Түркия: Генералдар камакка алынды, саясий тирешүү күчөдү

Дагы бир генералды камакка алуунун учуру, 22-феврал, 2010-жыл.

Түркияда ушул дүйшөмбүдө элүүдөн ашык генерал камакка алынып, исламга ыктаган бийликтеги Ак партия менен Мустафа Кемел Ататүрк негиздеген секулярдык саясатты жактоочу "кемелчилердин" тирешүүсү болуп көрбөгөндөй курчуду.
Түркияда ондогон жылдардан бери армия республиканын негиздөөчүсү жана армия офицери Мустафа Кемел түзгөн секулярдык мамлекеттин түркүгү саналчу. Ушул дүйшөмбүдө деңиз күчтөрүнүн мурдагы кол башчысы Озден Өрнөк, Аба күчтөрүнүн мурдагы башчысы Ибрагим Фиртина, биринчи армиянын мурдагы командачысы Эргин Сайгун баш болгон ондогон генералдын кармалышы динди мамлекеттен бөлгөн бул системанын пайдубалын солкулдата баштады.

Ак партия жетектеген учурдагы исламчыл өкмөттүн ырастоосунда, 2003-жылы генералдар тобунун «Эргенекон» деген уюшмасы бул партиянын бийлигин аскердик төңкөрүш аркылуу кулатмак болгон.

Жергиликтүү гезиттердин жазышынча, «Балйоз» же «Балка» деген аталыштагы төңкөрүштүн планы боюнча генералдар Истамбулдагы эки ири мечитти бомбалап, аскердик музейге кол салуу уюштурмак да, бул чабуулдар үчүн жоопкерчиликти исламчыл фундаменталисттерге оодарышмак.

«Хуриет Дейли Нюс» гезитинин кабарчысы Озгур Огриттин айтымында, окуялар мындан ары кандай өнүгөөрүн элестетүү да кыйын:

– Бул Түркия үчүн жаңы көрүнүш, өткөн айдан бери эле күн сайын «Түркияда мындай нерсе биринчи жолу болуп жатат», «Бул генерал биринчи жолу сурак берди, берки генерал камакка алыныптыр, армиянын жашыруун жайы тинтилиптир» деген эле уу-дуу сөз болуп атат.

2007-жылы башталган «Эргенекон» тергөөсү Түркияда Ак партияны колдогондор менен "кемелчилердин" (Ататүрктүн жолун жолдогон секулярдык саясаттын жактоочулары) лагерин кырчылдаштырган окуяга айланды.

Өткөн күндөрү исламчыл жамаатка каршы тергөө баштаган прокурор Илхан Жиханер төңкөрүш уюштургандардын арасында болгон деп камакка алынган эле. Мунун артынан Соттор менен прокурорлордун жогорку кеңеши Жиханердин ишин караган төрт прокурорду тергөө ишинен четтетти. Мындан Ак партия баштаган өкмөт «акыйкаттыкка оор сокку урулду» деп чуу көтөрдү.

Ошол эле мезгилде «Эргенекон» уюшмасы боюнча жүргүзүлгөн тергөөнүн тазалыгына шек келтирген жагдайлар болууда. Секуляризмди колдогон журналисттер, жазуучулар, окумуштуулар суракка алынган менен, бул шектүү уюшманын башчылары ким экени белгисиз.

Камакка алуулар көп учурда тоголок арыз, аты аталбаган күбөлөрдүн көрсөтмөсүнүн негизинде жүргүзүлүп жатканы да суроо жаратып жатат. Айрым айыпталуучулар полиция жалган жалаа жаап жаткандыгын айтышууда.

Анын аралыгында, «бийликтеги исламчылардын кармалган генералдарды соттотууга саясий күч-кубаты жетеби» деген суроо чыгууда. Анын үстүнө, генералдар соттолгон күндө да, сот өкүмүн исламчыларды кыртышы сүйбөгөн Апелляциялык жогорку сот четке кагып коюшу мүмкүн.