин мурдагы орун басары Мирза Мухаммад Ярманд "Талибан" менен АКШ ортосундагы сүйлөшүүлөрдө эң биринчи шарт ок атышууну токтотуу болушу керек деп эсептейт:
- Эгер негизги жана биринчи шарт ок атышууну токтотуу болбосо, анда бул сүйлөшүүлөрдүн Ооганстандын элине кереги жок. Анткени акыркы 40 жылда биз тынчтык деп жүрүп, азап тартып, канча адам көз жумду, дагы 40 жыл азап-тозокту көтөрө албайбыз.
Ал арада Ооганстандын түштүгүндө 24-январда болгон аба соккудан бир үй-бүлөдөн 16 киши каза тапты. Гилменд провинциясынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы Аттаулла Афгандын айтымында, аскерлер менен талиб согушкерлери ортосундагы куралдуу кармаш учурунда түшкөн бомба турак жайга тийген.
Курман болгондордун арасында сегиз бала жана үч аял бар. Ооганстандын жетекчилигинин Сангин жана Гилменддеги бир канча күндүк ири операциясы АКШнын кеңешчилери жана коалициянын аба соккулары колдоо көрсөтүүдө.
Соккуну ооган куралдуу күчтөрү же адатта аларга абадан көмөк көрсөткөн НАТО аскерлери урганбы, азырынча белгисиз. Окуяны атайын топ иликтей баштады.
Акыркы маалыматтарга караганда, Ооганстандын 40% кем эмес аймагын "Талибан" көзөмөлдөп турат. Ал Батыш мамлекеттери колдогон өкмөттүк күчтөргө каршы согушуп, ондогон аскерлердин жана карапайым адамдардын өмүрүн алган чабуулдарды уюштуруп келе жатат.
Ооган президенти Ашраф Гани да талибдер менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жол картасын иштеп чыгып, алар менен сүйлөшө турган топтун жетекчилигине президенттик аппараттын башчысы Абдул Салам Рахимини дайындаган. Бирок куралдуу топ ооган өкмөтү менен түз сүйлөшүүнү баштоого көнбөй келе жатат.
“Талибан” буга чейинки сүйлөшүүлөрдө чет өлкөлүк аскерлер өлкөдөн чыгып кетиши керек деген шартты коюп келе жаткан. Ооганстанда НАТОнун 14 миңдей аскери бар. Алар негизинен жергиликтүү аскерлерди окутуу жана өкмөттүк аскерлерге абадан колдоо көрсөтүү менен алектенет.