Батышта орус падышачылыгынын көркөм өнөрүнө кызыгуу артууда

Лондон көрсөтмөсүндө орус үйлөрүнүн терезелерине кызыккандар көп

Батышта орус элдик көркөм өнөр буюмдарына чоң кызыгуу болгон эмес, андай буюмдарды үзүлө түшүп чогултан коллекционерлер деле жокко эсе. Бирок кийинки кездери жалаң орстар эмес, мурдагы орус империясына кирген элдердин маданиятына кызыгуу кайра жанданууда. Ага ушул айда Лондондо өткөн көрсөтмө айгине болот алат.
«Орус падышасына караган жерлердеги жыгачка оюлган жана боелгон айыл өнөрү» деп аталган көрсөтмө Лондондогу Пушкин үйүндө 18-майда ачылып, 10-июнда аяктады. Бөлмөлөрдө негизинен дыйкандардын жыгач үйлөрүнүн кооздоп оюлган терезе, эшик кашектери, чатыр кырбуулары болду. Мындай оймолор адатта орустардын элдик чыгармаларындагы христианчылыкка чейинки анимизмдин таасирине сугарылган, ошондой эле барок жана арт-нуво кыймылын жолдогон. Кол өнөрчүлүктүн мындай үлгүлөрү Орусиянын айылдарына кайталангыс көрк берип турат.

Салттуу орус үйүнүн сырткы көрүнүшү
Көрсөтмөдө ошондой эле жип ийричү өрмөк, бешик, үстөл, кездемелер коюлду.

Көрсөтмөнүн уюштуруучусу, совет таануучу Роберт Ченсинердин айтымында, орус падышасына караган жерлерден мындай экспонаттар Британияда биринчи жана акыркы жолу 1901-жылы көрсөтүлгөн. Ага ылайык, Орусияда кара, темир жолдор көбөйгөндөн кийин Батыштан окумуштуулар, эл таанууну каалагандар, саякатчылар көбүрөөк каттай баштаган. Бирок большевиктер төңкөрүшү, Экинчи Дүйнөлүк согуш, кийин Кансыз согуш болуп отуруп, бул аймактарга чет жактардан киши көп каттай алган эмес.

Лондондогу көрсөтмөдө коюлган экспонаттардын көбү британиялык антикалык буюм-тайымдарды чогулткан Жонн Корналлдын коллекциясынан алынды. Корналлдын айтымында, айрыкча орус үйлөрдүн оймолонгон терезе, эшик кашектери кызыгуу туудурууда. Алар менен айрымдар үйлөрүн, алтургай мекемелердин ичин жасалгалашат.

Ал эми Орусиянын өзүндө мындай жасалгасы бар үйлөр кароосуз калган учурлар сейрек эмес. Томскиде мисалы 1980-жылдары 3 миңге чукул жыгач үйдү тарыхый эстеликтердин катарына кошуу мүмкүн болгон, бирок 2003-жылга чейин алардын 70 пайызы дээрлик бузулуп кетти.

Уюштуруучулардын үмүттөнгөнү, Лондондогу көрсөтмө Батышта орус жана ага коңшулаш элдердин тарыхына кызыгуу жаратуу менен бирге, балким ал элдердин өзүндө жергиликтүү бийликтерди мындай көркөм өнөр үлгүлөрүн сактап калууга көбүрөөк көңүл бурууга куштарлантаар.