Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:52

Онкология борборунун тездеткичи тез келсе...


Онкология борборунун балдар бөлүмү.
Онкология борборунун балдар бөлүмү.

Улуттук онкология жана гематология борборуна линиялык тездеткич сатып алуу боюнча жарыяланган тендер аягына чыкты. Анда Эстониянын «MN Medical UN» компаниясы 3,8 млн. долларга заманбап эки жабдуу сатып бермекчи болуп утуп чыккан.

Бирок эстониялык компания жабдууну сатып алууга бөлүнгөн акча доллар менен төлөнүүгө тийиш экенин белгилеп жаткан кези. Ал эми кыргыз тарап азырынча бардык талап-шарттар каралып жатканын билдирди.

«Кумтөр» берген акчага эки аппарат алынат

Онкологиялык дартка чалдыккандарды дарылоого зарыл болгон аппаратты - линиялык тездеткичти сатып алуу боюнча тендер былтыр эки жолу жарыяланган. Алгачкысы түрдүү себептер менен жокко чыгарылган. Ноябрь айында өткөн тендерге орусиялык ООО «ПЭТРУСКо» ишканасы менен Эстониядан «MN Medical UN» ишканасы катышкан.

Улуттук онкология жана гематология борборунун башчысы Эрнис Тилеков «Азаттыкка» эстониялык компания толук аудиттен өтүп, жеңүүчү болгонун билдирди:

Эрнис Тилеков.
Эрнис Тилеков.

- Тендерден эстониялык ишкана утту, бүгүнкү күндө толук текшерүүдөн өтүп, келишимдер түзүлүп жатат. Анткени биз да каалоо-талаптарыбызды аппарат кое турган компанияга айтып, документтер каралууда. Буюрса бир жума аралыгында бул маселе чечилсе, келишимге кол коебуз. Андан кийин өзүнүн процесстери кетет. Тендерде коюлган талаптар боюнча утуп чыккан ишкана келишимге кол коюлгандан кийин алты айдын ичинде алып келип, орнотуп берет.

Эрнис Тилеков линиялык тездеткич аппараты быйыл күзгө чейин онкологиялык борборго орнотулуп, ишке киргизилерин айтты:

- Күзгө чейин коюлат деген үмүттөбүз. Себеби, келишимге кол коюлган соң акчанын он пайызы төлөнөт. Аны алгандан кийин заводго буюртма берип, жабдууну кураштыра баштайт экен. Бул татаал иш, даяр нерсени эле сатып келип кое бербейт.

Онкологиялык дартка чалдыккан бейтаптарды дарылоодо зарыл болгон линиялык тездеткичти сатып алууга керектүү акчаны Кумтөр кенин иштеткен «Центерра Голд» компаниясы 2017-жылы октябрь айында эки тараптуу келишимдин негизинде берген.

Белгилүү болгондой, Кумтөрдөгү экологиялык зыян үчүн кыргыз өкмөтү канадалык инвестор «Центерра Голдду» 2013-жылы сотко берип, 100 миллион доллар кенемте талап кылган.

Бирок 2017-жылы стратегиялык макулдашуу кабыл алынып, Кыргызстан өз доосунан кайра баш тарткан. Анын ордуна «Центерра Голд» онкологиялык кызматты өркүндөтүүгө 10 миллион, жаратылышты коргоого 50 миллион доллар бөлүп берүүгө макул болгон. Экөөнү тең коомдук уюмдун эсебине которуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Чечимге ылайык 2017-жылы сентябрь айында өкмөт «Онкологиялык кызматка колдоо көрсөтүү» коомдук фондун түзүп, инвестор убада берген 10 миллион доллардын 7 миллионун Кыргызстанга бир ай ичинде которгон. Башында фонддун KICB банкындагы эсебине келип түшкөн акча кийинчерээк парламент депутаттарынын талабы менен Борбордук казыначылыкка которулган. Калган 3 миллион доллар азырынча которула элек.

«Центерра» «Азаттыкка» маалымдагандай, буга келишимди аткаруу мөөнөтү кечиктирилип жатканы себеп болууда. Бул маалыматты Финансы министрлиги да ырастады. Министрликтин басма сөз кызматы «Азаттыкка» маалымдагандай, бул каражат бюджеттик акчадан бөлүнүп, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун эсебине которулган.

