Көз карандысыздыктын жылдарында Кыргызстанда коомдук унаа дээрлик жок болду, америкалыктарды туурап, баары машинага миништи. Советтик доордо деле анча өнүкпөгөн темир жолдун бар-жогу деле байкалбайт. Америка демекчи, өнүккөн өлкөлөрдүн көбүнөн айырмаланып, Кошмо Штаттарында да темир жол дээрлик өнүккөн эмес. Бирок жаңы президент Обама өлкөдө арзан жана тез жүргөн темир жолдордун курулушуна миллиарддаган доллардын бөлүнүшүнө жетише алды. "Вашингтондон кат" түрмөгүнүн жаңы санында Азаттыктын кабарчысы Хизер Маер ушул темага кайрылат.
- Америкалыктар машина дегенде жантыгынан жата калаарын баары билишет. Мунун эмоционалдык, тарыхый жана практикалык себептери бар. Бүгүнкү Вашингтондон катта мына ушул практикалык себептерине басым жасамакчыбыз.
9- миллион квадрат километр аймагы менен Кошмо Штаттары дүйнөдөгү төртүнчү же бешинчи ири өлкө. АКШда 75 миң километр узундуктагы кара жол бар, бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүч. Америка ошондой дүйнөдөгү эң ири мунай керектөөчү. Ушуларды эске алганда, АКШнын улуттук темир жолу киши күлөөрлүк экенине таң калып болобу?
Биздин кара жолдор машинанын көптүгүнөн парковкага көбүрөөк окшойт, шаарларыбыздын асманы машиналардан чыккан булганч газдардан күңүрт болуп турат, аэропортторубуз жүргүнчүлөрдүн көптүгүнөн, эң жеткен чегинде иштеп жатат. Бирок шаарлар ортосундагы темир жол каттамдарына келгенде, биз өнүккөн өлкөлөрдүн арасында эң куйругундабыз. Бүт өлкө боюнча тез жүрүүчү поеддин бир гана бутагы бар. Биздин темир жол киши күлөөрлүк дегеним ошондон.
Президент Барак Обама ушунун баарын өзгөртүүгө нийеттүү. Өткөн бейшембиде ал өлкөнүн 10 регионунда тез жүрүүчү жүргүнчү поезддерин жүргүзүү тууралуу оюн ортого салды. Мындай жолдор Флориданын алтын кум жээктеринен Түнтүк Калифорниянын тоолоруна чейин созулуп жатмакчы. Обама өнүккөн өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө поезддер тез жүрөөрүн, арзан экендигин, булганч газдарды азайтууга, жумуш орундарын көбөтүүгө көмөктөш экендигин белгиледи. Калетсиз сөз.
Өкмөттүн жаңы сарптоо планында тез ылдамдыктагы темир жол долбоорлоруна 8 миллиард доллар каралган. Бул долбоорлорду ишке ашыруу ушул жайдын этегинде башталышы мүмкүн.
Обаманын Американы темир жолдун өлкөсүнө айлантуу идеясы өкмөттө жана таасирлүү унаа тармагында үстөмдүк кылып келген жүргүнчүлөрдү темир жол менен ташуудан пайда түшпөйт деген көз карашка кайчы келет.
Буштун администрациясы бир мезгилде Эмтрак деп аталган улуттук темир жолдун ишин токтотууга аракеттенген, бул жаатта көптөгөн кагылыштар болуп келген. Обаманын администрациясы мезгилинде эми Эмтрак саясий маңызга ээ болгон маселеге айланууда.
Азыр вице-президент болгон Жо Байден сенатор кезинде Вашингтонго 160 чакырым аралыктагы Уилмиңтон штатындагы үйүнөн күндө поезд менен келчү. Бул тууралуу биз анын МайСпейс интернет порталындагы профилинен да окуй алабыз.
Америкада поед кээде Индиянын поездеринен да жай жүрөт. Мисалы Нью-Йорктон Чикагого чейин машина менен 10 саатта, учак менен эки саатта жетсе болот, ал эми поздге түшсөңүз, ашык-кеми жок 28 саат жол жүрөсүз. Ошого карабастан, кийинки кездери Эмтрактын кызматынан пайдалангандардын саны рекорддук чекке жетти.
Биз америкалыктар Европада көп нерсеге, анын ичинде таза, үнсүз, тез жүргөн поезддерге суктанабыз. Аэропортко жеткенче эки саат эзилип, же машинада баратып, картаны тешилип тиктемей жок, бир шаардын борборунан экинчи шаардын борборуна алеки заматта жетип келесиң, чөнтөгүң да анчейин жукарбайт.
Вашингтон азыр машина дегенде жантыгынан жата калган америкалыктар да эми темир жолду баалап, барктай баштайт деп үмүттөнүүдө.