Ишембиде Орусиянын федералдык субъектилеринде 19 губернатор, 13 аймагында жергиликтүү депутаттар шайланды. Жалпысынан өлкө боюнча учурдагы бийликтин талапкерлери жеңишке жетти.
Бир гана Москвада Шаардык думага оппозициядан Коммунисттик партия, "Яблоко" жана "Справедливая Россия" партияларынын 20 талапкери өтүп, калган 25 орунду бийликке ыктагандар ээлешти.
Добуш берүү күнү шайлоодон талапкерлиги четтетилген Любовь Соболь оппозициянын жеңиши Москвадан башталарын белгилеген.
"Азыр Москванын шаардык кеңешинде «Единая Россия» партиясынын өкүлдөрү отурат. Кеңеште москвалыктардын кызыкчылыгын коргогон саясий күчтөр жок. Акыркы беш жылда Мосгордума бир да көйгөйдү чече албады".
Июль айында шайлоо комиссиясы Мосгордумага 20дан ашуун көз карандысыз талапкерди каттабай койгон. Бул нааразылык жүрүштөрүнө негиз болгон. Шайлоодон талапкерлиги алынгандар арасында Cоболдон тышкары Кремлди сындап жүргөн Дмитрий Гудков, Илья Яшин, Иван Жданов бар.
Саясатчы Алексей Навальный Москва шаардык кеңешиндеги «Единая Россия» партиясынын монополиясын жоюуга көмөктөшүп, көз карандысыз талапкерлерге добуш бергендерге "Твиттердеги" баракчасы аркылуу ыраазчылык билдирди.
Ал эми Москва мэри Сергей Собянин шайлоого «эмоционалдуу болду жана чыныгы атаандаштыкты көрдүк» деп баа берди.
Эскерте кетсек, Мосгордумага «Единая Россиянын» популярдуулугу кескин түшүп кеткендиктен, анын өкүлдөрү талапкерлигин өз алдынча койгон.
Социолог, экономист Михаил Дмитриев москвалыктардын эки айга созулган нааразылык жүрүштөрү менен өз талапкерлерин коргоо аракетин демократиялык эркиндик үчүн күрөштүн күчөшү катары баалады.
"Соңку жылдары жарандардын саясий эркиндик үчүн талабы кескин жогорулады. Саясий эркиндикке азыркыдай талап акыркы 15-20 жылда байкалган эмес. 90-жылдардын биринчи жарымында адамдарга башка нерселер керек эле. Аларда чет өлкөгө эркин чыгып, эркин ишкердик кылууга талап бар болчу. Башкача айтканда, экономикалык эркиндик менен жеке жашоону урматтоо биринчи орунда турчу. Эми болсо демократиялык процедуралар менен саясий эркиндик биринчи орунга чыга баштады".
Шайлоого көз салган «Голос» коомдук кыймылы өлкө боюнча 1708 мыйзам бузуу катталганын билдирди. Алардын басымдуусу Москвада, Санкт-Петербургда жана Казанда катталган.
Татарстандын баш калаасында белгисиз адамдар бюллетендерди топтоп, урнага салып жатканы видеого түшүп калган. Орусиянын башка аймактарында да шайлоо бекеттеринен тартылган мындай видеолор Интернетте байма-бай чыгып жатат.
Жер-жерлерде бюллетендерди топ-тобу менен таштагандан тышкары адамдарды добушканаларга ташып келгендер да болду. Санкт-Петербургдагы 134-шайлоо бекетинде кайда катталганы белгисиз жоон топ курсанттар добуш беришкен.
Мындан тышкары шайлоо күнү көз карандысыз байкоочулар ар кандай коркутууга кабылды. Оппозициячыл Алексей Навальныйдын Санкт -Петербургдагы штабы шайлоо бекетинде эки байкоочуга белгисиз бирөөлөр кол салганын билдирди. Красноярскиде белгисиз бирөөлөр шайлоо бекеттерине бараткан журналисттер менен байкоочулардын жолун тороп чыгышкан.
Орусияда бул жолку шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн активдүүлүгү салыштырмалуу солгун болду. Адатта шайлоодо алдына эч кимди чыгарбаган Башкырстанда 65% гана киши добуш берсе, Санкт-Петербургда 24%, ал эми Москвада 17 эле пайызды түздү.