Жарандык активист Зарина Төрөкулованын иши боюнча алгачкы соттук отурум өттү. Адвокаттын билдиришинче, Төрөкулова өмүр бою эркинен ажыратылган адамдын Фейсбукка жазган пикирин бөлүшкөнү үчүн да айыпталууда.
21-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жарандык активист Зарина Төрөкулованын иши боюнча алгачкы соттук отурум өттү.
Бул соттук отурумда прокурор Замира Байбагышева активистке коюлган айыптарды угузду.
Айыптоочунун сөзүнө караганда, Зарина Төрөкулова Фейсбуктагы “Умай Аруу” аттуу аккаунттан эки маалымат бөлүшкөн. Анын бири - “Жапаров мафия”, экинчиси - "онлайн митинг уюштурабыз" деген билдирүү. Бул материалдарга байланыштуу экспертиза жүргүзүлгөн.
47 жаштагы Зарина Төрөкулова “Азаттыктын” суроосуна кыскача жооп берген учурда бул иштерди "душмандары уюштурган саясий буюртма” деп атады.
“Бул жактагы прокурор дагы, сот дагы саясий заказ деп коркуп жатабы, билбейм, мага эки чоң берене менен айып коюп жатат. Эми калганы териштирүүнүн жүрүшүндө билинет. Бул жерде мен “Умай Аруу” деген аккаунттун постун бөлүшкөм. Ал жерде Олжобай Шакирдин видеосун эле кайра жөнөткөн болчумун”, - деди Төрөкулова.
Дагы караңыз Фейсбуктагы пост үчүн дагы эки активист камалдыАктивисттин бөгөт чарасын 9-сентябрда Биринчи Май райондук соту карап, аны 30-октябрга чейин камакта калтырган. Кийин бул мөөнөт узартылып, адвокаттын үй камагына чыгаруу өтүнүчү четке кагылган.
Зарина Төрөкулованын кызы Айман Рысбекова тергөө атайылап создуктурулуп жатканын айтууда.
“Тергөөчү убакытты аябай чоюп турган. Экспертизанын корутундусу мурда эле чыккан. Аны бизге 19-октябрда көрсөттү. Бир айдан ашык убакыт жөн эле чоюп жүргөн. Апам жөн эле отурган ал жакта”, - дейт Рысбекова.
Зарина Төрөкулованын иши боюнча сот 29-ноябрда уланмай болду.
Зарина Төрөкулова социалдык тармактарда бийликтин айрым иштерин сындаган билдирүүлөрдү жазып турган. Кесиби боюнча экономист. Бир канча жыл Шерали Сыдыков атындагы спорттук коллеждин жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Жалгыз бой, бир кыздын энеси. Буга чейин “Улуу журт” жана “Күч биримдикте” партиялары менен Бишкек шаардык кеңешине шайлоого талапкер болуп катышкан.
Абакка телефон кантип кирген?
2023-жылдын 24-октябрындагы экспертиза "Төрөкулова бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык башаламандыкка чакырууга аракет кылган" деп тапкан. Мындан улам активистке Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренеси жана 278-беренеси менен иш козголгон.
Төрөкулованын адвокаты Кантемир Турдалиев активист Фейсбукка бөлүшкөн маалымат үчүн гана айыпталып жатканын айтты.
"Фейсбуктагы "Умай Аруу" деген фейк аккаунтагы эки маалыматты бөлүшкөнү үчүн айыпталып жатат. Ал аккаунттун ээси өмүр бою эркинен ажыратылган, камакта отурган адам экен. Негизи посттун автору, ошол камакта жаткан адам жооп бериши керек болчу”, - деди Турдалиев.
Адвокат кийинки соттук отурумга үч эксперт жана күбө катары камакта жаткан жаран чакырыла турганын кошумчалады.
Кыргызстанда абакта отурган адамдарга телефон колдонууга тыюу салынган. Бирок буга карабай бир адамды каматууга негиз болгон посттун ээсине телефон кантип киргени табышмак болууда.
Биз бул суроо менен Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Ызаат Тургунбаевага кайрылдык. Ал бул маалыматтан кабары жок экенин, бирок жабык жайларда отургандар телефон колдонбой турганын билдирди:
“Жок, абакта телефон колдонулбайт. 19-колониянын ичинде камера бар. Бардык жерде камера бар, кантип колдонот? Эгер ошол “Умай Аруу” деген аккаунттун ээси камакта экени далилденген факты болсо, тактап, толук жооп беребиз”.
"Пикир үчүн камоо коркунучтуу"
Кыргызстанда социалдык тармактагы билдирүүлөрү үчүн саясатчылар, активисттер буга чейин да сот жообуна тартылган. Аларга негизинен Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар”, “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренелери менен иш козголуп келет.
Медиа-эксперт Тамара Валиева элди сөз үчүн эле камай берүүнүн кесепети мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудурушу мүмкүн экенин эскертти:
“Митингге чыкпасын, эч нерсени жазбасын деп коркутуп жатат. Унчукпай коркуп отуруп анан бир күнү баары бир эл жарылат. Мунун аягы жакшы нерсе менен бүтпөйт. Азыр шылуундардын баары түрмөдө отурат. Ошол камактагылар, балким, атайын жасап жатышабы же чагым кылып жатабы, ким билет?”.
Бирок Кыргызстандын бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин, ал корголорун, ошол эле кезде журналисттер, блогерлер жоопкерчилигин сезиши керектигин такай эскертип келет.
Жоопкерчилик маселеси президент Садыр Жапаровдун Маалымат жана басма сөз күнүнө карата куттуктоосунда да айтылган.
Буга чейин президентинин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев "Азаттыкка" берген комментарийинде өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин белгилеп, "мыйзам бузгандарга чара көрүлөрүн" айткан.
“Жеке өз оюн билдиргендерге эч ким тийишкен жок. Ал эми “бийликти алмаштыралы, бул бийлик болбой калды, кетирели” деп чакырык таштагандарды суракка чакырып жатышат. Же болбосо улут аралык маселени көтөргөндөрдү чакырышууда. Жалпылап айтканда, мыйзам бузгандарга чара көрүлүүдө”, - деген Абыкеев.
Ырыс Жекшеналиевдин иши: жети жыл сураган прокурор
Мындан бир апта мурда, тагыраагы, 16-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда активист блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши каралган. Прокурор аны жети жылга эркинен ажыратууну сураган болчу.
Ырыс Жекшеналиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “Полит Узник” баракчасына чыгаргандан кийин, былтыр августта камалган. Тергөө абагында эки ай отуруп, үй камагына чыгарылган.
Дагы караңыз Ырыстын иши: Прокурор жети жыл сурады, адвокат экспертизадан күмөн санадыБлогерге Кылмыш-жаза кодексинин “Калайман башаламандык” беренесинин “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” деген бөлүгү менен кылмыш иши козголгон. Мыйзамда бул берене менен сегиз жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
20 жаштагы Ырыс Жекшеналиев коюлган айыптарды четке каккан. “Мен Абдил Сегизбаевдин сөзү үчүн жооп беришим керекпи? Мен анын профилинин, видеонун, тайпанын шилтемелерин бергем”, - деген камалгандан кийинки сотто.
Олжобай Шакирдин иши
Зарина Төрөкулованы камоого негиз болгон "онлайн митинг" жөнүндөгү маалыматка келели. Бул акцияны демилгелеп, 31-августта өткөрүүгө белсенген жазуучу, публицист Олжобай Шакир учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын тергөө абагында отурат.
Атайын кызмат аны 23-августта кармап, 24-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту 23-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.
УКМК Олжобай Шакирге Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген.
Олжобай Шакир өзү абактан жазган каттарында онлайн-митинг калайман башаламандык уюштурууну билдирбесин белгилеп келет.
"Мен жазуучу катары жана гуманисттик идеяларды жайылтуучу жаран катары элди агрессияга үндөөдөн алысмын! Видео кайрылуумда мен өз аудиторияма бир нече жолу кайталап: “Силер мага телефон чалбагыла, мени издеп келбегиле! Баарыңардын колуңарда мобилдик телефондор бар. Демек, онлайн аркылуу айыл-кыштактардан болсун, шаарлардан болсун, 31-август өлкөбүздүн Эгемендик күнүнө карата өз пикирибизди айтууга чакырам!” – дегендин эмнеси кылмыш?!", - деген Олжобай Шакир абактан жазган катында.
Дагы караңыз Абак күндөлүгү: Жарандык коом элге абадай керекБуга чейин адвокаттар жазуучунун кармалышын жана камакка алынышын мыйзамсыз деп эсептеп, Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан. Аталган сот Олжобай Шакирдин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арызды 18-сентябрда карап, мурдагы өкүмдү өзгөрткөн эмес.
Ноябрь айынын башында Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму ( International Partnership for Human Rights - IPHR) жана Укуктук өркүндөтүү фонду (Legal Prosperity Foundation - LPF) Кыргызстандагы адам укугу, саясий, сөз эркиндиги жаатындагы абалды талдаган баяндамасын жарыялаган. Анда эки уюм кыргыз бийлигин сындаган жарандык активисттер, журналисттер, блогерлер басым-кысымга, куугунтукка кабылып жатканын белгилешкен.
Дагы караңыз Эл аралык эки уюм Кыргызстанда жарандык эркиндикке коркунуч көбөйгөнүн белгилейтЭске сала кетсек, 11-сентябрда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү, активист Мирлан Ураимов бир жылга эркинен ажыратылса, былтыр Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиев "улут аралык кастыкты козутуу" деген айып менен камалып, үч жылдык пробациялык жаза менен бошотулган. Журналист Семетей Талас уулу экстремисттик материалдарды жайылтууга күнөөлүү деп табылып, бир жылдык мөөнөттө пробациялык жаза чегерилген. Ушундай эле пробациялык жаза Адилет Балтабай деген ат менен таанылган блогерге дагы колдонулуп, кийин ал жокко чыгарылган. Коррупциянын бетин ачкан курч иликтөөлөрү менен белгилүү болгон журналист Болот Темиров былтыр ноябрда өлкөдөн мажбурлап чыгарылган. Аналитик журналист Айданбек Акмат уулу бир жылдан бери Кемпир-Абад иши боюнча тергөө абагында кармалып жатат.