Чет өлкөгө миграцияга кетип жаткан кыргызстандыктардын кандай жоопкерчилиги жана укуктары бар? Алар коопсуздук, өзүн алып жүрүү жана коркунучтардын алдын алуу жагын эмнеге көз жаздымда калтырып жатышат? Cыртка мигрант кетирип жаткан мамлекеттин милдеттери кандай болушу керек?
Бүгүн биз сыртка чыгып жаткан кыргызстандыктардын жоопкерчилиги, жүрүм-туруму, алар туш келген тобокелчилик тууралуу сөз кылдык. Талкууга Мамлекеттик миграция кызматынын сырткы миграция жана диаспоралар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Улан Шамшиев, «Замандаш» ассоциациясынын төрагасы Абдирасул Айдаров, Саха (Якутия) Республикасындагы «Манас» аттуу кыргыз диаспорасынын жетекчиси Данияр Байгутуев жана Орусиядагы кыз-келиндердин башын бириктирген «Айымдар KG» коомдук бирикмесинин төрайымы Шахрезада Аданова катышты.
«Азаттык»: - Улан мырза, мына, Мамлекеттик миграция кызматынан Якутияга жооптуу адамдар кетишти. Алар кимдер менен жолугат, кандай маселелерди карашат?
Улан Шамшиев: - Түзүлгөн кырдаалды жөнгө салыш үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Якутияга ыкчам түрдө жөнөп кетти. Ал биринчи кезекте мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана жергиликтүү калк менен сүйлөшүп, алар менен чогуу кырдаалды жөнгө салууга аракет кылат. Албетте, бул жерде биринчи маселе туура маалыматты Якутиянын элине жеткирүү болуп жатат. Бир эле кыргызстандык кылган кылмыштын айынан якутиялыктар жалпы кыргыздардын жүрүм-турумунан, үрп-адаттарынан күмөн санап калышты да. Эки күндөн бери Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги, Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгү жана жер-жерлердеги диаспоралар менен иш алып баруудабыз. Биз, кыргызстандыктар Якутияда болуп жаткандарга кандайдыр бир каяша реакция кылбай, жагдайды курчутпай чечүү башкы максатыбыз болуп жатат.
Абал тынч
«Азаттык»: - Данияр мырза, кечээтен бери Якутиядан келген кабарлар, Интернет булактарында тараган видеолор терс маанайда болуп жатат. Бул эки күн мигранттар үчүн өтө оор өтсө керек? Азыр кырдаал кандай?
Данияр Байгутуев: - Азыр акыбал тынч, Кудайга шүгүр, баары жакшы. Толкундоолор аяктап калды. Кечээ мигранттарга, чет элдин жарандарына «колуңардан келсе 1-2 күн сыртка чыкпай тургула» деген эскертүү берилген. «Элдин деми басылгыча жумушка барбай тургула» деп сунуш кылышкан. Элдин көбү азыр ишке чыккан жок. Мен өзүм шаарды бир сыйра айланып келдим. Шаар тынч, дүкөндөр иштеп жатат. Эң эле жакшы нерсе - бул жактагы элдин моралдык деңгээли өтө бийик, сыйлоого татыктуу эл десем болот. Булар талоончулукка, башаламандыкка жол беришкен жок. Кечээ митингге 6 миңдей адам чогулду. Республиканын жетекчиси менен жолугушту, шаардын мэри барды. Алардын айткандарын угушуп, өз ойлорун да билдиргенден кийин унчукпай таркап кетишти. Көчөгө чыгып кыйкырган анча-мынча тентектер деле болду.
«Үй-бүлөдө каралчу маселе»
«Азаттык»: - Абдирасул мырза, дегеле мигранттардын арасындагы кылмыштуулук канткенде жоюлат?
