Сот зомбулукка каршы чыккандардын үнүн укту

Бишкек. 2020-жылдын 8-марты.

Жогорку сот милициянын быйыл 8-мартта Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршындагы» аракетин мыйзамдуу деп тапкан чечимди жокко чыгарды. Укук коргоочулар муну активисттердин жеңиши катары сыпатташты.

11-ноябрда Жогорку сот Бишкектин шаардык сотунун жана Свердлов райондук сотунун чечимдерин жокко чыгарып, Свердлов милициясынын митингдеги аракетин мыйзамдуу деп табуу боюнча териштирүүнү токтотту.

Мекеменин басма сөз кызматкери Изати Шүкүралиева буларга токтолду:

«2020-жылдын 8-мартындагы протоколдук жана ыкчам жыйынды ошондой эле Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин митингдеги терс кеспеттердин алдын алуу боюнча иш- аракеттерин мыйзамдуу жана негиздүү деп табуу боюнча өндүрүш токтотулду».

Митингдин уюштуруучуларынын адвокаттары Жогорку соттун чечимин алгандан кийин акцияга чыккандарды жоопко тартуу жана айыппул салуу тууралуу чечимдерге байланыштуу арыз жөнөтүшөрүн айтышты.

Акцияга катышкандардын бири Татьяна Зеленская соттун чечими аялдардын укуктарын коргоо саясатына өзгөртүү киргизерине үмүт артып жатат.

«Чындыгында мен соттун чечимин угуп аябай сүйүндүм. Аялдар маселеси көмүскөдө калган учурда бул чечим бизге ишеним берди. Бизге бул кабар абдан жагымдуу болду».

Татьяна Зеленская.

Быйыл 8-мартта Жеңиш аянтында кыз-келиндердин укуктарын коргоо, зомбулукка кабылган кыздардын маселесин көтөрүү максатында уюштурулган митинг башталбай жатып аяктаган. Кийин милицияга жалпысынан 11 адам жеткирилген.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Свердлов райондук милициясында аларга карата протокол түзүлгөнүн, кармалгандар айыппул төлөөгө милдеттендирилгенин кабарлаган.

«Феминнале» жана «8/365» коомдук уюмдарынын 8-марттагы митинги уруксатсыз уюштурулганын белгилеген.

Дагы караңыз

Абдирасулова: Чыныгы чагымчылар жазасыз калдыАялдар акыры акцияга уруксат алды (видео)

Ал эми Свердлов райондук милициясы маршка чыккан алты кыз-келинге үч миң сомдон айып төлөтүү тууралуу токтом чыгарган. Алты активист бул токтом мыйзамсыз экенин айтып, Свердлов райондук сотуна кайрылган. Сот ишти жабык карап, алардын өздөрүн күнөөлүү деп тапкан.

“Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова соттун бул чечимин аялдар укугун коргогон активисттердин жеңиши деп атады:

Бүбүсара Рыскулова.

«Бул биздин кичинекей жеңиш болуп калды. Бирок анын чечими канчалык жалпы саясатка таасир этерин азырынча айтууга эрте. Ошол эле кезде соттун ушундай чечими укук коргоо органдарына да коңгуроо болушу керек. Зомбулукка каршы күрөштө соттун акыйкат чечимдери маанилүү».

«Аялдардын шериктештик маршы» деген ураан менен акция өткөрүү пландалып жаткан учурда ал жерге беткап, калпак кийген белгисиз адамдар барып, акцияны үзгүлтүккө учуратышкан.

Акцияга чыккандар милиция чагымчыларды эмес, тынч турган уюштуруучуларды кармап кеткенине нааразы болгон. Акцияны үзгүлтүккө учураткандарга кандай чара көрүлгөнү ошол бойдон белгисиз.

Укук коргоочулар, эл аралык уюмдар зомбулукка каршы жүрүштүн катышуучуларынын кармалышын кескин айыпташкан.

Дагы караңыз

Аялдар маршы: зомбулукту жеңе бил

Тилектештик маршы үй-бүлө зомбулугуна элдин көңүлүн бурдуруу максатын көздөгөн. 2020-жылдын биринчи жарымында эле Кыргызстанда бир нече аял үй-бүлөлүк зомбулуктан каза тапкан.

Бир апта мурун Ош шаарынын тургуну аялынын жана кайненесинин өлүмүнө шек саналып, №5 тергөө изоляторуна эки айга камакка алынган.