Батукаевдин иши балдар онкологун каматты

Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу дарыгер Эмил Макимбетовду камакка алды.

Онколог «кримтөбөлгө айыккыс дартка чалдыкканы тууралуу жалган аныктама берген» деп айыпталып жатат.

2013-жылы Нарын шаардык соту Батукаевди дарыгерлердин корутундусунун негизинде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоткон.

Буга чейин башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Батукаевдин ишин тергөө ушул жылдын башында кайра жанданганын маалымдаган.

Дагы караңыз Сот бошоткон кримтөбөлдөр

ИИМ кылмыш дүйнөсүнүн лөгү атыккан Азиз Батукаевдин абактан бошоп кеткени боюнча ишти тергөө кызматы иликтеп жатканын билдирди.

Онколог дарыгер Эмил Макимбетов ошол иштин алкагында камакка алынганын, азырынча тергөө кызыкчылыгынан улам кеңири түшүндүрмө берилбесин маалымдады.

Укук коргоочу Турсунбек Акун акыйкатчы кызматынан Азиз Батукаевге байланыштуу кеткен. Ал катардагы дарыгерлер гана эмес, ошол кезде медицина тармагын жетектегендердин да жоопкерчилиги каралышы керек деп эсептейт:

Турсунбек Акун

«Эмне үчүн жалгыз эле Турсунбек Акун курмандыкка чалынышы керек? Эмне үчүн башкалар кызматтан кетпеши керек? Ушул убакка чейин Батукаевге байланыштуу жаманатты болуп жүрөм. Элдин көзүнчө шылдың кылып, кызматтан кетүүгө мажбур кылышты. Мен ошол дарыгерлердин аныктамасынын негизинде "бошотулушу керек" деп айттым да. Адам укугу боюнча конвенцияда "эгер соттолгон адамга "өлөт" деген диагноз коюлса өлгөнгө чейин аны туугандарына чыгарып берүү керек" деген жери бар. Мага Нарындан чыгып, "ак кан" экен деп айтты, дарыгерлердин корутундусун факс менен жөнөтүштү. Мен ошонун негизинде "андай болсо чыгаруу керек" деп айттым. Мени убагында "100 миң доллар алган" деп жазышты. Ушул убакытка чейин кайсы жерде болсо да жалгыз жаманатты болуп жүрөм», деди Акун.

Жогорку Кеңештеги «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиев Азиз Батукаев түрмөдөн бошоп чыгып кеткен учурда Жаза аткаруу кызматынын төрагасы болуп турган. Депутат ушул тушта Батукаевдин ишин кайра кароону талап кылып келет:

Зарылбек Рысалиев

«Мени "Рысалиев кызыл килем төшөп, Батукаевди узатты" деп күнөөлөшпөдүбү. Өздөрүнүн күнөөсүн жабуу үчүн мени таза жеримден күнөөлөштү. "Эгер мен аны аэропортко узатып барсам, анда ошол сүрөттөрдү, видеолорду көрсөтпөйсүңөрбү?" дегем. Башкы прокуратурага барып, УКМКга айтып жатып, өзүм көрсөтмө берип, депутат болуп келгенден кийин Батукаевдин ишин атайлап козготтум. "Ак ийилет, бирок сынбайт" дегендей бүгүнкү күндө Батукаевди кимдер бошотуп, кимдер узатканы белгилүү болуп жатат. Мен Батукаевге килем төшөп аэропортко чейин узатып, Чеченстанга чейин жеткирип барганым чын болсо Текебаев мени ошондо эле каматып салмак».

Азиз Батукаевдин түрмөдөн чыгып кеткенин териштирүү үчүн убагында Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия ошол кездеги жооптуу бир топ адамдардын жоопкерчилиги каралышы керек деген корутунду чыгарган.

Депутаттык комиссиянын мүчөсү, экс-депутат Равшан Жээнбековдун пикиринде, жалгыз дарыгерлердин камалганы туура эмес:

Равшан Жээнбеков

«Дүйнөлүк тажрыйбада ушундай иштерде чоңдорду камаганга аракет кылышат. Эмне үчүн чоңдор ошондой шарт түздү эле, карап, көрүп туруп билмексен, көрмөксөн болду эле? Мисалы, Европада, АКШда "тергөө менен кызматташуу" деген түшүнүк бар. Кылмыш иштеги майда адамдар тергөө менен кызматташып, ал иште ким көрсөтмө бергенин аныкталып, чоңдору камалат. Батукаевдин ишинде бардыгы аралашкан. Бир дарыгерди камап коюу - бул азыркы бийликтин акылсыздыгы, адилетсиздиги жана маселенин маңызын түшүнбөгөнү. Бул жерде ошол кездеги жетекчилердин баары бар. Биз, мен, Текебаев, Болот Шер үчөөбүз муну убагында айтканбыз. Бул атайын "операция" болгон, ошонун негизинде чыгарылган».

