Түндүк Кореянын ракета сыноо планы эл аралык коомчулукту дүрбөтүүдө

Сеулда консервативдик күчтөр Түндүк Корея лидеринин сүрөтүн өрттөштү, 27-март, 2009-жыл

Түндүк Кореянын ыраакка учуучу ракетасын алдыдагы күндөрү сыноо планы эл аралык чыңалууну күч алдырды. Бир нече өлкө, анын ичинде Кошмо Штаттары бул сынакты жоопсуз калтырбай тургандыгын эскертишти.
Пхенян анын сынагы Жердин орбитасына коммуникация жандоочун жайгаштырууну гана максат кылаарын айтууда, бирок айрымдар Түндүк Корея ыраакка учуучу баллистикалык ракетасын сынап жатат деп шекшинүүдө.

Эл аралык чыңалууга түрткү болгон ракета Түндүк Кореянын Мусудан-ри базасында учуруучу платформага орнотулуп, кабарларга караганда, ага күйүүчү майды куя башташты.

Пхеняндын өкмөтү Таеподоң-2 ракетасы 4-8-апрел күндөрү учурула тургандыгын билдирген. Ушуга байланыштуу коңшулаш Түштүк Кореяда ракетаны атып түшүрүүнү талап кылгандар баш калаа Сеулда демонстрацияга чыгышты.

Түштүк Кореянын ядролук маселелер боюнча баш өкүлү Ви Суң-лак шаршембиде журналисттерге жолугуп, сынак жоопсуз калбай тургандыгын билдирди:

Бул эл аралык коомчулук токтотууга аракеттенген сынак. Эгер ал ишке ашса, эл аралык коомчулук сөзсүз тийиштүү аракет көрөт. Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинен да жооп болот.

Бирок ал конкреттүү бир согуштук чара тууралуу сөз кылган жок.

2006-жылы ушул эле ракетаны сыноо майнапсыз аяктагандан кийин Бириккен Улуттар уюму Түндүк Кореянын ракета сынактарына тыюу салган эле.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон маселени Вашингтон БУУнун кароосуна койорун эскертүүдө. Бирок Коргоо катчысы Роберт Гейтс учурда АКШнын түндүк кореялык ракетаны атып түшүрүү планы жок деди. Бир эле мезгилде ал «Пхеньян ядролук курал ташуучу континенттер аралык ракета жасап жатат» деген шектенүүсүн билдирди.

Адистердин айтымында, Таеподоң-2 ракетасы Кошмо Штаттарынын Аляска штатына чейин жете алат.

Түндүк Корея эгер анын сынагына карата чара көрүлсө, өзү да чара көрө тургандыгын эскерткен. Бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги бул маселени Бириккен Улуттардын кароосуна койуну «душманчыл аракет» деп баалай тургандыгын билдирүүдө. Пхеньян ошондой эле өзүнүн ядролук программасы боюнча алты тараптуу сүйлөшүүдөн да баш тартаарын айтып жатат. Сүйлөшүү Түндүк Кореянын ядролук иштерин токтоткондугун далилдөөнүн жолдору боюнча талаштардан улам өткөн декабрда токтоп калган.

Ракетанын жолунда калышы мүмкүн болгон Жапониянын Коргоо министри Язуказу Хамада өткөн аптада:

Коргонуу күчтөрү тууралуу мыйзамга ылайык, Түндүк Кореядан келаткан ракета же анын бөлчөктөрү Жапониянын аймагына түшсө, армияга аны жок кылууга буйрук бергендигин бышыктаган.

Хамаданын бул сөздөрүнө караганда, ракета өлкөнүн үстүнөн кырсыксыз өтүп кетсе, жапон күчтөрү чара көрбөйт шекилдүү.

Бирок эгер кырсык болуп, ракетаны жапон күчтөрү атып түшүрсө, Түндүк Корея муну «душманчыл аракет» деп баалап, тийиштүү чара көрөөр, көрбөсү анык эмес.