Адамзат: Көйкөлгөн бутак, кубаттуу дарак жана чытырман токой

Ханты-Мансы музейиндеги санжыра дарагынын сүрөтү. 10.3.2015.

Адамзаттын жалпы тарыхы жана анын өзгөчө этностук тарамдары тууралуу тарыхчынын блогу.

Жалбырактын саякаты

Кээде пенделик көйгөйлөрдү саамга унуткаруу үчүн өсүмдүктөр дүйнөсүнө сүңгүү да майнап берет экен.

Жаратылыш тууралуу кезектеги сыналгы берүүлөрдү көргөн соң жаана интернеттеги айрым талкууларды окугандан кийин ушул чакан эссени жазууну эп көрдүк.

Дүйнөдө бир дарак сөңгөгүнөн өнүп чыккан укмуштуудай бир ажайып бутак бар экен, дейли. Жагалданып, өзү да кычкылтек жаратып, мукам үн менен сайраган куштарга, бал чогулткан мээнеткеч аарыларга, дагы далай жандыктарга көрк берген бул бутак тууралуу ырлар түгүл гимн жазса болот, көркөм тасма жаратса болот, айтор, аны көкөлөтүүгө толук арзыйт.

Андайда желаргы учуруп келген чаң да бутакка жабышып, бул бутакты “өзүнчө эле ажайып аалам тура!” деп даңазалап айтып койсо, бул бутактын жалбырактары ого бетер жетине албай көзүн жарым-жартылай жума көшүлүп, тим эле эрээркеп кетет экен.

Кайсы бир шамал бул бутактын бир жалбырагын жулуп, көкөлөтө алып жөнөптүр.

Анан өз бутагынан ажырап, көкөлөп учуп бара жаткан алиги жалбырак өзү илинген бутактан башка да тектеш бутактар бар экенин көрүптүр.

Жалбырак андан да оболой түшсө, бутактардын өзүнчө тобу бекем сөңгөктүү бир дарактан эле жаңы шак жаратып өнүп чыкканын көрүптүр.

Шамал бороонго айланып, жалбыракты ого бетер бийиктикке алып чыкса, бул саякатчы жалбырак ар башка дарактар өзүнчө эле токойду түзөөрүн көрүптүр.

Бороонуң улуу бороонго айланып, тиги алсыз жалбыракты бир нече чакырымдай жогору алып кетип, улам башка коктунун, андан ары улам башка өрөөндүн үстүнөн алып чыккан экен.

Ошондо жалбырак чытырман токойду, аны жээктеген токойсуз даркан талааны, андан ары чөлдү көргөн экен. Акыры улуу бороон аны дүйнөнүн көп бөлүгүн камтыган ири мухиттердин бирине алып келип таштаган экен...

Ошентип, улуу бороон бир жалбырактын көзүн ачкан тура...

Чынгыз-хандын шарттуу күмбөзү турган жайдагы ыйык дарак. Ордос, Ички Монголия, КЭР. 2009-ж. (Мындай мазаргва айланган дарактар Түркияда, Борбордук Азияда, Алтай менен Шиберде да көп учурайт).

Этностор тарыхына саякат

Дүйнө жүзүндөгү элдер да чытырман токойдун ар башка бөлүктөрүндөй. Ар бир токой өзүнчө дарактан турат. Ар бир дарак өзгөчөлүү бутактан турат. (Бул ойду улам кайталоого туура келет, алдын ала кечирим сурайбыз).

Ар бир этностук бутак, ар бир этностук дарак, канча өзгөчөлөнгөнүнө карабастан, жалпы адамзаттын чытырманынын ажырагыс бир бөлүгү.

Элеттен чыккан, бир гана эне тили менен дүйнөгө аттанган, анча мынча башка тилдерди жана башка маданий очокторду азыноолак салыштырып үлгүргөн, ар башка элдерден дос да тапкан, эми алтымыштан кийин өз өмүрүнүн күүгүмүнө тагдыр күүсү менен сүңгүп келе жаткан бир карапайым пенде – ушул саптардын ээси.

Дагы караңыз “Түрк” жалпылама аталышы эскирбейт

Бир бутактын ичиндеги бутакчалар өз ара кырчылдашкан окуялар тарыхта арбын болду.

Кыргыздардын ичинен бугу менен сарыбагыштын 1854-жылдан тартып өз ара чабышы да ушуга кирет.