Дагы караңыз Калиева: Сотторго басым болбошу керек

​Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева «Азаттыктагы» маегинде Азиз Батукаев боюнча соңку сот чечими кайра каралышы ыктымал экенин айткан, бирок ириде дарыгерлердин жоопкерчилигине токтолгон:​

«Бул жерде жалаң эле судьяларды күнөөлөгөнгө болбойт. Себеби саламаттыгы жактан бошотуп жаткандан кийин буга дарыгерлердин жоопкерчилиги бар. Анткени дарыгер болбогондон кийин биз, судьялар, билбейбиз да. Эгер дарыгерлер «жаза өтөгөнгө болбойт» деп тыянак чыгарып беришсе, соттор ал боюнча чечим кабыл алууга милдеттүү. Бул иш боюнча соттун актылары кайрадан каралышы мүмкүн».

"Ооруган балдар каралбай калды..."

Ал арада өсмө (рак) менен ооруган балдардын ата-энелери башкы прокурорго, ички иштер министрине, Биринчи май райондук сотунун төрагасына кайрылуу жолдоп, камакка алынган онколог Эмил Макимбетовдун бөгөт чарасын өзгөртүп, аны үй камагына чыгарууну өтүнүштү.

"Макимбетов чукул арада алты балага операция жасамак. Бирок камакка алынгандыктан операциялар белгисиз мөөнөткө калды жана балдардын өмүрү коркунучта. Себеби, бул операцияны Кыргызстанда жалгыз гана Макимбетов жасай алат. Мисалы, учурда эки жаштагы наристе чукул жардамга муктаж. Макимбетов бул балага 30-апрелде операция жасамак. Бирок камакка алынгандыктан операция болбой калды. Профессор Макимбетов тергөө менен кызматташуудан баш тарткан жок жана өлкөдөн чыгып кетүү ниети жок. Оорулуу балдардын жалгыз үмүтү - онколог Макимбетовдо. Биздин өтүнүчүбүздү тергөөгө кийлигишүү катары баалабаңыз. Бирок Макимбетов балдар онкологиясында эч кимге алмашкыс дарыгер" деп белгиленет "Помогать легко", "Эргэнэ" коомдук уюмдары, дарыгерлер жана ата-энелер жолдогон кайрылууда.

Дагы караңыз Онкология борборунун тездеткичи тез келсе...

Кайрылууга үн кошкондор арасында 13 жаштагы рак менен ооруган Кириллдин апасы Елена да бар.

"Үч ай сайын барып, профессор Эмил Макимбетовго уулумду текшертип турчумун. Эми кайда барам, кимге кайрылам билбейм (ыйлап). Жарым саат мурда анын камалганын угуп, нес болуп олтурам. Акылга сыйбаган иш. Укканыма караганда азыр ата-энелер аябай кыйналып жатышат. Жок дегенде үй камагына чыгарып бергиле деп кат жазып, кол коюшту. Мен да кол коем", - деди Елена.

Ал эми “Эргене” коомдук фондунун жетекчиси Таалайгүл Сабырбекова дарыгерлерге мындай мамиле саламаттык сактоо тармагын алсыратат деп билдирди:

Таалайгүл Сабырбекова

"Биринчиден, биздин мамлекет дасыккан адистерди сыйлабай калыптыр. Макимбетов балдар онкологиясы боюнча жалгыз профессор. Дарылап эле чектелбей, жаш адистерди да окутат. Анан илгерки бир иш үчүн эле, жооптуу адамдарды эмес, аткаруучуларды камап койгону туура эмес. Убагында ага жогору жактан буйрук келген да, "барып ушул кишини текшер, диагноз кой" деп. Макимбетов кылмышкердин ким экенин билип коюптурбу, дарыгер катары өз ишин аткарды да. Бул жерден дарыгерди жөн эле садага чаап жатышат. Керек болсо дал ушул дарыгерлер эң эле алсыз катмар болот. Анан бийлик барып эле бардык жоопкерчиликти догдурга арта салганы туура эмес. Макул, суракка чакырсын, үй камагына коюп, өлкөдөн чыгып кетпөө сыяктуу чараларды көрүшсүн, бирок балдарды дарылап жаткан адамды эки ай түрмөгө отургузуп коюу менен кайра эле оорулуу балдарга залал келтирип жатышпайбы. Чет элдик онкологдор биздеги бул кырдаалга таң калууда. Кыргызстанда ооруган балдардын көбүн айыктырса болот. Бирок ушундай ич ара тирешүүлөр, негизсиз айыптоолор буга тоскоолдук кылат", - деди Таалайгүл Сабырбекова.

Азиз Батукаев 2006-жылы үй-мүлкүн конфискациялоо менен 16 жылга эркинен ажыратылган. Кримтөбөлгө «киши өлтүрүүгө катышкан, курал-жаракты мыйзамсыз сактаган, мыйзамсыз курал-жарак жасаган, массалык башаламандык уюштурган» деген айып коюлган.

Азиз Батукаевди 2013-жылы апрель айында Нарын шаардык соту «айыккыс ооруга чалдыкканына байланыштуу» деген негизде мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим чыгарган жана кримтөбөл ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Ошол жылы козголгон кылмыш иши эмгиче аягына чыга элек.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.