Абдирасул Айдаров: - Ооба, миграция жылдан жылга көбөйүп жатат. Сыртта жүргөн жарандар көбөйгөн сайын ушул сыяктуу проблемалар да чыгып жатат. Менимче бул көрүнүшкө сыртта жүргөндө эмес, Кыргызстанда турганда алдын-ала чара көрүп, иш алып барышыбыз керек. Мамлекет да кепилдик берип, ар бир жаранынын эркиндигин, укуктарын толук коргоп бергенге милдеттүү. Эң башкысы - биринчи кезекте мектептен камылга башталганы жакшы. Ата-эне жоопкерчиликти алып, баланын туура тарбияланышын камсыз кылганы оң. Тилекке каршы, бизде даярдык жок болгону үчүн сыртта ушундай жагымсыз окуялар болгондо гана иш-аракет башталып калып жатат. Негизгиси, бул маселени үй-бүлөдөн баштап чечиш керек.
Интеллектуалдык деңгээл төмөн
«Азаттык»: - Шахрезада айым, бул багытта аялдарга өзгөчө аяр мамиле, кеп-кеңештер керек го? Себеби жабыркагандар да, зомбулукка кабылгандар да азыр кыз-келиндердин арасында көп болуп жатпайбы?
Шахрезада Аданова: - Жогоруда айтылгандарга кошулам. Бул жакта мурунку соттолгондор же тарбиясы начар адамдар ал жакка барганда деле оңолбойт. Ошол чет жакта жүрүп кылмыш кылгандарды карасак, алардын көбү Кыргызстанда кылмыш кылып, жоопкерчиликтен качып кеткендер экенин байкаса болот. Миграция адамдардын эң акыркы чекити болуп жатат. Көпчүлүгү турмуштун оор шартына учурап, балким ажырашса же бир кылмыш кылып, Кыргызстанда жүрө албай калса анан кетип калып жатпайбы. Өлкө которгондо деле алар ошол эле кылыгын кылып жатышат. Биздин уюм ай сайын ар кайсы темада иш-чараларды уюштуруп турат. Маданий, диний, салт-санаага байланыштуу жыйындарыбыз болуп турат. Албетте, укуктук сабаттуулукту да талкуулайбыз. Негизи эле интеллектуалдык деңгээл, сабаттуулук жогору болушу керек. Бизде, Кыргызстанда мунун баары төмөн. «Башка улуттардын ойлорун, салттарын, кулк-мүнөзүн сыйлаш керек» деген темадагы талкууларды, жыйындарды бул жакта да өткөрүп жатабыз. Биз деле өлкөгө келген мигранттарды жаман көрүп жатпайбызбы. Мисалы, «кытайлар басып алат» деп, мыйзам жол бербесе да аларга каршы митингдерге чыгып жатышпайбы. Башкаларды деле өзүбүздөй түшүнүшүбүз керек. Алардын да биз сыяктуу улуттук баалуулуктары бар. Башка эл көбөйсө аларга да коркунуч жаралат деген кооптонуусу бар.
«Азаттык»: - Улан мырза, сыртка чыгып жаткан мигрантка кандайдыр бир укуктук кеп-кеңеш берилеби?
Улан Шамшиев: - Азыркы тапта укуктук колдоо, түшүндүрмө иштери эки этапта өтөт. Биринчиден, Кыргызстандан чыгып кетип бараткан адамдарга биздин маалымат-консультация борборлорубуз кеңеш берет. Бишкекте жана Ош шаарларында жайгашкан борборлорубузга сыртка чыгууну каалаган ар бир жаран барып, бара турган мамлекеттин мыйзамдары, миграциялык каттоо, тили, үрп-адаттары, коопсуздук нормалары жөнүндө маалымат ала алат. Бизде ошондой эле ыкчам линия бар. 1899 деген номурга дайыма чалып, бардык көйгөйлөрүн айтып, суроолорун бере алат. Экинчи этабы мигранттар сыртка чыгып кеткенден кийинки кеңеш берүү, аларга укуктук жардам көрсөтүү болуп саналат. Бул иш Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрү тарабынан жүргүзүлөт. Биздин да Орусиядагы элчиликте Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгү бар. Орусияда Москвада, Хабаровск, Иркутск жана Тюмень аттуу чоң шаарларында иштеп жатышат.