Йемендеги араптардын өз ара чабышы да ушуга кирет.

Бутактардын чабыштары да болгон жана болуп жатат.

Израил менен Паестина араптарынын ыйкы-тыйкысы, азыркы Газадагы алааматтуу кырдаал да ушуга кирет. Жөөттөр менен палестин араптары өздөрүнүн ыйык санашкан диний санжыралары боюнча деле бир эле атадан – Нух пайгамбардын Сам деген уулунан таркалган делет.

Жөөттөр менен араптар түпкү тили жагынан ассириялык, арамей, финикиялык, вавилон, аккад жана башка байыркы элдерден бутактанып чыгышкан бир тууган элдер.

Эгемен Украинага 2014-жылы элдик ыңкылаптан соң баскынчы согушту капысынан баштаган Владимир Путиндин өзү – украиндерге тектеш болгон чыгыш славяндардын бири болгон орус элинин өкүлү.

Ички жана Чыгыш Азиядагы байыркы жана орто кылымдардагы ири мамлекеттерди негиздеген хун, дунху, сянби, түрк, кытаң, чурчжен, монгол, манчжур сыяктуу түбү көчмөн элдер “алтай тилдер тобу” деген кубаттуу токойго кирген өзүнчө дарактар болуп саналышат.

Эл аралык Алтай таануу шеринеси маалындагы улуттук кийимчен кыздар. Алтай аймагы, Орусия. 2019-жылдын сентябры.

Жоголгон элдер да из калтырышкан

Саны 1,3 миллиарддан ашуун кишини камтыган син-тибет тобуна кирген этностук калың токойго киргендердин арасында тибет-бирма дарагы бар. Анын ичинде өлүп жок болгон тангут тилинде сүйлөгөн ички азиялык калк да болгон.

Кийинчерээк изи тарыхта гана айтылып, өзү жок болгон тангут элинин Ички Азия түрктөрү менен карым-катнашы жана өз ара согуштары тууралуу фолклордук мурасты 10 кылымдай илгери бабабыз Махмуд Кашгари Барскани да өзүнүн даңазалуу сөз жыйнагында чагылдырган эмеспи. Бул элди ал “таңут” деп атайт жана Улуу жибек жолунун таманындагы Катун-Сыны шаары жана өлкөсү менен байланыштуу эскерет.

Дүйнөдө ың-жыңсыз жоголгон башка элдер да арбын болгон (бүтүндөй дарак түгүл, чакан токой да алааматтуу тукум курут согуштардын айынан ойрон болгон десек болот).

Азыр илимде Мезоамерика деп аталган чөлкөмдөгү бүтүндөй цивилизацияны европалык оторчулар ойрон кылышкан.

Алардын биринин – майя элинин жазмасын европалыктар XX кылымда араң кайра чечмелеп окууга жетишти. (Юрий Кнорозов жана башкалар тууралуу болочокто да сөз кылмакчыбыз).

Дагы караңыз Бартольд эмнеге кубанмак жана кыжаалаттанмак?

Арийне, кейиштүү тагдырга кабылып, бара-бара чоочун элдерге жуурулушуп, тукуму үзүлгөн элдер дагы башка тирүү калган элдердин тилдерине жана маданиятына өзгөчө олуттуу таасир тийгизип үлгүрүшкөн.

Башкасын коюп, семит тилдериндеги элдерге маданий таасир тийгизген байыркы Эки Дарыя аралыгындагы шумерлерди айта кетсек болот.

Шумерлер өз эпостук баяндарында камтыган топон суу тууралуу уламыш кийинчерээк дүйнөлүк үч башка диндин ыйык китептеринде Нух (Ной) пайгамбарга байланыштырылып чагылдырылып калган.

Мажар кыпчак таануучусу Иштван Мандоки Коңурдун “Чыгыштан көчкөн келгиндер” деп аталган жана кыпчактар менен мажарларга арналган китебинин англисче котормосунун мукабасы. Бишкек. 18.5.2017.

Борбордук Европадагы түрк тилдүү элдердин ичинен Мажарстандагы (Венгриядагы) кыпчактар азыркыга чейин өздөрүнүн кайсы тукумдан экенин билишет, бирок XVIII кылымдан тартып өз эне тилинде сүйлөбөй калышкан.

