Орус мыйзамдарына ылайык, чет өлкөдөн каржыланган, саясат менен алектенген өкмөттүк эмес уюмдар «чет өлкөлүк агент» катары таанылат.
«Коррупцияга каршы күрөш фонду» сырттан бир да тыйын албаганын билдирип, муну орус бийлигинин кысымы катары баалады.
Юстиция министрлиги «Коррупцияга каршы күрөш фондун» «чет өлкөлүк агенттердин» катарына кошуу тууралуу чечим аталган мекеменин Москва шаардык бөлүмүнүн иликтөөсүнүн негизинде кабыл алынганын билдирди. Бирок анда эмнелер текшерилип, аныкталганын тактаган жок.
Аталган фонддун өкүлү, саясатчы Любовь Соболь муну саясий буйрутмага теңеди. Ал фонд ишмердигин улантып, мындан ары деле иликтөө иши токтобой турганын айтты:
- Мунун баары - биздин фонддун ишин, иликтөөлөрүбүздү токтотууга, оозубузду жабууга багытталган саясий чабуул. Бирок биз ишибизди токтотпойбуз. Жарандардын укуктары жана кызыкчылыктары, Конституциянын иштеши жана соттордун өз алдынчалыгы үчүн мындай ууру бийликке карабай күрөштү андан ары улантабыз.
Алексей Навальный Юстиция министрлигинин чечимин мыйзамсыз деп атады жана муну «Путиндин буйругу» деп билдирди. Фонд чет өлкөдөн бир да тыйын албаганын, Орусиянын жарандарынын гана жардамы менен иш жүргүзүп келгенин билдирди.
Навальный «Твиттердеги» баракчасына «Юстиция министрлигинен чет өлкөдөн тыйын алганыбызды далилдеп, ачык түшүндүрмө беришин талап кылабыз» деп жазды.
Ушул жылдын август айынын башында Тергөө комитети «Коррупцияга каршы күрөш фондуна» «арам акчаны адалдаган» деген айып менен кылмыш ишин козгогон. Башында 1 миллиард рубль тууралуу айтылган, кийин бул сумма 75 миллион рублга азайган.
Тергөө материалдарында «аталган фонддун кызматкерлери 2016-2018-жылдар аралыгында ири суммадагы чет өлкөлүк валюталарды алып турган, аны адалдоо максатында бир катар банктардагы эсептерине банкоматтар аркылуу акча которгон» деп айтылган.
Соттун чечими менен бул фонддо жана Навальныйдын штабдарында иштегендердин жүздөн ашык эсеби жабылган.
«Коррупцияга каршы күрөш» фонду бул акчаны тарапташтары менен санаалаштары бергенин айтып келет.
Дагы караңыз Европа соту: Навальныйдын ишинде саясий өңүт барӨткөн айда бул кылмыш ишинин алкагында фонддун Орусиянын кырктай шаарындагы кеңселери тинтүүгө алынган. Навальный жана анын санаалаштары орус бийлиги таасирдүү аткаминерлер аралашкан коррупциялык иштерди иликтөөгө тоскоол болуп жатат деп айыптаган.
«Коррупцияга каршы күрөш» фонду 2011-жылы түзүлгөн.
Орусияда «чет өлкөлүк агенттер» тууралуу мыйзам 2012-жылы кабыл алынган. Документке ылайык, чет өлкөлөрдөн акча алган жана ишмердиги саясат менен байланышкан коммерциялык эмес уюмдардын баары ушул тизмеге кошулат. Мындай уюмдардын ишмердиги кандай критерий менен аныкталары мыйзамда так жазылган эмес.
Мындан бир жыл мурда чет өлкөдөн каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттарын дагы «чет өлкөлүк агенттердин» тизмесине кошуу тууралуу мыйзам кабыл алынган. Кийин Мамлекеттик Дума жеке адамдарды да бул тизмеге кошуу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизген.
Ушул тушта Орусияда Юстиция министрлигинин чечими менен 150дөн ашуун коммерциялык эмес уюмдар жана бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары «чет өлкөлүк агент» катары таанылган. Алардын арасында «Добуш» ассоциациясы, «Адам укугу үчүн» кыймылы, «Мемориал» укук коргоо борбору, «Кыйноого каршы комитет», «Азаттыктын» орус кызматы, «Америка добушу» жана «Настоящее время» телеканалы бар.
Орусиянын президенти Владимир Путинге Алексей Навальный тууралуу бир канча жолу суроо берилген, өзү дагы сөз кылганы менен аны атынан бир да жолу атаган эмес.