Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:05

Ооганстандагы "Талибандын" саясий кеңешин Барадар жетектемекчи


Талиб согушкерлери (иллюстрациялык сүрөт)
Талиб согушкерлери (иллюстрациялык сүрөт)

Ооганстандагы "Талибан" кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири согушкер топтун Катардагы саясий кеңешинин лидерлигине дайындалды.

24-январда жарык көргөн билдирүүдө айтылгандай, Молдо Абдул Гани Барадарды бул кызматка алып келүү “АКШ менен жанданган сүйлөшүүлөр процессин туура нукта жүргүзүү жана күчтөндүрүү” үчүн жасалууда. АКШ менен "Талибандын" диалогу Ооганстандагы 17 жылдан бери тынбай келаткан куралдуу жаңжалга чекит коюуну көздөйт.

Өткөн октябрда Пакистандагы абактан бошотулган Барадарга саясий топту жетектөө жана чечимдерди кабыл алуу вазипайсы жүктөлдү. Ал "Талибандын" анабашы Молдо Хайбатулла Ахунзаданын үчүнчү орун басары болмокчу.

Кошмо Штаттар 22-январда Катарда сүйлөшүүлөр жанданганын, атайын чабарман Залмай Халилзад талибдердин өкүлдөрү менен жолугушканын билдирген.

XS
SM
MD
LG