Далай европалык гун, хазар, печенег (аларды он кылым илгери "бажанак" деп да аташкан) сыяктуу түрк тилдүү элдердин бир катар топтору индоевропалык жана фин-угор тилдеринде сүйлөгөн элдерге жуурулушуп кетишкен. Бирок алар да өз чөлкөмүндө бараандуу из калтырышкан.

Дагы караңыз Шор маданияты – эл болочогунун кепилдиги

Көз алдыбызда жоголуп бара жаткан этностор

Шибердеги кет тилинде сүйлөгөндөр 2022-жылга карата 153 гана кишиден туруп калды.

Кет тилинин диалекти саналган йүк тилин 2002-жылы Орусияда 134 киши өз эне тили катары санаган, бирок бул тилде ал жылы 2 гана киши сүйлөй алган. 2010-жылы йүк тилнде 1 гана киши сүйлөй алган.

Азыркы тапта өздөрүн йүк деген элдин өкүлдөрү катары санаган бир нече түтүн Энесай өрөөнүнүн Ярцево жана Ворогово кыштактарында байырлашат, бирок алардын эч кимиси өз эне тилинде сүйлөй албай калган.

Өзүнчө бутак түгүл, палеоазиялык тилдерге кирген жана илимде “энесайлык тилдер” деп аталып калган бүтүндөй этностук дарак дагы көз алдыбызда эле жок болуп бара жатат.

Бул “энесайлык тилдерден ” деп саналган арин, ассан, пумпокол тилдери XVIII кылымда, котт тили XIX кылымда өлүп жок болгон.

Бул элдердин айрымдары орто кылымдарда шибердик кыргыздардын кыштымдары болушкан. Алар акырындап кыргыздарга (кийинчерээк хакас, шор жана башка тектеш калктарга) жана келгин орустарга жуурулушуп кетишкен.

Журналист Надыр Момунов Ханты-Мансы шаарындагы этнографиялык музейде илинген Шибердин эски картасын жана андагы “кыргыз” аталышынын вариантын көрсөтүүдө. Югра – Ханты-Мансы автоном аймагы, Батыш Шибер, Орусия. 10.3.2015.

Ири улуттар чакан элдерге кайрымдуу болушу зарыл

Бир ирет, тактап айтканда, 2015-жылдын март айынын башында, журналист досум Надыр Момунов менен бирге Орусиянын Ханты-Мансы автоном аймагы – Югра жергесине (ал жакта кыштын кычыраган маалында) барып калдык.

Отуз даражадан да төмөнкү кургак суук деле ичиркенткен жок.

Фин-угор тилдеринин биринде сүйлөгөн хант элинин (аларды мурда орус адабиятында “остяктар” деп да аташчу, ал эми ханттар өздөрүн "хантэк" деп да аташат экен) улуттук кийимин кийип, туристтерди жагалданып тосуп алган бир айымга “өз эне тилиңизде сүйлөй аласызбы?” деп кайрылсам, ал айым орус болуп чыкты. Ошондо, чынында, саал ичиркенип алдым.

Кудай жалгап, бир аздан кийин хант улутундагы музей кызматкери жана башка жергиликтүү тургундар менен да жолугуштум. Өз эне тилин билген ханттар көп экендигин угуп, кыйла сүйүндүм.

Хант тектүү музей кызматкери Ханты-Мансы шаарындагы этнографиялык музейдин ачык асман астындагы бөлүгүндөгү балык ыштап кургатчу жайды көрсөтүүдө. Югра – Ханты-Мансы автоном аймагы, Батыш Шибер, Орусия. 10.3.2015.

Албетте, Орусияда Николай Миклухо-Маклай, Григорий Потанин сыяктуу өрнөктүү гуманист изилдөөчүлөрдүн жолдоочулары өтө арбын. Алар бүтүндөй бир илимий институттарда баалуу этнографиялык жана тилдик изилдөө жүргүзүп келишет.

Бирок саясий жана маданий автономияларды жоюуга ашыккан соңку шовинисттер бийликке жармаша беришсе, анда болочокто чакан элдердин маданий кызыкчылыктарын сактоого чакырган орусиялык гуманисттердин үнү андан ары басырыла бериши да ажеп эмес.

