Европадагы неандерталдыктардын издери
Изилдөөчүлөрдүн айтымында, Бельгиядагы бир үңкүрдөн табылган табылгалар эң байыркы доорлордогу неандерталдыктар Европадан мурда жоромолдонгондон алда канча миңдеген жылдар мурда эле жок болуп кеткенин далилдейт.
8-мартта илимпоздор билдиргендей, «Тыңчы үңкүрү» деп аталган үңкүрдө сакталып калган сөөктөрдүн мурдагы радиокөмүртектүү анализи эң тмөнкү дата катары мындан 24 000 жыл мурдагы мезгилди көрсөтчү, ал эми азыркы заманбап лабораториялык иликтөөлөр бул сөөктөр эң кеч дегенде 44 200 – 40 600 жыл мурда байырлаган көөнө кишилерге таандык экендигин тастыктоодо.
«Улуттук илимдер академиясынын баяндамалары» («Proceedings of the National Academy of Science») илимий басылмасында жарыяланган изилдөө Бельгия, Улуу Британия жана Германиядан келген топ тарабынан жүзөгө ашырылган.
Оксфорд (Oxford) университетинин жана Экс-Марсел (Aix-Marseille) университетинин кызматкери, доктор Тибо Девиз (Thibaut Deviese) «Франс Пресс» кабар агенттигине билдиргендей, ал жана башка антрополог жана археолог изилдөөчүлөр көөнө сөөккө жабышып, аны булгап салган ашыкча заттарды тазалап коё алчу жаңы ыкманы иштеп чыгып, анын негизинде ачылыш жасашкан.
Археолог, доктор Тибо Девиз мырза өзүнүн «Твиттердеги» барагында да «Улуттук илимдер академиясынын баяндамалары» аркылуу илим чөйрөсүнө шардана кылынган бул жаңылык жаатында шыктанып маалымат берип, биргелешип иш алып барган эл аралык илимий топко ыраазычылыгын билдирди.
Көркөм өнөр өкүлдөрү да палеоантрополог окумуштуулардын табылгаларына негизденип, неандерталдыктар тууралуу даректүү жана көркөм тасмаларды, айкелдерди, сүрөттөрдү ж.б. жаратып келишет.
Сүрөтчү жана китеп жасалгалоочу Том Бйөрклунд «Твиттердеги» барагында баласын мойнуна көтөрүп алган неандерталдыктын боёк сүрөтүн жарыялады. Анын неандерталдыктар турмушуна арналган башка да көркөм эмгектерин "Твиттердеги" барагынан табууга болот.
Ал эми Бельгиянын Валлония чөлкөмүндөгү Анден дөңсөөсүндө жайгашкан «Складина Үңкүрү» Археологиялык борборунун (Scladina Cave Archaeological Center) кызматкери, жогорудагы иликтөөлөргө калемдеш болуп катышкан Грегори Абрамс: "Бельгиядагы ушул сөөктөрдүн бардык үлгүлөрүнүн мезгилин аныктоо абдан кызыктуу болду, анткени алар неандерталдыктарды түшүнүүдө жана аныктама берүүдө зор ролду ойногон табылгалар болчу", – деп билдирди.
«Складина үңкүрү» 1971-жылы үңкүр изилдөөчү археологдор тарабынан ачылган. 1978-жылы бельгиялык Льеж университетинин Тарыхка чейинки доор бөлүмүнүн Илимий кеңеши бул жерде казууларды жүргүзүүнү жетектей баштаган.
Бул үңкүрдөн мустьер доорундагы неандерталдыктардын сөөктөрүнүн сыныктары, ар кыл заттар, таш куралдар, сөөктөр жана фаунанын калдыктары чогулган.
Мындагы табылган неандерталдык кишилердин тургун жайынын эки башка катмары аныкталган.
Анын эң байыркы катмары дээрлик 130,000 жылдай мурда байырлаган көөнө кишилерге таандык делет.
Неандерталдыктар Борбордук Азияда да байырлашкан
1938–39-жылдары археолог Алексей Павлович Окладников (1908–1981) Өзбекстандын Сурхан-Дарыя облусуна караштуу Байсун-Тоо (Ысар тоо кыркасынын түштүк-батыш этеги) тоосундагы үңкүрдө археологиялык казуу жүргүзүп, мында мустьер археологиялык маданиятына таандык тургун жайды жана 8-9 жашар неандерталдык өспүрүмдүн сөөгүн тапкан.
Орусиялык белгилүү антрополог Георгий Францевич Дебец (1905–1969) Тешик-Таштагы сөөктү алгачкы жолу сыпаттап изилдеген.
Ал эми 1940-жылы антрополог, археолог жана айкелчи Михаил Михайлович Герасимов (1907–1970) 150 сөөк сыныктарынын негизинде неандерталдык өспүрүмдүн келбетин калыбына келтирген.
Анын негизинде антрополог Валерий Павлович Алексеев (1929–1991) Борбордук Азиянын аймагы да адамзат калыптанган жана неандерталдыктар байырлаган алгачкы очоктордун катарына кирет деген пикирди айткан.
Тешик-Таштагы өспүрүмдү мурда эркек бала деп санашса, кийинчерээк ал кыз бала экени аныкталган.
"Неандерталдык" сөзүнүн келип чыгышы
1856-жылы Германиядагы Дюссельдорф шаарына жакын Неандертал аймагында табылган байыркы киши сөөгү «неандерталдык киши» (Homo neanderthalensis) илимий сыпаттамасын алган.
Андан кийин палеоантропологдор байыркы кишилердин Евразияда жашаган бул түрүнө таандык сөөктөрдүн бардыгын «неандерталдыктардыкы» деп атап келишет.
Адистердин айтымында, азыркы адамзаттын эң жакын туугандары болгон жана кийин бир нече себептердин жыйындысынан улам бара-бара жок болуп кеткен байыркы кишилердин – неандерталдыктардын жашаган доорун алда канча так аныктоо – алардын табияты, жөндөмдөрү жөнүндө жана, эң башкысы, эмне себептен жок болуп кетишкендиктерин аңдоо үчүн өзгөчө маанилүү кадам болуп саналат.