Фархад: Кыргыз жарандыгын алгыбыз келет

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Азаттыктын" Ооганстандан келген үй-бүлөнүн жашоосу тууралуу бул тасмасы Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уюштурган сынакта 3-орунду жеңип алды.Тасманын баш каарманы - 12 жаштагы Фархад. Ал кыргыз өкмөтү анын ата-энесине качкын макамын беришин, башкалардай эле кенен-кесири жашоону кыялданат. Расмий маалымат боюнча өлкөдө качкын макамын күтүп жаткан 159 адам бар.