Улуттук онкология жана гематология борбору тендердеги линиялык тездеткичтин суммасын 352 млн. 26 миң сомго баалаган. Ал эми андан утуп чыккан «MN Medical UN» компаниясы 3 млн. 874 778 доллар же 270 млн. 653 243 сомго 2018-жылы жасалган, жаңы эки линиялык тездеткич сатып келүүгө убада берген.

Тендердин шарты боюнча бул акчанын ичинде аппаратты сатып алып келүү, аны орнотуу жана аппаратты иштетүү боюнча тиешелүү адистерди окутуу акысы да камтылган.

Тендерден утуп чыккан эстониялык компаниянын башкы директору Валерий Трофимовдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, эстон ишканасы линиялык тездеткич аппараттары орнотула турган бөлмөнүн коопсуздук планын бекер чийип берүү милдетин алган.

- Бул жабдуулар жайгашуучу жайга да өзгөчө жогору талап коюлат, - деп түшүндүрдү ал. - Анткени, бул жабдуулар жогорку даражадагы нурларды бөлүп чыгарат. Дубалдар жоон, бетондон курулган болушу керек. Биз муну өзүбүздүн тендердеги документтерибизде баса белгилеп жазганбыз. Бирок кийинчерээк бул имараттын коопсуздук планын да тендердеги көрсөтүлгөн акчанын ичинде чийип берүүгө макул болгонбуз. Аппараттар орнотулуучу имараттар даяр болсо эле биз аны орнотууга киришебиз.

Долларбы, сомбу?

Баары даяр болсо келишимге кол коюу эмне үчүн кечигип жатат? Эми тараптар линиялык тездеткич сатып алынуучу акча валютанын кайсы түрүндө төлөнөт деген маселе боюнча бир пикирге келе албай жатышкан экен. Эстониялык компания аппаратты сатып алууга бериле турган акча доллар түрүндө берилишин талап кылууда.

«MN Medical UN» компаниясынын башкы директору Валерий Трофимов бул талабын тендерге катышкан учурда сунушун доллар түрүндө бергенин белгилеп, сом менен төлөө аппарат сатып алууга кеткен чыгашаны актабай тургандыгы менен негиздеди:

- Биз тендердеги сунушубузду доллар менен бергенбиз. Бизге болсо «төлөмдөр сом менен гана жүргүзүлөт» деп жатышат. Бул бизге туура келбейт. Анткени, тендер документтери боюнча, төлөмдөр сунушталган учурдагы жана сынакка катышкан сунуштарды ачкан учурдагы бекитилген валютанын түрү менен гана жүргүзүлүшү керек. Бизге сом менен алган туура келбейт, анткени биз европалык компаниябыз, бизде кыргыз сому иштетилбейт.

Эстониялык компания учурда төлөмдү доллар менен жүргүзүү боюнча өз сунушуна Кыргызстандын Финансы министрлигинен жана Улуттук онкология борборунан жооп күтүп жаткан кези. Бул маселе боюнча Улуттук онкология борборунун жетекчиси Эрнис Тилеков учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи:

- Биз өзүбүзгө ыңгайлуу жагын карап жатабыз. Болгону бир эле сыйра жолуктук. Биз өзүбүздүн шарттарды айттык, алар өздөрүнүн шарттарын айтышты. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эч ким эч нерседен баш тарткан жок.

Тендердеги талаптар боюнча линиялык тездеткичти коюп берүүчү тарап ага үч жылга кепилдик берет. Андан тышкары, аны беш жыл бою керектүү тетиктер менен жабдып турууга милдеттүү.

«Кумтөр» ишканасы берген 7 млн. доллардын калганына Улуттук онкологияга өсмө (рак) илдетин аныктап, айыктырууга керектүү заманбап жабдуулар сатылып алынмакчы. Алардын айрымдарына да тендер жарыяланды.

Зарыктырган заманбап жабдуу

Онкологиялык дартка чалдыккандарды дарылоочу заманбап аппарат - линиялык тездеткичтин орнотулушун бул ооруга чалдыккан бейтаптар менен кошо бул багытта иштеген дарыгерлер да чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Адистердин пикиринде, бул жабдуулардын ишке кириши Кыргызстанда өсмөдөн каза болгондордун санын алда канча азайтмак.

«Эргене» коомдук фондунун жетекчиси Таалайгүл Сабырбекованын айтымында, бул аппараттарды тандап, сатып алуу боюнча тендер жүргүзүүгө Улуттук онкология борбору узак жана кылдат даярданган.

