Михаил Ставскийди Москвадагы Губкин атындагы Мунай-газ университетинен чыгып баратканда эки киши машинага күч менен салып кетишкен. 14-апрелдеги бул окуядан кийин Ставскийден эч кандай кабар болгон эмес. Анын атасы Михаил Ставский мамлекеттик мунай дөө-шаасы болгон Роснефттин вице-президенти.
Бул кылмыш тууралуу оппозициячыл "Новая Газета" 1-июнда жазып чыккандан кийин гана көпчүлүккө маалым болду. Тергөө комитети кийин бул окуя чын экендигин бышыктады. Ага ылайык, тергөөчүлөрдө азыр киши уурдагандардын компютердин жардамы менен тартылган сүрөтү бар, бирок ал сүрөт жарыяланган эмес.
Анын аралыгында, Ставскийдин үй-бүлөсү баласын табууга көмөк болуучу маалымат үчүн сыйлык жарыялады.
«Ким буга жол берди?» деген аталыштагы макаласында "Новая Газета" артында чоң күчтөр турган мамлекеттик ишканага кимдир бирөөлөрдүн сес көрсөтүүгө дааганы өтө таң калыштуу экендигин белгилейт. «Же кылмышкерлер, же алардын жогорку жактардагы колдоочулары жан канчалык таттуу экендигин унутуп коюшкан окшойт» деп жазды оппозициячыл басылма.
Роснефт бул маселени комментарийлөөдөн баш тартты. Бул ишкана вице-премъер Игор Сечиндин көзөмөлүндө деп саналат. Сечин Роснефттин директорлор кеңешин жетектейт, ошондой эле өкмөттөгү коопсуздук кызматтарды жана башка күч агенттиктерди башкарат деп саналат.
Меркатор изилдөө институтунун жетекчиси Дмитрий Орешкин өңдөнгөн эксперттер таламандын так түшүндөгү зөөкүр кол салуу Орусияда мыйзамдын жана тартиптин байдубалы бошоп калгандыгын көрсөтөт дешүүдө:
– Роснефт, биринчиден, өлкөдөгү эң кабелтең мамлекеттик ишкана, ал Сечинге тийешелүү, ошондой эле экономиканын тирөөчү болгон ФСБ (Федералдык Коопсуздук кеңеши) менен тыгыз алакасы бар. Эгер булар Роснефттин балдарын уурдап атышса, демек Владимир Путиндин өлкөдө тартип орнотом дегени курулай ооз көптүрүү.
Орешкиндин пикиринде, кылмышкерлер Сечинди атайын бутага алган жок, күнөө коопсуздук кызматтарынын ээн баштыгын билмексенге салып, бизнеске да кийлигишүүсүнө жол берип жаткан өкмөт башчысында.
Кремлдин колдоочулары кылмыштуу чөйрөлөрү бийлик менен коюн-колтук алышып кеткен учурлар бар экендигин моюнга алышат, бирок кырдаал 1990-жылдардагыдан кыйла оңолду деп ишенишет. Алардын бири Мамлекеттик Думага бийликтеги "Бириккен Россия" партиясынан шайланган аналитик Сергей Марков:
– 90-жылдардагыдан акыбал көп өзгөргөн жок дегендер карандай калп айтышат. Кылмыштуулуктун жана баш-аламандыктын деңгээли ал кезде алда-канча жогору болчу.
Айрым булактар "Новая Газетага" Ставскийди бошотуу үчүн барымтачылар 50 миллион евро сурады деп билдирген, башкалар барымтачылардан эч кандай талап болгон эмес деп айтышкан. Гезиттин билдиргенине караганда, Орусияда акыркы төрт жылда сегиз ишкер же алардын урук-туугандары уурдалган. Анын ичинде, 2001-жылы Лукойл компаниясынын вице-президенти Сергей Кукура уурдалып, кайра бошотулган. Лукойл «6 миллион доллар куткаруу акысын төлөгөн» деген ырастоону четке каккан.
"Новая Газета" Ставскийдин уурдалышы Шилин деген ат менен таанымал Виталий Марченконун колунан келди деп эсептейт. Марченкону киши уурдоого адистешкен, коопсуздук кызматтары менен жакын байланыштагы кылмышкер катары билишет. Ал 2005-жылы камакка алынып, бирок эртеси эле бошотулган. Андан бери Уругвайдан туруп иштейт.
Анын аралыгында, Ставскийди уурдаган деген шектенүү менен мурдагы милиция офицери камакка алынганы маалым болду. Бирок дагы бир конспирация теориясына таянып, газета.ру сайты жазгандай, ал Шилиндин артынан түшүп, өз алдынча жүргүзгөн тергөөдө жылыш жасаганы үчүн жыландын куйругун баскан болушу мүмкүн.