Адистер спортто, маданиятта ийгиликке жеткен жаштардын сөзү жеткинчектердин көз карашын өзгөртүүгө таасир этерин айтышууда.
Кикбоксинг боюнча үч жолку дүйнө чемпиону, 2017-жылы Түркмөнстандын борбору Ашхабадда өткөн имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндарында да чемпион болгон, учурда машыктыруучулук милдетти да аркалап жүргөн Авазбек Аманбеков жаш жигиттер, мырзалар күчүн спорттон чыгарса деген ойдо.
Ал 8-мартта калпак кийген беткапчан жигиттер аялдардын маршын бузуп, аларды коркутканын тартипсиздик деп эсептейт.
«Аялдардын укуктарын коргоо дегени - бул аялдарга болгон мамиле, - дейт ал. - Аларга назик, жумшак мамиле кылыш керек. Аял деген биздин апабыз, эже-карындашыбыз, балдарыбыздын апасы. Мен 8-мартта жүрүшкө чыккан аялдардын талабы кандай экенин, калпак, беткап кийип, аларды коркуткан балдардын көздөгөнү, максаты кайсы экенин билбейм. Бирок аялдарга карата жасалган мамиле тарбия-тартиптин жоктугунан болуп жатат деп ойлойм. Жигит бир иш кыларда башка аялдын ордуна өзүнүн апасын, карындашын же эжесин коюп көрүшү керек. Эгер аларга андай зордук-зомбулукту каалабаса, башка аялдарга да апасына кылгандай мамиле кылышы керек. Аялдарга эле эмес, эч кайсы адамга орой мамиле кылууга болбойт. Жаштарды билим алууга, өзүн-өзү өнүктүрүүгө чакырат элем».
Буга чейин эки жолу эркин күрөш боюнча чоңдор арасында Азия чемпионатынын коло байгесин тагынган, 2019-жылы 23 жашка чейинки спортчулар арасында эркин күрөштөн Азиянын жана дүйнөнүн чемпиону болуп, быйыл чоңдор арасындагы Азия чемпионатынын алтын байгесин уткан Улукбек Жолдошбеков да жаштарды аялдарды урматтоого чакырган видеосун жарыялады:
«Аялдардын укуктарын коргош керек. Анткени бул коом үчүн, өлкө үчүн маанилүү нерсе. Коомдун, маданияттын билими түздөн-түз аялдар менен байланыштуу.
Ар бирибиз энебизден алган тарбияга жараша дүйнөнү тааныйбыз. Ошондуктан ар бир аял затына өзүбүздүн энебизге, эже-карындашыбызга кылгандай мамиле кылалы. Келгиле, аялдарды колдоп жана коргоп жүрөлү».
8-мартта Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршы» өтмөк. Беткап, калпак кийген белгисиз адамдар аны үзгүлтүккө учуратып, жүрүшкө чыккандарды милиция кармап кеткен. Укук коргоочулар, эл аралык уюмдар зомбулукка каршы жүрүштүн катышуучуларынын кармалышын кескин айыпташты.
Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциянын лидери Алтынбек Сулайманов социалдык түйүндөр аркылуу тараткан видео кайрылуусунда «бетин жаап, аялдарга кол көтөрүүнү» алсыздык деп баалаган.
Медиа серепчи Айбек Турдалиев спортчулардын зордук-зомбулукка каршы билдирүүлөрүн, аялдардын укуктарына көңүл буруп жатканын кубаттап жатат.
«Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты: «Эй жигиттер, бетиңерди чүмкөп, андай кылып аялдарды коркуткаңынар туура эмес, жигитчилик эмес» деп кайрылуу таратты. Ошол кайрылуудан кийинки реакция деп ойлойм. Алдуу, күчтүү кыргыздын жигиттери ушинтип чыгып, аялдарды коргоого чакырып жатканы - бул жакшы жөрөлгө. Кайрылуу эле жасап койбой, чыныгы жашоодо да ошондой мамиле кылышы керек. Ал мамиле жөнөкөй эле. Ал күнүмдүк эле биздин жашоодо болуп жаткан нерселер. Коомдук жайларда жүргөндө, автобуска түшкөндө, дегеле кайсы жерде болбосун аялга аяр мамиле кылыш керек», - деди ал.
Жарандык активист Асел Абдыраманова жаштардын көз карашын жакшы нукка бурууда дал ошол жаштар арасындагы кадыр-баркка ээ болгон жигиттердин сөздөрү таасирдүүрөөк экенин айтты:
«Бизде спортко, күрөшкө катышкан балдар жаштар арасында кадыр-баркка ээ. Хабиб келгенде деле укмуш тосуп алышпадыбы. Чемпиондордун, алдыңкы спортчулардын ушундай кайрылуулары консервативдүү, кызуу кандуу жаштарга оң таасир тийгизет. Алардын беткап кийген жигитттердин кылганын терс көрүнүш катары баалап жатканы оң көрүнүш. Анткени спортчулардын коомдо, кандайдыр бир маселеге көңүл бурууда өздөрүнүн чоң орду бар. Андан сырткары спорттун бул түрлөрү Кыргызстанда өтө популярдуу. Алардын айтып жаткан ой-пикири аялдардын укуктарын коргоодо түз таасирин тийгизбесе да, өсүп келе жаткан жаш балдардын көз карашын жакшы жакка бурууга, өзгөртүүгө түрткү берет. Бирок жалаң эле чакырык менен калып калбастан, өздөрүнүн мисалында ошону көрсөтүп беришсе мындан да таасирдүүрөөк болот».
Адистер үй-бүлөдөгү зомбулукка жумушсуздук жана материалдык кыйынчылыктар, аракечтик жана баңгилик, калктын билими менен маданиятынын төмөндүгү себеп болуп жатканын белгилешет.
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандар жыл сайын көбөйүп баратат. Тактап айтканда, 2012-жылы бул боюнча 2415 окуя катталса, 2017-жылы бул көрсөткүч 7114гө, ал эми 2019-жылы 8159га жеткен. 2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда төрт аял үй-бүлөлүк зомбулуктан каза таап, бир нече аял оор жараат алган.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.