Өзбекстан Сох анклавына эки кошумча көзөмөл бекетин орноткон

Төрт күндөн бери Өзбекстандын Сох анклавынан транзиттик каттамда Кыргызстандын жарандарына ички жарандык паспорт менен өтүүгө уруксат бербей келген. Аталган аймак тургундары 100 чакырымдай Баткен – Бүргөндү – Пүлгөн жолу менен айланып өтүп жатышкан. 21-майда кыргыз тарап Сох анклавын Өзбекстандын негизги бөлүгү менен байланыштырган жолду жапкандан кийин гана кошуналар каттамды мурдагы калыбына келтиришти.
2006-жылы эки тараптын жергиликтүү бийликтери Сох анклавы аркылуу өтүүдө кыргыз атуулдарына ички жарандык паспорт менен (ID карта) каттого макулдашылганына карабай өзбек тарап аталган анклавдан өтүүчү жолдогу көзөмөлдү 17-майдан тартып бир тараптуу өзгөртүп алган.

Транзиттик каттамда ички жарандык паспорт менен эле өтүп жүргөн аталган аймак тургундары 100 чакырымдай Баткен – Бүргөндү – Пүлгөн жолу менен айланып өтүүгө мажбур болгон. Сохту айланып өтүүчү таш жолдун да абалы жакшы эмес, ошондуктан абалды биротоло жөнгө салуу аймак жетекчилигине түздөн түз байланыштуу, дейт айдоочу Кеңешмурат:

- 17-майдан бери айланып өтүп атабыз. Жол начар, ушунчалык кыйын абалда калдык. Биринчи губернатор Айбалаевдин учурунда ал киши чек ара маселелерин жакшы чечип аткан. Азыр Кадамжайдын ары жагында өзбектер чыгып алды.

Ал эми облус жетекчилик кызматына киришкенине бир жума болгон Султанбай Айжигитов Убактылуу өкмөт аймак калкынын абалын билип 1 млн. сом бөлүп, ушул айланма жолду убактылуу оңдоп түзөө иштерин баштадык деп айтты:

- Чек аралардан өтүү проблемаларын эң эффективдүү чечүү үчүн Атамбаев менен сүйлөшүп, ал киши 1 млн. сом бөлүп берди эле. Азыр грейдер салып, жолду тегиздеп баштадык.

Ал эми Самаркандек айылынын тургуну, жеке ишкер Эсенали Юсупов 1 млн. сарпталган убактылуу тегиздөө бир жамгыр жааганга чейин туруштук берет, андан кийин жолдун абалы кайрадан эле баягыдай болуп калаарын, маселени биротоло чечүү керектигин айтат:

- Азыр Сох анклавын жаап салып, биз айланып өтүп атабыз. Азыр жолду тегиздеп атат. Бул жакшы, бирок бир жамгырдан кийин багы эле өңүнө түшөт. Эгерде жолду асфальт менен төшөп берсе, ушул Сох жолун жаап таштаса болот.

Облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев Сох анклавындагы каттамдарды жөнгө салуу үчүн Өзбекстандын да биздин аймактан өтүүчү жолун жабууга туура келгенин, 4 сааттык чек араны жабуу төрт күндөн берки маселени чечткенин, абал турукташканын айтат:

- Биз үч күн алдын ала аларга эскерттик. Бекетти жапкандан кийин төрт саатан кийин алар КР жетекчилигине, чек ара кызматынын жетекчилерине чыккан. Өзбек Республикасы кечирим сураган, биз андай жолго барбайбыз, Сохтон документиңерди көргөзүп өтө бергиле деген. Ошондон кийин биз бекетти кайра ачтык.

Кыргызстан ичинде турган 45 миң калкы бар Сох анклавындагы каттам азырынча калыбына келгени менен биротоло чечилди деп айтууга болбойт. Анткени өзбек кошуналар акыркы айларда эле дагы эки кошумча көзөмөл бекетин орнотушкан.