Чет өлкөлөрдөн атайын кеңешчилер келип, азыркы замандын талабына ылайык, акыркы технологиялар менен иштөөчү жабдуу тандоого туура багыт жана кеңеш беришкен. Таалайгүл Сабырбекова мында Швейцарияда жайгашкан «Онкологдордун европалык мектебинин» ролу чоң болгонун эске салды:

- Бул аппараттар аябай сезгич келет экен, электр энергиясынын өйдө-төмөн чыңалганына жана башка учурларга өзгөчө сезгич болушат. Ошондуктан биздин кеңешчилер эки окшош аппарат алууну сунуш кылышты. Анткени бири токтоп калса экинчисин иштетип кете бергидей мүмкүнчүлүк түзүлөт экен. Биздикилер «акча үнөмдөш үчүн бирин жаңы, экинчисин эскирээк эле ала берсекпи» деп ойлоп атышкан экен. Кеңешчилер буга караманча каршы болушту. Алар андан көрө аппараттын ичиндеги көп пайдаланылбаган шаймандарын алып салып, анын ордуна көбүрөөк талап кылынуучу жабдыктарын кошууну да сунуш кылып, тандашып беришти. Ушул процесс деле узак убакытты алды, эми буюрса аз калды деп күтүп жатабыз.

«Онкологдордун европалык мектебинин» адистери «Эргене» коомдук фонду аркылуу акысыз кеңеш беришкен.

Кыргызстан - онкологиялык илдеттерден каза болгондордун саны боюнча алдыңкы орунда турган өлкөлөрдүн бири. Ажал тапкандардын көпчүлүгү дарттын өтүшүп кетишинен жана залалдуу шишиктин кан аркылуу дененин башка жакка тарап кетишинен улам көз жумат. Анткени хирургиялык жол менен залалдуу шишикти алып койгондон кийин кан аркылуу дененин башка жактарына да тарап кеткен шишик кайра эле башка жерден пайда болушу мүмкүн.

«Эргене» коомдук фондунун жетекчиси Таалайгүл Сабырбекова линиялык тездеткич өсмөнүн 60 пайызын айыктырууга мүмкүнчүлүк түзөрүн түшүндүрүп берди:

Таалайгүл Сабырбекова.
Таалайгүл Сабырбекова.

- Аялдардын басымдуу бөлүгү эмчек шишигинен жапа чегет. Азыр биз жаңы протокол кылып, ошону баштай албай турабыз. Анткени нур терапиясы болмоюнча биз операциянын жаңы түрүн киргизе албайбыз. Азыр чоң-чоң операциялар жасалып, аялдын көкүрөгү толугу менен алынып жатат. Эгер нур терапиясы иштей баштаса шишик гана алынат да, анын тегереги нур менен дарыланат. Анткени залалдуу клеткалар нурду көтөрө албайт, өлүп калат. Аялдардын эмчегин алып салуу организмге терс таасирин тийгизет. Ошондуктан эртерээк линиялык тездеткич аппаратын орнотуу зарыл.

Кыргызстанда онкологиялык дарттар саны боюнча адам өлүмүнө алып келүүчү жүрөк ооруларынан кийин эле экинчи орунда турат. Ушундан улам бир нече жыл мурун жарандык активисттер өкмөттү карап отура бербей, линиялык тездеткич аппаратын сатып алыш үчүн жалпы элди колунан келген жардамын берүүгө чакырып, акча чогулта башташкан.

«Жардам берүү оңой» коомдук фондунун маалыматы боюнча, жалпысынан 60 миң доллар чогулган, бирок «Кумтөр» акча бөлгөнү анык болгон соң чогулган акчаны балдар онкологиясына жабдуу сатып берүүгө жумшоо тууралуу чечим кабыл алынган. Бул тууралуу «Жардам берүү оңой» коомдук фондунун жетекчиси Динара Аляева «Азаттыкка» билдирди:

- 15-февралда бизге Беларустан балдар онкологиясы боюнча кеңешчи келип кетти. Ал биздин балдар онкологиясына кандай жабдуу керек экенин айтып берди. Биз ошол 60 миң долларга жабдуу алалы деп чечтик.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда жыл сайын 6 миңдей адамдан онкологиялык илдет аныкталат, анын жарымынан ашууну оорунун айынан жарык дүйнө менен кош айтышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG