Израилде өкмөттү оппозиция курайт

Биньямин Нетаньяху менен Бенни Ганц.

Израилде президент Реувен Ривлин өкмөт куроо укугун оппозицияга тапшырды.

Мунун алдында премьер-министр Биньямин Нетаньяху саясий атаандашы Бенни Ганц менен чогуу башкаруучу коалиция түзүү тууралуу орток пикир тапкан эмес.

Соңку 12 айдын ичинде Израилде үч жолу парламенттик шайлоо өттү. Нетаньяху менен Ганц өкмөттү ким жетектеши керек деген маселеде тил табыша албай келет.

Израилдин президенти Реувен Ривлин жекшембиде кечинде «Ликуд» партиясынын лидери, премьер-министр Биньямин Нетаньяху менен «Көк жана ак» партиясынын төрагасы Бенни Ганцты чукул сүйлөшүүгө чакырган. Анда тараптар өкмөт куроо боюнча дагы орток пикир таба алган жок. Мындан улам президент өкмөт куроону оппозиция лидери Бенни Ганцка тапшырды:

«Мына ушинтип, мен сизге өкмөт куроого мүмкүнчүлүк берем. Мыйзам боюнча сизге эртеңден баштап өкмөт түзүүгө 28 күн каралган. Бул кыска мөөнөт. Бирок азыркыдай кыйчалыш абалда, улуттук жана эл аралык деңгээлде бул өтө эле узак мөөнөт», - деди Ривлин.

Мунун алдында айрым жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары Бенни Ганцты Кнессеттеги 120 депутаттын 61и колдогонун, ошондуктан өкмөт куроо укугун алышы ыктымалдыгын жазып чыгышкан эле. Бенни Ганц мындай укук колуна тиери менен чукул арада башкаруучу коалиция түзүп, өлкөнү саясий каатчылыктан алып чыгууга убада берди.

Дагы караңыз Израилде Нетаньяхунун тагдыры чечилүүдө

«Мен сизге бир канча күндүн ичинде мүмкүн болушунча кеңири жана мекенчил өкмөттү куроого болгон аракетимди жумшайм деп сөз берем. Азыраак сүйлөп, көбүрөөк иштегенге мезгил жетти. Биз коронавирусту жеңебиз, каатчылыктан да чыгабыз. Анткени биздин үмүтүбүз өчө элек».

Кнессетте башкаруучу коалиция түзүү үчүн 61 депутаттык мандат керек. Бенни Ганц коррупцияга айыпталган саясатчы менен бирикпей турганын буга чейин бир канча жолу билдирген.

60 жаштагы Бенни Ганц Израил армиясынын Башкы штабын жетектеген. Ал генерал наамын 39 жашында алган. 2011-жылы Ганцка аскердик эң жогорку генерал-лейтенант наамы ыйгарылган. Ал Биньямин Нетаньяху менен 2018-жылдан баштап ачык атаандаша баштаган. Ганцтын партиясын Израилде «генералдар партиясы» деп да тергешет. Анткени бул партияда Ганцтан башка дагы эки генерал бар жана алар дагы Израил армиясынын Башкы штабын жетектешкен.

Израилдеги саясий каатчылыктан чыгуунун жападан жалгыз жолу катары атаандашкан эки партиянын лидерлеринин кезектешип премьер-министр болушу каралып жатат. Өлкө тарыхында мындай учур катталган тажрыйба бар. 1980-жылдары Шимон Перес менен Ицхак Шамир ушундай ыкма менен кезектешип премьер-министр болгон.

Дагы караңыз Араб лигасынын ачуусуна тийген убада

Израилде соңку шайлоо 2-мартта өткөн жана анда Биньямин Нетаньяху «Ликуд» партиясы жеңгенин жарыялаган. Ал эми премьер-министрдин башкы саясий атаандашы Бенни Ганцтын «Көк жана ак» партиясы марага экинчи болуп келген. Үчүнчү орунга «Бириккен араб тизмеси» чыккан. Төртүнчү орунду «Израил - биздин үй» партиясы алган.

Бул добуш берүү соңку 12 айн ичиндеги Израилдеги үчүнчү шайлоо болуп калган. Буга чейинки эки шайлоодо да Нетаньяху менен Ганцтын партиялары алдыга чыгып, «ит жыгылыш» болгон. Экөө коалициялык өкмөт түзүү боюнча орток пикир тапкан эмес жана ошондон улам парламент эки жолу мөөнөтүнөн мурда тараган.

Нетаньяху «Ликудду» 2006-жылдан бери жетектеп келет жана премьер-министр болуп 2009-жылы дайындалган. Андан мурда 1996-1999-жылдары дагы өкмөттү жетектеген.

Ал өлкө тарыхында премьерлик кызматта турганда айып коюлган биринчи адам болуп калды. Башкы прокуратура ага «Пара алуу», «Көз боёмочулук» жана «Ишенимди кыянат пайдалануу» деген беренелер менен кылмыш ишин козгогон. Анын соту 16-мартка белгиленген, бирок коронавируска байланыштуу жагдайдан улам кеминде эки айга жылдырылды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​