Бул жагдай башка да көп этностуу ири мамлекеттерге таандык. АКШда, маселен, жергиликтүү көптөгөн индей калктары кырылган соң, кылычты ташка чаап, терең өкүнүч камтылган гуманисттик көркөм тасмалар жаратышууда. 2003-жылдагы "Акыркы самурай" ("The Last Samurai) тасмасынын америкалык индейлерди кырган алааматтуу учурларга кейиген идеясын колдогон киночулардын катары калыңдоодо.

Түштүк Африка Республикасынын Кейптаун (Cape Town) шаарында сакталып коюлган бул отургучта "актар үчүн гана" деп жазылган. Бул отургуч мурдагы расачыл апартеид режиминин зулумдугун эске салып турат.

Европанын айрым мурда метрополия болгон өлкөлөрүнүн лидерлери Африкага барып, өткөн муундардын бир нече кылым илгерки адамзатка каршы кылмыштары үчүн азыркы африкалык улуттардан кечирим сурап жатышат.

Бирок бул аздык кылат. Өнүккөн өлкөлөрдүн улуттары жок дегенде азыркы тапта өздөрүнүн кесепети тийген элдердин маданий мурастарын изилдөөгө жана сактап калууга жана, ошондой эле, мурдагы отор жайлардагы билим берүү тармагын чыңдоого зор салым кошууга тийиш.

Бамияндагы Будданын айкели. 28.11.1997. Бийиктиги 58 метр болгон бул байыркы айкелди Ооганстанды бийлеп турган талиптер 2001-жылдын 1-мартынан тартып ойрон кылышкан.

Ошол эле учурда караңгы талиптер Ооганстандагы Бамиян жергесинде Будданын байыркы айкелин талкалагандай, Бишкекте караңгы шамандарга таянып, айрым музейчилер көөнө аялдын мумиясын Баткенге алып барып, жаназа окутуп көмдүргөндөй жосунсуз окуялар да орун алды.

Керкисинен да, кемигинен да айып кеткен заман...

Тасма. 2017-жылы 14-октябрда көөнө мумия Баткен жергесинде шашылыш көмүлдү.

Чакан тыянак

Ар бир эл, анын ичинде чакан делген элдер дагы, адамзаттын жалпы чытырман токоюндагы баалуу дарак же анын баалуу бутагы.

Демек, азыркы өзүн өзгөчө цивилизация катары санаган далай дарактар жана алардын бутактары өз кыртышында башка да маданий “жер семирткичтер” болуп калган азыр белгисиз нечендеген элдер камтылгандыгын эске алуусу керек.

Дагы караңыз Этностор ынтымагы –– эгемендиктин түркүктөрүнүн бири

Азыркы калыс этнограф, тарыхчы, тилчи жана башка адистердин асыл максаттарынын бири – тирүү калган калктардын гана эмес, өлүп жок болгон жана акырындап суюлуп кеткен этностордун тарыхы менен маданиятын да бөксөртпөстөн иликтөө болуп саналат.

Адамзаттын азыркы заттык жана заттык эмес маданий байлыктарын сактап калуу жана өнүктүрүү жаатында ЮНЕСКО ар тараптуу кадамдарды жасоодо. Анын 1970-жылдардан учугу уланган көчмөндөр цивилизациясын изилдөө долбоорлорунан тышкары XXI кылымда ЮНЕСКОдо кабыл алынган “Маданий ар түрдүүлүктүн жалпыга таандык декларация”, “Заттык эмес (intangible) маданий мурастарды коргоо боюнча конвенция” жана “Кибермейкиндиктеги көп тилдүүлүктү жана жалпыга жеткиликтүүлүктү жайылтуу жана колдонуу боюнча сунуштар” деген эл аралык гуманитардык зор мааниге ээ документер чытырман токойлорду жана айрым дарактарды дүйнөлүк деңгээлде сактап калуу аргаларын сунуштайт.

Адам затын калыптандырган айрым этностук "дарактарды" жана жалпы токойлорду сактап калуу жана өнүктүрүү жаатындагы бул иш-аракетке ар бир өлкө, ар бир эл, ар бир киши өз салымын кошуусу абзел. Бул салым – башка тарыхый коңшу элдин тарыхый мурасын өзүнө энчилеп алуу далаалатынан баш тартуудан жана ар бир эл көп түстүү кубулжуган адамзаттык бүтүндүктүн бир бөлүгү экендигин таануудан башталат.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.