Якутияда кыргыз мигранттары эркин иштейт

Якутск шаарындагы мектептин алдындагы айкел.

Якутия (Саха) Республикасынын башчысы Айсен Николаев 2019-жылдан тарта мигранттар иштөөгө тыюу салынган тармактардын тизмесин кеңейткен буйрукка кол койду.

Якутия Республикасында патенттин негизинде эмгектенген чет өлкөлүк жарандарга соода-сатык, азык-түлүк жана кийим-кече өндүрүшүндө, курулушта, билим берүү жана саламаттык сактоо системасында иштөөгө болбойт. Ошондой эле алар шаардык жана шаар айланасында эл ташыган автоунаа, такси жана жүк ташуучу транспорт айдай алышпайт. Республикада жалпысынан мигранттарга 33 тармакта иштөөгө тыюу салынды.

Республиканын жетекчиси Айсен Николаевдин 27-марттагы билдирүүсүндө эмгек мигранттары жергиликтүү тургундар аткара турган жумуштардын көбүн ээлеп алышканы айтылат. Ал мындай жарлык федералдык мыйзамга «толук шайкеш» келерин белгилеген.

Жарлыкта «Якутия (Саха) Республикасынын аймагындагы эмгек базарынын өзгөчөлүгүн эске алып, иш орундарын Орусия Федерациясынын жарандарына берүү артыкчылыкка ээ» деп белгиленет.

Бирок Мамлекеттик Думанын Якутиядан шайланган депутаты Федот Тумусов жаңы эреже Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдүн жарандарына таасир этпей турганын түшүндүрдү:

«Чет элдик эмгек мигранттарына байланыштуу мындай жарлык жыл сайын эле жарыяланат. Быйылкы жарлыкта Евразия Экономикалык Биримдигине кирбеген өлкөлөрдөн келгендерге 33 сектордо иштөөгө чектөө коюлат. Мындай чектөө Кыргызстандын жарандарына эч кандай таасир этпейт. Чектөө Кытай Эл Республикасы, Азербайжан, Украина сыяктуу мамлекеттердин жарандарына таасир этет».

Якутиянын аймактык парламентинин депутаты Владимир Богданов эмгек мигранттарына мындай чектөө киргизүүнүн зарылдыгын башкадан көрөрүн билдирди:

«Республика чакан, миллионго жакын эли бар. Ар кандай маалыматка ылайык, мигранттардын саны 70 миңге жетет. Бизге адамдар ар кандай жүрүм-туруму, көнүмүш адаты, анын ичинде өзүнүн диний көз карашы менен келип жатат. Алар келип алып ошол болгон нерсесин жергиликтүү элге, бизге чыгарып жатышат».

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Якутия: мигранттарга каршы митинг

Якутияда кыргызстандык мигранттар ээн-эркин иштей берерин Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова да ырастады:

«Кыргызстан биримдиктин мүчөсү болгондуктан, бул буйруктун биздин жарандарга тиешеси жок. Буйрукта «патент менен иштеген чет өлкөлүктөр» деп айтылып жатат, биздин жарандар болсо төрт жылдан бери патент менен иштөөдөн бошотулган».

Мигранттарга каршы саясаттын күчөтүлүшүнө 17-марттагы жергиликтүү тургундардын нааразылык акциясы түрткү болду. Орусиянын Тергөө комитети үч кыргызстандык жаран Якутск шаарында жергиликтүү аялды уурдап кетип, зордуктаган деген шек менен кармалганын 18-мартта билдирген.

Алардын бири күнөөсүн мойнуна алганы кабарланган. Бул окуядан кийин Якутск шаарында адегенде стихиялуу, кийин бийлик уруксат берген митингдер өттү. Шаарда кырдаал үч-төрт күн бою чыңалып турду. 300 миңге жакын киши жашаган калаанын тейлөө кызматтарында иштеген борбор азиялык мигранттар коопсуздугунан чочулап, үйлөрүнөн чыкпай отуруп калышты.​

Республиканын башчысы Айсен Николаев менен Якутск шаарынын мэри Сардана Авксентьева жергиликтүү тургундарга мыйзамсыз мигранттардын маселесин чечүүгө убада беришкен. Николаев март-апрелде келгиндерди жапырт текшерүү жүрөрүн, эреже бузгандар депортация болорун айткан.

Якутияда кырдаал курчуган кезде Бишкектен Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Самат Токтоболотов баштаган топ барып, Якутиянын бийлиги менен сүйлөшүү жүргүздү. Ал өткөн аптада Москвада Орусиянын Федералдык миграция кызматынын жетекчилиги менен жолугуп, өлкөнүн бардык аймактарында мыйзамдуу жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттарынын укуктарынын сакталышына кепилдик берүү тууралуу сүйлөшкөнүн «Азаттыкка» айтып берди.

Кыргыз диаспорасынын маалыматы боюнча, Якутияда 10 миңге жакын эмгек мигранты бар.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Четте жүрсөң чектен чыкпа

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.