Санкт-Петербургда тажик жаранын атып кетишти

Орус жериндеги тажик мигранттары

Ушул бейшембиде Санкт-Петербургда тажик жаранын белгисиз адамдар сабап, бет талаштыра атып кетишти. Шаардагы тажик диаспорасынын жетекчиси билдиргендей, 26 жаштагы Хошонов Амиршо азыр оор абалда ооруканада. Кылмыш иши козголду, бирок азырынча эч ким кармала элек.
Санкт-Петербургдагы Орус-тажик Сомониен достук коомунун жетекчиси Мирзода Назаринин ушул ишембиде биздин радиого билдиришинче, Хошоновго шаардык ооруканада операция жасалды:

- Пневматикалык тапанчадан бетке атышкан. Ок көзүнө аз гана жерден тийбей калган. Окту мурду аркылуу алып чыгышты. Бүгүн ага экинчи операция жасаганы жатышат. Азыр ал Санкт-Петербугдун Александровский атындагы ооруканада жатат.

Амиршо Хошоновго 3-4 киши кол салган, кол салууну алар видео-тасмага тартып алышкан. Тажик мигранттары ал машинанын номерин чыгарып алып, тартип коргоочуларга тапшырышкан. Кылмыш иши козголгону менен азырынча эч ким камакка алына элек.

- Кол салгандар күмүш түстүү Мицубици жип машинасы менен жүрүшкөн, номери 394. Кайсы региондон экенин билбейбиз. Үч эркектин кнантип Хошоновго кол салганын машинада бир аял видеого тартып отурган. "Бирөөсү: - Алексей, бүттү кеттик, тартып болду" дегенин бир тажик, бир азери, эки орус кишинин кулагы чалган. Бул ишти шаардын кылмыш болгон ооданынын милиция бөлүмү иликтеп жатат. Бир күндөн кийин келип, сурак жүргүзүштү. Баардык документтерди тапшырдык. Азырынча кабар боло элек. Эгер жылыш болбосо, биз прокуратурага кайрылабыз.

Назаринин маалыматында, Орусияда быйыл эле төрт тажик жараны киши колдуу болуп, сөөгү мекенине жөнөтүлдү. Бул окуялар менен катар, экономикалык кризиске байланыштуу, жумушсуздук өсүп жаткандыктан, бүгүн Орусиядагы мигранттар мекендерине кайта башташты.

"Биздеги тажиктердин 40 пайызы мекенине кайтканы жатат, ал эми калгандары иштеген иши үчүн айлыгын да ала албай, ар кай жерде жашырынып жүрүшөт. Алардын өз арасында да кылмыштуулук күчөп жатат" деп билдирди Санкт-Петербургдагы тажик диаспорасынын башчысы биздин радиого.